00:44 17 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7960
  • EUR99.8176
  • RUB1.1707
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
117010

Колумнист Нуржигит Кадырбеков бул саам айылдын жашоосуна баам салды. Өзү аралашып келген турмуштагы ирмемдерден окурмандар менен бөлүшүүнү туура көргөн.

Айылда береке мол. Шаардагыга караганда убакыт узун, тамак таттуу, көңүл шат, адамдар арасындагы алака жылуу жана бекем. Абанын тазалыгы, табияттын көрктүүлүгү, теребелдин бейпилдиги жана күндүн салкындыгы айтпаса да түшүнүктүү. Бул – айылдын көзгө көрүнгөн гана артыкчылыктары. Баам салмайын байкалбай турган керемет жактары андан көп.

Көз көргөн нерсе көңүлдө

Бул саам туулган айылыма кыздарымды ала барып, атайын узагыраак калдым. Кыздарым аябай жыргап, каалашынча ойношту. Бээ сүтүн ичкени барган Кара-Кулжанын Кара-Шак жайлоосунун чатындагы жашыл түзөңдө дигерге чейин өздөрү курактуу тентектер менен жаны тынбайт. Түнөгөнү айылга келсек атамдын кең короосунда агаларымдын бала-бакырасы менен көз байлангыча серп этпей чуркап, чурулдашат. Ошентип жаңы досторду күтүп, жакын туугандары менен таанышты. Боор батырышып, бири-бирине мээрими сиңди. Бөтөкөйлөрүмдүн күнгө тотуккан жүздөрү нурданып, көңүлдөрү өсүп, чыныгы балалык бакытка балкыганы көзгө даана байкалды.  Көрсө, энергиясы кичинекей денесине батпай ээликкен жаш балдар шаардагы көп кабаттуу үйдүн батиринде кадимкидей сыгылышат экен. Эртели-кеч эшикке уруксат сурап чыгып, короодогу өңчөй брусчатка басылган, айланасы жапыз кашаа менен тосулган аянтчада чоңураак бирөөнүн көзөмөлүндө санаалуу саат гана ойноп, кайра айдак алдында ичкери кирүүгө аргасыз. Наристе тамактан калса таарынбайт, бирок кызуу оюнун токтотуп үйгө кир десең көзүнө жексур көрүнөсүң. Оюн — бул баланын тек гана көңүл ачуусу эмес, эң кымбат байлыгы жана кубанычы экен. Дене тарбиясы, ааламды таануу жолу, дос-жолдош күтүү мүмкүнчүлүгү, мамиле куруу мектеби, баарлашуу чөйрөсү, өзүн таануу айдыңы экен. Ошондой кымбат нерсесин тартып алган адам бала үчүн же каракчы, же ууру, же жакшылыкты көрө албас зулум, же алтынды жезге айырбаштаган наадан көрүнөрүн боолгоп түшүнсо болот.

“Шаарга кетелиби, үйдү сагындыңарбы?” дейм кыздарыма. Алар макулдашып алгандай “Жок!” деп баш чайкашат. Болбосо, шаардагы шарт алда канча жакшы: ысык суусу даяр, ванна-дааратканасы үйдүн ичинде, көчөсү таштак же топурак эмес зымырап тегиз, сейилдеп, көңүл ачып келгенге көз жоосун алган парктар, аттракциондор бар, кафелеринде түркүн-түрдүү даамдар, таттуу-тарапа жайнайт. Бирок балдардын тандоосу – жолдору боз топурак, ажатканасы тээ короонун четинде жайгашкан, кафе-ресторан аттуунун дайыны жок, даяр ысык суу мындай турсун, муздак суу кээде чыгып, кээде чыкпаган, тамак бышыруу үчүн көң калап от жаккан айыл жергеси болду. Мунун өзү адамдын бактысы көйгөйсүз, комфорттуу жашоодо эмес экендигин, балким көңүлгө, дилге, жүрөккө, адамдар менен алакага, ыкласка байланыштуу болору эсимде жаңыланды. 

