Кайдан келгениңди унутпасаң кайда баратканыңды унутпайсың. Моюндагы аманат

© Sputnik / Табылды КадырбековГапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейи
Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Эл аралык музей күнү. Музейлер — бизге бай тарыхыбызды чагылтып берген күмүш күзгү, бабалар чыйыр салып, аталар улантып, азыркы күнгө жеткире курган улуу жолду таанытчу алтын ордо дейт колумнист Нуржигит Кадырбеков.

Музей аркылуу тээ илгери өткөн замандарга зыярат кылып, анын ичине сүңгүп, өзгөчөлүгүнө үңүлөсүң. Андагы экспонаттар, табылгалар, атайын жасалган композициялар өткөн доорлордун элестерин, оош-кыйыштуу окуяларын жаңыртып, бир жагынан кайдан келгенибиз тууралуу терең ойго чөмүлтсө, бир жагынан сыймыкка бөлөйт.

Кыргызстанда мамлекеттик, жеке, муниципалдык болуп бардыгы 117 музей бар. Анын 57си Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин көзөмөлүндө. Негизинен мемориалдык, краеведдик, тарыхый, этнографиялык, археолого-архитектуралык, ачык асман астындагы жана көркөм-сүрөт тармактарына бөлүнүп иш алып барышат. Алардын элибиздин маданий-тарыхый мурасын сактап, кийинки муундагыларга табыштоодо жасап жаткан эмгеги эбегейсиз.

Өзгөчө ушул карантин шартында музей тармагынын каармандары кол куушуруп отуруп албай, эл-журт өз үйүнөн музейлердеги дөөлөттөр менен таанышкыдай чоң мээнет кылышты. Бөлүп-бөлүп видеого айлантып, социалдык тармактар аркылуу өз экспонаттарын калайманга сунуп жатышты. Албетте, мындай демилгелер үчүн кубанып да, сыймыктанып да турам. Бирок ушуларды кызыгып көргөндөр канча? Билим булагы катары бала тарбиялоодо колдонгондор көппү же азбы? Кеп мына ушунда! Кызыгып, талдап көрсөм, аттиң, бул жааттагы жагдай чеке жылытарлык эмес экен.

Болгону...

Магнитоланын гүлдөөсү - Тропикалык сулуулук Бишкектеги ботаникалык бакчада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адамдан эс алган табият. Карантин кыялды чындыкка айландырганда
Атагы алыска кеткен "Сулайман-Тоо" музейинин бирин-бири улай чыккан көрсөтүүлөрүн эң көп дегенде 46 гана адам көрүптүр. "Манас" деп ураан чакырууга келгенде үнүбүздү аябаганыбыз менен "Манас эпосу" музейи ар бириңиздердин үйүңүздөрдө" деген тема коюп, Таластагы айтылуу Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплексинин баяндамачылары жасаган таанытым видеолоруна 134 гана адам назар салыптыр. КМШдагы эң абройлуу он музейдин катарына кирген Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинин Facebook тармагындагы баракчасына болгону 3,5 миңдей гана адам катталыптыр. Андан тышкары, Курманжан Датка, Токтогул, Бурана, Токмок, Нарын, Ысык-Көл музейлери да онлайн форматта мыкты долбоорлорду жүзөгө ашырышты. Аларды көргөндөр, аттиң, мындан да аз.

Ошол эле мезгилде бүгүн дүң, эртең ким болору белгисиз корей жаштарынын BTS аттуу поп-группасынын клибин бир күн ичинде 4 миллиондой адам көрүптүр. Анын жок эле дегенде он миңдейи кыргыз жаштары болсо таңданбайм. Ал эми биздин маданиятыбызга, ийгилигибизге, келечек-бактыбызга кымындай пайдасы жок Месси менен Роналдонун соккон голдорун, Фергюсон менен Конордун мушташтарын да жүз миңдеген мекендештерибиз тирмейе тиктеп отурушканы да кашкайган чындык.

Алты миллиондон ашкан калктуу өлкөдө атактуу музейлеринин аземдеп көрсөткөн экспонаттарын аябай көп дегенде 134 адам көрүп жатса, анан кантип маданиятыбызды сактап, байытабыз? Өз тарыхыбыз, тамырыбыз өзүбүзгө кызык болбой жатса, анан кайсы арыбызга Элмирбектей тарыхый залкарларыбызды социалдык тармакта "чувак" дейсиң деп кийинки муундун өкүлдөрүн өкүртө сөгөбүз.

