Кыргызстандын маданий мурастары

Жазылуу
ЮНЕСКО 1997-жылдан тарта жалпы адамзат үчүн баалуу деп эсептелген табигый жана колдон чыккан объектилерди аныктоо боюнча иш жүргүзүп келет. 2003-жылдан баштап уюм ар кыл маданияттын материалдык эмес мурасын сактоо жаатында иш алып барат.

Кылымдарды карыта жашап, колдогу көр оокатты эмес, көкүрөк-көөдөндөгү жан байлыкты туу туткан көчмөн кыргыз элинин бүтүндөй дүйнө таанымын, жашоо тиричилиги менен салт-санаасын "Манас, Семетей, Сейтек" эпикалык үчилтиги 2013-жылдын 4-декабрында жалпы адамзаттын материалдык эмес маданий мурасы деп таанылып, бир добуштан ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген.

Андан бир жыл мурун, 2012-жылы бул тизмеге ала кийиз менен шырдак кирсе, 2014-жылдын 27-ноябрында Кыргызстан менен Казакстандын атынан боз үй даярдоо боюнча салттуу билим жана ыкмалар адамзаттын жалпы байлыгы катары бааланган.

Быйыл кыргыз-казак элине орток "Айтыш" өнөрүнүн адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын тизмесине кирди.

Мындан тышкары, кыргыздын улуттук баш кийимдери — калпак менен элечек жана "Салбурун" оюну даярдалып жатат.

Манасчы манас айтуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жети күндүк "Манас айтуу" иш-чарасы соңуна чыкты
Ал эми ЮНЕСКОнун материалдык маданий мурас тизмесине 2009-жылы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплекси киргизилген. 2014-жылы Кызыл-Суу (Невакет), "Ак-Бешим" (Суяб) шаар чалдыбарлары жана "Бурана" республикалык археология-архитектуралык музей комплекс-мунарасы киргизилген. 

Учурда ЮНЕСКОнун материалдык маданий мурас тизмесине "Жибек Жолу" номинациясынын алкагында төмөнкү эстеликтер даярдалууда:

  • Өзгөн шаарындагы археология-архитектуралык музей-комплекс; 
  • Оштун Кара-Суу районундагы Мады шаар чалдыбары;
  • Ала-Бука районунун Сафид-Булан шаарындагы мамлекеттик "Шах-Фазиль" тарыхый-маданий музей-коругу;
  • Чаткал районундагы Идрис пайгамбардын күмбөзү менен Күлбөсхан шаар чалдыбары; Талас облусундагы "Манас Ордо" улуттук комплекси;
  • Ат-Башы районундагы Таш-Рабат жана Кошой коргон  эстеликтери; 
  • Кочкор өрөөнүндөгү эстеликтер;
  • Тоң районундагы Кан-Дөбө шаар чалдыбары даярдалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0