Коронавирус кыйсыпыры жана кыргыздар. Абалды ашкерелеген үч нерсе

© Фото / пресс-служба ДУМКМечитти дезинфекциялап жаткан кызматкер. Архив
Мечитти дезинфекциялап жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус кимдин ким экенин көрсөтүп койду. Тартип кайда, күчтүү өлкө кайда, кайдыгерлик эмне, кырсык кандай экенин таанытты. Элди чочутту, адистерди алдастатты, министрлер бел чечпей иштеп четинен кулады.

Анткен менен кыргыздын "өзүңө сак бол, коңшуңду ууру тутпа", "сабырдын түбү сары алтын", "бул күндөр да өтөр" деген жакшы сөздөрү бар. Биздин колумнист Абдыкерим Муратов бүгүн дал ушул башкалар менен кошо кыргыздын башына келген кыйың кезең тууралуу кеп салат.

Өткөн жылдын соңку күндөрү Кытайдын Ухань шаарында аныкталган жаңы оору COVID-19 вирусу деп аталды да, аны алып жүргөн микробдор чоңойтуп караганда корона (таажы) самал көрүнгөндүктөн коронавирус атап коюшту. Кыргызча "таажылуу вирус", "таажылуу ылаң" деп да аташты (таажылуу болбой талаада калсын!).

Чынында көпчүлүгүбүз ошол оорунун жаңы башталганда эки жарым айда дүйнөнү каптап, анан Ала-Тоо аймагына да жетип келерин анчалык таназар алган эмес экенбиз. Казакстан менен Өзбекстандан бул вирусту алып жүргөндөр катталган соң алапайыбызды таппай калдык. Бирибизге бирибиз эки жактагы кошуналарда бар оору кантип эле бизде жок болсун деп шектүү карадык да, болду-болбоду, бизде ушул ооруну аныктай тарган аппараттар, лабораториялар жок окшойт деп шек санай баштадык, өкмөттүн расмий өкүлдөрү айтса да ишенбедик.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: Кыргызстанга өзгөчө кырдаал киргизүү маселеси бүгүн чечилет
Ошондо кыйсыпыр түшүп жатып калдык, чек аралар жабылса, баарыбызды үй карантинине алып койсо, тоюп келчү тойлорду токтотуп коюшса не күндө калабыз, андан көрө камданып алалы да деп эң биринчи унга, ун азыктарына, өсүмдүк майларына чабуул койдук. "Назар базарга бараткан экен, мен да бардым" деп көпчүлүгүбүз көрүнгөндү талашып эле дүрбөлөңгө түшүп жатып калдык. Эки төңкөрүш менен кошо келген мародерлук чыгып кетишке алты эле кадам калды. Андай трагедиядан эмне куткарып калды? Биринчи кезекте — бизнесмендер. Менин угушума караганда, кампаларыбыз азык-түлүккө карк экен, ырас болуптур, анан калса Казакстандан ун ташый коюшуптур. Экинчиси — көчөлөрдө, базарларда нан жапкан наабайлар, алардын нанын сатып берген реализаторлор. Аларга таазим! Бааны көтөрбөй, нандын ондогон түрлөрүн сатып турду. Ошолорду көрүп ачарчылык келгидей эмес деп көңүлүм жайланды.

Кыргызстанды коронавирус эмес, ач көздүктүн вирусу биринчи аттады

Кыргызстанга коронавирус келе электе ач көздүктүн, өзүн гана ойлоочулуктун вирусу келди. Биз адамдарды тескери жакка тарбиялап алыппыз. Кытайда да мындай болгон жок, цунами каптап кеткенде Японияда да, Индонезияда да, зилзалада Перуда да мынчалык болгон эмес. Ырас, карт планетанын бир катар жеринде азык-түлүк алышты, бирок алар тартип менен алды, кезекке туруп алды. Аларда биздин кызыл кулактардай бааны көтөрө койгон жок. Ошон үчүн Вьетнам, Франция коронавирустан бир да адамын чыгаша кылбай жеңип отурат, Түркиянын бир адамы каза болгондо саламаттык сактоо министри атасын өлтүрүп алгандай, бир адамымды сактай албай калдым деп ыйлап ийди. Карабайсызбы, ар кандай кырсыкты, ооруну сабырдуулук, ток пейилдик, канаат кылуу жеңет экен.

Молдонун дубасы эмес, вакцина керек!