Угуп эмес жасап

Жайлоодо түшкү тамакты очокко бышырып жаттык. Кичинекейлерди отун топтоого жумшайбыз. Ар кимиси ар тарапты тинтип, кайдан-жайдан бир тутамдан куураган чырпык таап келишет. Куру кол келгенден уялып, дитин коё атаандашып иштегендери жүзүңө жылмаюуну чакырат. Ошентип тамак асмандан даяр болуп түшпөсүн, адамдын аракети, ак мээнети  менен жасаларын мыкты түшүнгөндөй болушту. Өздөрү салым кошуп бышкан даам жыты буруксуй алдыга келгенде андан бетер бактылуу болушат. “Эмгегиң катуу болсо – татканың таттуу болот” деген ошол да.

Айылда чөп оруп, тоют камдоо иши кызуусуна кирген. “Кыштын камын жайда көр” деп адамдар тегиздерде, тектирлерде тынбай тер төгүп иштешүүдө. Аларды көрүп өзүмдүн өспүрүм курагымды эстедим. Жарма бышыртып, чалап менен катыктап, канистирге толтура куюп чөп чапканы кетчүбүз. Бул иш күчтү, чыдамдуулукту талап кылат. Кыймылга келбеген булчуңуң калбай, кетпеген жерден тер кетет. Суусунду эле кандырбастан азык катары тойгузуп, демиңе, жигериңе булак болгон жарманы улам-улам ичип коюп ишти арбыта бересиң. Чабык бүткөн соң денең ушунчалык чыйралып, ашыкча майлар чымыр булчуңга айланып, өзүңдү тапталган, суутулган аттай сезип каласың. Анан чөп бооламай. Боолаштын түйшүгү көбүрөөк, бирок ташыганга, жыйганга жеңил болот. Азыр чалгы чапкандар азайып, чөптү атайын аппарат менен оруп, атайын машина менен пресстеп калышыптыр. Болбосо, боолабай эле чөмөлө жасашат экен. Ташып жатканда чөмөлөнүн канчасы жолдо чачылат, чөптүн майы-маңызы болгон пыры күбүлүп, сөксөөлү эле калып, берекеси качат, жеңилине качырбай кийинкисин ойлогула деп чоң атам бизге такай боолаттырчу. Заман өзгөрүп, заман менен кошо адам өзгөрө берет тура. Арадан жыйырма жылдан ашык убакыт өткөн соң мен да чөп чабууга катыштым. Мурда бул ишти түйшүк көрсөм, бул саам мезгил мерчемин кезип, бала кезиме кайткандай болуп кызыгып иштедим. Көптөн бери кара жумуштан көл-шал тердей элек экемин. “Күнүгө бешенең тердегенче жумуш жасамайын жегениң адал болбойт” деп бирөөдөн уккам. Мунун чын-төгүнүн билбесем да убагында ак эмгекке кызыгуума аябай шык берген. Ошону эстедим...

Сегизден тогузга караган кызым өмүрүндө биринчи жолу чөптү чөмөлө жасады. “Жайлоодо сүт ичкенге караганда ушинтип чөп жыйнаган сонун экен” деп коёт берилип иштеп жатып. Анын болор-болбос жардамынын бизге кереги деле жок. Бирок ал өзү сонуркап, кызыгып жасады бул ишти. Демек, жаңы нерсени үйрөндү, ачты. Бул да болсо турмуштук тажрыйба жана сабак. Мурда чөп чаап, малга тоют камдоо кандай болорун айтсам элестете алчу эмес, эми өз колу менен аткарып көрдү. Буюрса, биз шаарда дүкөндөн сатып алып ичкен сүт, айран жана жеген эт, каймак кандай катуу мээнеттин үзүрү экенин түшүндүрүү эми оңой. Бала үчүн сенин бергениңден да өзүнүн көргөнү мыкты тарбия тура.

