Андыктан бул күнү колумнистибиз Шаакан Токтогул мекендин, элдин, улуттун жүгүн көтөргөн эр-азаматтар туурасында кеп кылды. Албетте, бул айтыла турган сөздүн азыноолагы гана. Буюрса, мындай тарыхый инсандар туурасында дагы кеп учугун улайбыз.
Тизгин жаяр
Көк мелжиген Көгмөн тоосунан тарта, айды челген Ала-Тоого чейинки аймакты мекен кылып, урпактан урпакка таберик катары тартуулаган бабаларга таазим. Каны көөкөрдө, башы канжыгада экенин туюп, бу дүнүйө жыргал менен кууралдан, жакшы менен жамандан турарын сезип, өнөрүн эли үчүн, өмүрүн жери үчүн садага чапкан санжыргалуу бабаларга кулдук. Басып өткөн жерине баашалуу мазар орногон, конуп өткөн жерине капкалуу шаар орногон, кайратына таш эриген, айбатына кас ийиген шерлердин баянынан учкай кеп салып беребиз.
Курманбек баатыр
"Мен айтам кулак салгыла,
Кырк жигитим калгыла.
Кылкылдаган кол келди
Мен барайын алдына,
Качырып кирсе кас душман
Аркамдан кирип баргыла" деген.
Курманбек Манастан кийинки эле жалпы кыргызга тирек болгон, калайыктын амандыгы үчүн өзүн курман кылган баатырдан да артык шер болгонун тарых тастыктайт. Атасынын бийлигин макулдабай, Адилеттик ордосун курам деп өзүнчө шаар курдурат. А бирок тынымсыз жортуул жасап, үзгүлтүксүз согуш ачкан калмактын кордугу менен зордугунан курман болот.
Эр Эшим
Көкүм хан
Эшимден кийин кыргыз, казак, кыпчакка бирдей хан болуп шайланган. Анын таятасы Көнөк баатыр берген Алмаз кылычы болгон дешет. Санжырачы Бала Айылчынын айтымында, ал Алмаз кылыч кадимки Темирландыкы болгон. Андан сырткары Көкүм хандын жазгыч акын болгону да айтылат.
Манап бий
Санчы сынчынын айтымында, Манастын касиети Манапта болгон экен. Ыкчам, шамдагай кыймылдап, баатырдыгы артык болгон. Мырзалыкты билгизип, дайыма ак жака көйнөк кийип, таза жүргөнүн айрыкча айтышат. Арка кыргыздарынын баш бийи болуп, калыстыгы менен атагы чыккан.
Чаа
Солтонун кичүү баласы, Санчы сынчынын сыны төп келип элге алынып баатыр болот. Жай турмушта баба дыйкан жолун жолдоп, алыш каздырып, суу чыгарып дыйканчылык кылган. Кийин кыргыздын баш бийи атыккан. Көкүм ханды казактар уу берип өлтүргөн чоң чырда "Хандын башы кунсуз" деген бүтүм айтып, элди жайгарган.
Жарбаң
Тейиш хан
Тейиш калмактар казактарга чоң кыргын салганда кыргыздын колун баштап барган. Чоң кыргында Эр Табылды жашыраак кезимде экен катагандарды баштап барганда, "Кеткин, Теңир-Тоону корго, калмактын буту баспаган. Кыргыздын кутун сактап кал!" деп керээзин айтат. Уулу Аккочкордун өлгөнүн айтышканда "Аккочкорум өлсө Каңкым бар" дейт. Каңкынын да өлгөнүн укканда "Каңкым өлсө Хан Тейиш деген даңкым бар" деп өзү кирген.
Эр Табылды
Хан Тейиштин керээзин аткарып, кашык каны калганча калмактар менен алышып, Теңир-Тоону коргогон. Эр Табылдыны ала албай айласы кеткен калмактар беш-алты жашар кыргыз балдарын колго түшүрүп кетип, кадимки тайбас жоокерлер "жүз жигитти" дайындап келгенде, ошолордун колунан мүрт кеткен дешет...
Кошой баатыр
Калмак сүргүндө оң, солго баш бий болуп, кыргыздын өз жерине келишине аянбай тер төккөн. Жайыл, Бишкек, Нышаа сындуу өзүнөн кийинки эрендерди таптаган.
Эр Солтоной
Нышаа баатыр
Адигиненин Асылбашынан чыккан. Кадимки Эр Агыштын өнөрүн өздөштүрүп, шамалдай ойногон ыкчамдыгы айрыкча айтылат. Жалгыз өзү жоон топ заматта талкалап салган шамдагайлыгын санжырачылар айрыкча айтышат.
Андан кийинкилерден Жайыл, Жаманкара Эр Садыр, Момокон, Атаке баатырлардын эрдиктери, эмгектери айтылып келет. Түлкүнүн Тынайынын калмак сүргүндө жалаң мергенчилик менен элди аман алып калганы бар. Темир, Болоттордун эрдиктери, Тайлак баатырдын, Байтик баатырдын эл эркиндиги үчүн эмгектери зор.
Кыргызды Коконго да, Россияга да көз каранды кылбай, өз алдынча өлкө кылууга белсенген Алымбек датка, анын ишин уланткан Абдылда бекти айтпасак болбос. Абдылдабек, Полот хандын колу менен биригип Кокон аскери менен согушуп, орустар Коконго кошулуп кеткенде жеңилип калган соң, жардам издеп Ооганга ооп кеткен. Акыры чарасыздыктан сары ооруга чалдыгып, өлөрүн билгенде "Кыргыздын эгемендиги да болор күн бардыр. Акбалбан, жүрөгүмдү сууруп алып, өз жериме алып бар. Сөөгүм бөтөн жерде жатса да, жүрөгүм кыргыз жерине көмүлсүн" деп керээзин айткан.
Алгачкы агартуучулар
Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев, Ыманаалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбековдор ошол башталыштын башында туруп, кыргыздын келечегине баш сайышкан эле...
Союздун баатырлары
Андан кийинки ишмерлер, афган согушунун баатырлары, Баткен согушунун баатырлары бабалар жолун улап, жоо келгенде эл үчүн, жер үчүн аянбаган азаматтар.
Жогорудагы аты аталган, аты аталбаган баатырлардын урпактары кыргыздын жигиттери. Кудай тынчтыгын берсин. Тынч күндө акылдын, билимдин, эмгектин, чыгармачылыктын, ойлоп табуучулуктун түшүмүн көрүп, бар болуңуздар.
Байыркы кыргыздын канындагы кайрат, эрк, намыс, күч, дымак силерде бар. Азыркы кыргыздын акылы менен билими, тапкычтыгы менен илими жарашып, дагы да алга умтула бергиле.