Айыптабай кечирим сурадым

Социалдык тармактарда ошол "чувак" деп жазган жигитти көпчүлүк иттен алып көргө салып, аябай талады. Деген менен анын пайда-батасы канча? Элмирбектин алтын сөзү акылына жетпеген немеге биздин соцтармак аркылуу чачкан заар сөзүбүз өтөр бекен? Кыскасы, мен ал жаш адамды эч айыптаган жокмун. Тескерисинче, улуттук аң-сезимибиздин азыркы мышык ыйларлык акыбалынын акыйкатын көзүбүзгө сайып көрсөтүп койгону үчүн ырахмат айттым. Анан башымды ийип кечирим сурагым келди. Эмне үчүн дегенде, кеп ал жана ал сыяктуу кабыгы калып, маңызы алмашкан кандаштарыбызда эмес, ошондой кайдан келгени, башат алган булагы жана көчөт байлаган тамыры менен кымындай иши жок, бир эмес бир нече муундун чыгышына жол берген, керек болсо атайылап шарт түзгөн өзүбүздө. Чоң ата билген кааданын, нарктын жарымын ата билбей, ата билгендин жок дегенде чейрегин биз үйрөнбөй, анан "атаңгөрү, заман ушундай болду" деп өзүбүздүн өлөсө жактарыбызды заманга шылтап, дүнүйө, байлык деген жеңил баа сулуу кыздай азгырыкка баш-отубуз менен киришип кетип, аталардан алган баягы каймак куйган идиштин түбүндөгү билгенибизди да кийинкилерге тапшырууга чолоо таппай, балдарыбыздын тарбиясын интернет, чөнтөк телефон жана телеге калтыргандын аянычтуу акыбети ушул. Бул окуя, болгону, "Элим, эсиңе кел! Артыңа бир кылчайып, акыл токтотуп, ой багып, анан барар багытыңды такта! Болбосо түбү жок жардан чегине жетип калдың!" деген ак ниеттүү эскертүүдөй эле туюлду мага.

Вирус апааты жана тарыхтын сабагы

ИИМдин кызматкери Бишкете операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндүн миссиясын билесизби? Өзгөчө абалдын пайдасы
Элди эл катары жок кылуу үчүн үстүнө атом бомбасын таштоо шарт эмес, болгону маданиятын унуткар, тилин чандыр, улуттун алтынын жез, алмазын таш көрсөтүп кой, бүттү. Октон кырылган элдердин көбү өмүр-жолун, сапарын улап кетишкен, бирок маданий геноцидге тушуккан шордуу калк эгерим кайра тикеленбесин тарых кайра-кайра тастыктап келет. Эсибизге келип, этегибизди жапсак, буюрса, жагдайды дале жакшыртып, али какшып, момолой чычкандар туш келди көзөй элек арыгыбыздан суу жүгүртүп кетсек болот. Бирок бул үчүн ар бирибиз жок дегенде өз балдарыбызга Элмирбек болуп, уккан, билген, окуган, үйрөнгөн улутубуздун улуу дөөлөттөрүн аманат кылып табышташыбыз шарт.

Таажывирусунун апааты, буюрса, аз күндөрдө өтүп кетер. Аны жугузгандын бир азы гана, Жараткандын ыракматына бөлөнсүн ылайым, акыретке аттанбаса, көбү дабаа таап, куландан соо болуп чыгып келишүүдө. Эми эбак эле кара түтүндөй каптап, чулгап, тамырдан аккан каныбызга чейин кирип келген маданиятты сактоого жана байытууга кошкөңүлдүк, шалаакылык жана кайдыгерлик вирусун кантебиз? Бул вирустун кесепети эки ай карантин менен эле бүтүп калбайт... Биздин маданият — биздин моюндагы аманат. Аны сактоого Батыш да, Чыгыш да милдеттүү эмес. Ойлонолу! Тыянак чыгаралы!

Ошон үчүн музейлерге зыярат кылып, тарыхыбыз жана тамырыбыз менен таанышып, уул-кыз, небере-чөбөрөлөрдү да тааныштыралы. "Кайдан келгениңди унутпа, ошондо кайда баратканыңды унутпайсың!" деген накыл бекер айтылбаган да.

Жаңылыктар түрмөгү
0