Баасы асман чапчыган америкалык ракеталардан майнап чыкпады. Сереп

© Фото / Air Force / Giancarlo CasemАКШнын AGM-183A гиперүндүү ракетасы. Архив
АКШнын AGM-183A гиперүндүү ракетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Жазылуу
Алгачкы америкалык гиперүндүү ракетанын прототибинин ийгиликсиз сыноолору Кошмо Штаттардын Россия жана Кытайдан технологиялык жактан кыйла артта экенин айгинелейт. Аталган эки мамлекет гиперүндүү ракеталар менен бир нече жыл мурун куралданган.

Жогорку технологиялар метафизикалык түрдө Вашингтондун геосаясаттагы пас максаттарынан улам алыстагандай.

АКШнын Аскердик-аба күчтөрү узаган айдын соңунда, 28-июлда, дагы бир жолу AGM-183A Air-Launched Rapid Response Weapon (ARRW) гиперүндүү ракеталарынын учушун сынап көрүп, шаабайы сууду. Иштелип чыккан Super duper missile (Дональд Трамптын мүнөздөмөсү) Түштүк Калифорния жээктеринде B-52H Stratofortress бомбалоочусунан бөлүнүп, бирок реактивдүү тартылуу күчү болбоду. Прототип Тынч океанга кулап түштү. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ошол сыноого сереп салып, дүйнөдөгү гиперүндүүлөр жаатында жагдайга да токтолгон.

Апрель айында да сыналып, AGM-183A ракетасы аны ташуучу учактын канатынан бөлүнбөй калып, Эдвардс авиабазасына кайткан. Салыштырсак, россиялык гиперүндүү «Кинжал» ракеталык комплекси 2017-жылдын декабрында РФ Аба-космостук күчтөрүнө кабыл алынган. Гиперүндүү «Авангард» блоктору Россиянын Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрүндө 2019-жылдан тарта күзөтүп келишет.

Пекин шаарындагы аскердик парад. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
ЖМК: Кытай өзөктүк курал үчүн 110 шахта куруп жатат. Сүрөттөр
Россиялык Аскердик-деңиз флоту кемеге каршы «Циркон» гиперүндүү ракеталарынын мамлекеттик сыноолору аяктап барат. РФтин Аба-космостук күчтөрү үчүн чоң аралыкка ылайыкталган Х-95 гиперүндүү ракетасы иштелип чыгууда. Келечектүү гиперүндүү ракеталарды (ARRW) иштеп чыгуу АКШда 2022-жылы аяктаары болжонгон. Анан да AGM-183A үлгүсүндөгү бардык бирдиктер “мүнөздөмөлөрү боюнча россиялык аналогдорунан ашып түшөрү” убадаланган. Анткен менен реалдуулук башканы көрсөтүүдө.

Америкалыктар азырынча гиперүндүү ылдамдыкты 5 Махтан ашыруу аракетинде. Ал эми россиялык гиперүндүү «Авангард» блогу 28 Махка чейинки ылдамдыкта учат. «Кинжал» жана «Циркондордун» ылдамдыгы 10 Махка дейре жетет. Орточо аралыктагы кытайлык гиперүндүү DF-17 ракетасынын ылдамдыгы 10 Махка чейин, КЭР аны менен 2019-жылдан бери куралданып келет. Жүздөгөн миллиард доллар “айланган” америкалык аскердик-өнөр жай комплексинин технологиялык басынуусуна соңку тамчы тамызгандай эле көрүнүш.

Гиперүндүү сатып да алынбас

АКШнын тийиштүү министрлиги келерки каржылык жылга 212,8 млрд. доллар сурап турат. Анын 39 млрд. доллары купуя долбоорлорго жумшалмакчы. 2021-жылдын бюджетине салыштырсак, бул 7,3 млрд. долларга көбүрөөк ($ 205,5 млрд. эле).

Гиперүндүү куралдарды (абага ылайыкталган (ARRW) ракеталарын кошо) иштеп чыгууну каржылоо 386 млн. доллардан 438 млн. долларга жогорулайт. Эске салсак, AGM-183A ракеталарын иштеп чыгуу 2018-жылы башталган. Lockheed Martin компаниясы 480 млн. долларга келишим түзгөн. Долбоордук ыраактыгы – 1 600 чакырым, ылдамдыгы – 20 Мах. Үч жыл аралыгында жүздөгөн миллион доллар сарпталып, бирок AGM-183A прототиби өз кыймылдаткычтары менен бир дагы чакырым багындыра алган жок. The Drive басылмасынын маалыматына таянсак, америкалык Аскердик-аба күчтөрү ARRW учуш сыноолорунун убактысынан жок эле дегенде жети айга кечикти. Эң башында сыноолор 2020-жылдын аягына пландалган эле.

Разминирование восточных районов сирийского города Алеппо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Россияда аскердик роботтордун үлүшү төрт жыл аралыгында 30 пайызга жетет
Бул багытта Кошмо Штаттар Россиядан кеминде он жыл артта. Америкалык гиперүндүү ракеталардын жасалышы АКШнын Аскердик-аба күчтөрү, Аскердик-деңиз күчтөрү жана Армиясы үчүн да бирдей эле даражада ийгиликсиз. Бирок Вашингтон бул типтеги куралды иштеп чыгууга 3,2 млрд. доллар бөлүүгө белсенди.