Эл — энциклопедия

Айылда эки күндө төрт адам ээк какты. Улуусу Абсалам аксакал 83кө таяса, кичүүсү Замирбек эми 45ке чыккан экен. Нарбай ага 53тө, Сапарали ава 69да болчу. Ар кимиси ар кандай дарттан улам акырет кетишти. Алардын жаназасына катыштым. Далайдан бери көрбөгөн айылдаштарым Тагай, Таир агайларымды, Карай акени Замирдин тажыясында жолуктуруп, баарлашып турдук. Ошол жерде бир кызык маалымат уктум. Караган гүлдөгөн жана булак муздаган кезде негедир өлүм-житим, оору-сыркоо көп болот дечү экен бабаларыбыз. Карылыгы жеткен айылыбыздагы бир эненин: “Караган гүлдөгөн учурдан өтүп алдым. Алла кырсыктан сактаса эми булак башы муздаган учурга чейин жашагым бардыр, балким”, — дегенин эскеришти. Азиреил бирдеменин гүлдөшүн, бирдеменин тоңушун күтүп отурбай Жараткандан буйрук болгон көз ирмемде кимдин болбосун жанын сууруп аларын түшүнсөм да, бабалардын бул байкоосу тегин айтылбаса керек деп ынандым. Сөздөн сөз чыгып отуруп, караган гүлдөгөн маалда мекиян кекиликтер жумуртка басып, короздору бош каларын билдим. Ошондо мекияндын үнүн жаздырып алып кекилик төрлөгөн жерге барып жаңырта койсоң, короздору кайдан-жайдан бат эле топтоло калат дейт Таир агай. Ошондо мергендер далайын сулата атып олжого тунат тура. Кыраакы байкоо менен кылымдап жыйналган элибиздин акыл-тажрыйбасы кандай бай, кандай кызыктуу. Бул үйрөнгөндөрүмдү кечинде үйдөгүлөргө айтып берсем, улуу агам Орозбек: “Айыл эли ушундай энциклопедия”, — деди укканына муюй.

Ар кандай курактагы ар башка адамдын удаа чын дүйнөгө сапар алышы бул дүйнөнүн утурумдук коногу экенибизди дагы бир жолу эске салды. Байлык да, бала-бакыра да калат экен. Өзүбүз менен кошо ала кетчү канча кайрымдуулугубуз, муктажга берген жардамыбыз, Жаратканга ибадатыбыз, соопторубуз бар? Ушуларды ойлодум...

Кыларга жол, кылбаска шылтоо толтура

Чөлдөн кум көрбөсөң кызык эле. Ушул тапта айылда айран, сүт, каймактын жоктугу мага ошондой эле сезилди. Тоолуу, жайлоосу жакын, чөп-тоюту берекелүү айыл боло туруп уйду кантип багабыз деп көбү жайлоого чыккандарга кошуп беришет. Торпогу менен бирге агытып жибергендер да бар экен. Саачу сүттү сааштан зеригүү, кудай сактасын, ырыскыга кылган кыянаттык эмей эмне? Мурда ачкачылык заманда бир эчкини саап ичмекке адамдар жайлоого чыгышчу экен. Эми минтип ак сааштан зеригип, кесирленип жатабыз. Акыбети кандай болот? Убалы жетип, кесепетин көрбөсөк экен. Кара-Суу, Араван, Ош тарапта болсо жайыты жоктугуна карабай арык четтеринде оттотуп, жер-жемиштердин кабыктарын берип, жемдеп багып уй саап, үзүр-жыргалын көрүшөт. Кылам десең жол, кылбайм десең шылтоо табыла берет экен, айтор.

Айылда жашоо керемет...

Тема боюнча

Жабыла көтөргөн жүк жеңил болот. Кыргыздын канындагы берешендик кайда кетти
Белгилер:
айыл, турмуш, жайлоо, чөп, улар, тажия, бала, тарбия, энциклопедия, кафе, шаар

ЭҢ МААНИЛҮҮ