Супермакеттеги кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте базар, дүкөн, дарыканалар иштеп жатат. Мэрия билдирүү таратты
Чоң энем айтчу, биз бала кезде дечү, ал кез болжолу өткөн кылымдын баш чени экен, биздин Котур-Булак деген айылды бир оору каптап, адамдар боо-боо түшүп кырыла баштаптыр. Көрсө, уаапа (холера) жайылыптыр. Ошондо Ысманбай деген айыл байы мунун себеби сууда болуш керек деп, алыс болсо да Шанкол дайрасынан суу ташып келип, ошондон гана ичирип адамдарды сактап калган экен. Жугуштуу оору деген ушундай: абадан, суудан, денеден тарай берет. Жүз жылдан да абалкы Ысманбай атанын ойлогон оюн биз ойлой албай жатабыз. Ар бир адам өзүн карантинге алышы керек эле. Кандай баео калкпыз. "Мусурмандар оорубайт", "бийик тоодогуларга вирус келе албайт" деп баланын оюн айттык. Ошол эле кезде ислам дүйнөсүнүн ири империясы Иран сөөк өчтү душманы болуп келе жаткан Израилдин вакциналарын колдонууга элине уруксат кылды. Жугуштуу оору, күчтүү вирустуу ылаң диниңе, тилиңе, жашаган жериңе, мамлекеттин күчтүүлүгүнө, көзү ачыктардын дубасына, молдолордун дем салганына карабайт экен. Ушуну түшүнүүбүз керек эле. Мына, канча бир жылдан бери исламга өтө берилгендер балдарды эмдетүүдөн баш тартып жатышат. Кызыгы, ошол бир эле үй-бүлө бир мамлекетте жашабайт да, эмделбеген бала башка балдар менен ойнойт, бир класста окуйт, акыры башка бирөөлөр менен үй-бүлө курат. Муну эмнеге ойлонбойбуз?!

Имиштер улуттук трагедияга алып келет

"Коронавирус кыйсыпырынын" дагы бир себепкери — азыркы ааламдашуу доорундагы социалдык тармактар: интернет, электрондук каттар, вотсапп байланыштары экен. Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов мындай деп айтып атат: "Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, COVID-19 вирусун жуктуруп алгандын баары эле сыркоолоп жатып калбайт. Вирус жугузуп алгандардын өмүрү өлүм коркунучунда деп ойлоо жаңылыштык. Иммунитети күчтүү адамдар анын белгилерин такыр байкабай эле өткөрүп жибериши мүмкүн. Мисалы, учурда коронавирус табылган адамдардын 20 пайызында оорунун эч кандай симптому жок, адам өзүн жакшы сезип жаткандыгы белгилүү болууда. Калган 60 пайызга жакын бейтап кадимки сасык тумоо сыяктуу жеңил өткөнүн билдиришүүдө. Бул жалпы дүйнөдө болуп жаткан абал. Коронавирустан улам көз жумгандардын Кытайда 80 пайыздан жогорусу 60 жаштан өткөндөр, Италияда 80 жаштан жогорулар экени аныкталды. Дүйнө жүзү боюнча коронавирустан каза болгондор жалпы ооруп калгандардын 0,9 пайызын түзүп жатат, башкача айтканда, илдет аныкталгандан бери көз жумгандар 7000 адамга жетти. Ал эми ошол эле чочко тумоосунан, ОРВИден жана башка сасык тумоолордон суткасына дүйнөдө 1700-1800 адам көз жумат. Бирок бул оорулар боюнча коомчулук мынчалык дүрбөлөңгө түшкөн эмес. Азыр вирустун өзү эмес, анын айланасында тараган ар кандай туура, туура эмес маалыматтар дүрбөлөң салууда".

Жок, биз адистин сөзүнө ишенбей группаларга келген "Нарындан бирөө чыкты", "Ысык-Көлдөн экөө чыкты", "Сузактагы бирөө өлдү", "Таластан дагы табылды", "Ноокатта баары жатат" дегендерге ишенчү болдук. Мындай имиш-имиш чыгаруу, аларды таратуу жана аларга ишенүү улуттук трагедияга алып келчү болду.

Коронавирус кыйсыпыры кыйланын чүмбөтүн ачты

Бул коронавирус кыйсыпыры кыйла нерселердин чүмбөтүн ачып салды. Алардын айрымдарын тезис түрүндө болсо да бир-бирден санап чыгалы.