Америка ааламы көңүлүңдөгү нерселердин жана планетадагы объектилердин баарын, ал түгүл чет өлкөлүк окумуштуу жана саясатчыларды кошо сатып алууга мүмкүн болгон гипермаркетти элестетет. АКШнын аскердик бюджети эбак эле 700 млрд. доллардан ашкан. Бирок дале эбегейсиз акчага да Пентагон үчүн гиперүндүү ракеталарды чыгаруу аскердик-өнөр жай комплексинин колунан келбей турат. Америкадагы гиперүндүү курал абалы – көзгө көрүнүктүү, бирок жападан жалгыз мисал эмес.

Вашингтон көп жылдан бери Москвадан РД-180 космостук кыймылдаткычтарын сатып алат. Анткени мындай күчтүү, үнөмдүү, жеңил жана болуп көрбөгөндөй ынанымдуу түрлөрүн чыгаруу технологиясын өздөштүрө алган эмес. Балким кеп акчанын көптүгүндө эместир.

Улуттук мүнөз жана салт-санаага таянган илимий жана чыгармачыл шыктануунун таптакыр башка деңгээли бар. Антпесе илимий мектептердин өнүгүшүн жана чакан эле каражатка Россия же Кытайдын жогорку технологиялык куралдарынын пайда болушун түшүндүрүү мүмкүн эмес.

Мунун баары эмнени көздөйт?

Москва жана Пекин айрыкча өз аймактарын коргоо үчүн гиперүндүү ракеталарын жасады. Эксперттердин Кубага россиялык ракеталардын кайтышы туурасындагы талкуусу жаңы дүйнө түзүмүнүн реалдуу долбоору эмес, жөн гана аскердик-саясий коркутуу эле болушу мүмкүн. Россия Федерациясы жана Кытай аскердик тирешке кызыкдар эмес, жамааттык Батыштын агрессивдүү табиятынын айынан гана куралданууга аргасыз.

Варшава блогунун ыктыярдуу түрдө ыдырашы чыгышта НАТОнун кеңейишине кептеди. ГДР менен ФРГнын биригишине берген Москванын макулдугу Прибалтикада Бундесвердин бөлүктөрү түрүндө “кайтты”. Опкоолжуткан көрүнүштөр тек гана Европада байкалган жери жок. АКШ былтыр августта Пекин жана Пхеньянга сес көрсөтүүнү көздөп, Окинавага келечектүү америкалык F-15EX истребителдерин жана али чыгарыла элек AGM-183 гиперүндүү ракеталарын жайгаштырарын жар салган. Анткени Кытай Эл Республикасы менен Корея Элдик Демократиялык Республикасы “Азиялык-Тынч океан чөлкөмүндө америкалык үстөмдүк солгундайт деп” чочулаган.

Россиянын Ил-96 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Россия "Кыямат күндүн" жаңы учактарын куруу камында. Үчүнчү муундун өзгөчөлүктөрү
Кытайлыктар жана түндүк кореялыктар тарабынан АКШнын коопсуздугуна коркунуч туурасында кеп жок, бирок “үстөмдүгүн” сактап калгысы келсе АКШнын Аскердик-аба күчтөрүнүн жаңы F-15EX оор истребители “Кытай жана Кореядагы жердеги буталарына чабуул коюу үчүн” сөзсүз түрдө гиперүндүү ракеталарды ташууга тийиш. Ал эми бул - Евразиянын 2050-жылдарга, башкача айтканда, америкалык F-15EX истребителдерин пайдаланууга берилишине чейинки келечеги.

Баасы асман чапчыган укмуш ракета учпай турган маалда Кошмо Штаттар быйыл жыл башында сегиз даана F-15EX (1,2 млрд. долларлык келишим) истребителин каржылоону чечти. Биринчи партиясына дээрлик 23 млрд. доллар чыгым сарпталары болжонгон.

Пентагон жана курал-жарак корпорациялары салык төлөөчүлөрдүн каражаттарына маарып турган кезде АКШнын социалдык чөйрөсүндөгү төлөмдөр берилбей, ошондой эле Пентагон тарабынан “демократиялаштырылган” Афганистан ушул тапта ондон ашуун коңшу өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурууда.

Американын миссиясы эмне?

Кошмо Штаттардагы эзелтен бери чыгып келе жаткан The Nation журналы: "Планетанын булуң-бурчунда согуш жүргүзүп жатканда өлкө чындыгында эмне менен алек экени Расмий Вашингтондо дээрлик талкууланбайт", - деп белгиленбейт. Басылма “АКШ үстөмдүк кылуу миссиясын аткарып, ар кандай өлкө жана элдерди эзип, эксплуатациялоодо, башкача айтканда, Антарктидадан тышкары контингенттердин баарында Пентагондун 800 чакты базасы дал ушул нерсе менен шугулданат” деген бүтүмгө келет.

Жаңы технологиялар метафизикалык түрдө Кошмо Штаттардын геосаясатынын пас максаттарынан оолак карманат. Ошондуктан AGM-183A учпайт. Ал эми Россия жана Кытай кыйла алдыга озуп, ал эми бул жарышта башкы байге адилеттүү жана көп полярдуу дүйнө болмокчу.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0