Бишкектин Тез жардам кызматынын дарыгерлери дүйнөлүк медицина кызматкерлеринин флешмобуна кошулушту - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик дарыгерлер коронавирус боюнча дүйнөлүк флешмобго кошулушту. Сүрөт
Биринчиси — аталган оорунун белгилери 18-мартта Сузак районунун үч адамынан табылган, алар 12-мартта Сауд Аравиядан келген. Алар менен кошо учакта 144 адам болгон. Эми караңыз: айрым маалыматтар боюнча, алар санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адамдарына "биз ошондой ыйык жайдан келе жатсак" деп баш ийбей койгон. Бул биринчиси, кыргыз коомчулугунун ашыкча демократизми, тагыраак айтканда, тартипсиздиги, болбосо аба алмашканда оорулар күчөп кетет да; экинчиси, бизде умрага баруу ушунча көбөйдү, а түгүл модага айланды, "Сузактан оору чыкты" деп телевизор айтып жаткан күнү турфирмалар умрага баргыла деп жарнамаларын берип жатат. Акыры бизде ким көп — диний аалымдар көп, ошолордун ар бири бул же тигил туристтик фирмаларга агенттердей кирип албай, "эй, мусулмандар, бул умра деген ажылык эмес, кичи ажылык да эмес, ажы болуу үчүн Курман айттын намазын Меккеде окуш керек, шайтанга таш ыргытыш керек, курмандыкка союш союу керек" деп айтышы керек эле да. Антишпеди. Антишпегени үчүн умрадан келгендер жүздөгөн кишилерге "ажы той" берип салышты.

Экинчиси — ушуга эле байланыштуу. Ажылыкка Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият), умрага туристтик фирмалар алып барат экен. Андай болсо неге алар ар бир алып барып жаткан адамынын ден соолугуна жооп бербейт. Жанагы Сауд Аравиядан келгендердин ичинен экөөнү таппай отурат, Өзбекстанга кетип калышыптыр дешет, андай болсо алар биздин жарандар эмес экен да, а башка мамлекеттердин жарандарын биздикилер эмне үчүн ташып жүрөт, оору алардан чыкса эмне болот?

Үчүнчүсү — Испаниядан бир окумуштуу аял өкмөтүнө футболго миллиондоп каражат коротконун, биолог-аалымдар 1800 евро айлык менен отурганын айтып, "баргыла эми, Роналдого же Мессиге барып вакцина таап келгиле" деп жемеледи. Бизде да ушундай. Илим такыр каралбай калган. Арстанбек Алтымышбаев деген фармацевт академик болгон, жыйырмадай дары ойлоп тапкан, айрым ачылыштары космонавттарды дарылоодо пайдаланылган, "Арашан" бальзамы азыр да эталон катары пайдаланылат. Кегетиде чөп сырын билген Жуманаалы деген табып болгон. Оморбай Нарбековдун дарылары да көп жерге таанылган. Мына ушундай илимпоздордун салтын улап келгендер вакцина жасоого отуруш керек эле. Кытайда, Нидерланддарда, Японияда, АКШда, Улуу Британия ж.б. бир катар өлкөлөр дары издеп баштады, айрымдары табышты да, сыноого да берди, Өзбекстан Кытайдан эки учак менен адис медиктерди алып келди, а биз бул жагынан мурдубузду балта кеспей отурабыз, изилдөө жүргүзөбүз десек мыкты окумуштуулардын жарымы чет өлкөгө кетип калган, жарымы же лабораторияларыбыз, же айлыгыбыз жок отурабыз...

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дене табы түшүп, көтөрүлүп. Сузактагы коронавирус жуктургандардын абалы
Төртүнчүсү — дүйнөнү каптап келе жаткан кара тумоого биздин медициналык, фармацевтикалык тармак көзүн жуумп отура бериптир, ушундай оору болуп калыптыр десе, же Тез жардамы кенебесе, же дарыканаларда бекерге эмес, сатып алууга бет каптар жок болсо, обсервация кылуучу жерлердин абалы өтө төмөн болсо... Анан эмне кылабыз...

Ошол эле кезде коронавирус кыйсыпыры кыйла адамдарды бириктирип да койду, төбөсү көрүнүп калган ишкерлер колунан келген салымын кошуп жатат.

Ошентип биз коронавирус кыйсыпырын кыйсыпыры жок эле сабырдуулук, акылдуулук, токтоолук менен жеңели. Паникага, ажиотажга, негативге жакын болуп кетиппиз. Ошону токтотолу да, өзүбүздү кармайлы! Кыргыздар "мындан жаман убакта да тойго барганбыз" дейт, бул күндөр да өтөөр, кетээр, унутулаар...

Жаңылыктар түрмөгү
0