Эр Солтоной жөнүндө 7 факты. Барымтадагы баласынан эл кызыкчылыгын жогору койгон

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук этно кийим кийген актерлор. Архив
Улуттук этно кийим кийген актерлор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эр Солтоной аттуу баатыр туурасында кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгында дастан айтылып, андан сырткары, изилдөөчүлөр тарыхый инсан катары өмүр жолун, коомдогу ордун иликтеп келишет. Sputnik Кыргызстан бул сапар окурмандарга Эр Солтоной туурасындагы жети фактыны сунуштайт.

"Эр Солтоной" дастаны — кыргыздардын калмак баскынчыларына каршы күрөшүн көркөм баяндаган эпикалык чыгарма. Эпосто ойрот-жуңгарларга каршы согуштук окуялардан тарта улам татаалданган уруулар ортосундагы алакалар, бекем достук, сүйүү мамилелери чагылдырылган.

Празднование Дня независимости на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Жоодарбешим" эпосу туурасында беш факты. Эл коштошкусу келбеген образдар
Калмактар доору жана баш канжыгада болгон мезгил. XIV кылымдын аягында батыш Монголияда ойроттордун (калмактар) ири феодалдык Жунгария мамлекети өсүп чыгат. Калмактар Орто Азияда жашаган элдин көпчүлүгүн каратып, катуу эзүү жүргүзө баштаган. Алардын ичинде кыргыздар да XVIII кылымдын орто чендеринде калмактардын баскынчылык доорунда оор турмуш, кыйынчылыктарды башынан кечирет. Бул кагылыштар, калмакка каршы жергиликтүү элдин күрөшү элдик оозеки чыгармалардан кеңири орун алган. Жер-жерлерде майда-барат көтөрүлүштөр чыгып, аны баскынчылар аёсуз басып, кеңири элдик күрөшкө айлана албай келген. Ал үчүн акылы зирек, ойчул, сөз десе сөзүнөн, алышса күчүнөн келген баатырлар керек эле. Ошондойлордун арасын толуктаган кыргыздын мыкты чыгаандарынын бири Эр Солтоной болгон.

Чыгармада калмактар жергиликтүү элди басып алгандан кийинки эзүүсү төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Эпсиз калмак кыргыздан
Эр өлтүрсө кун бербейт.
Эсил кыргыз аздыгы
Эрксиз жүрүп күн көрбөйт.

Залкар дирижер, улуу композитор, кыргыз классикалык музыкасынын тарыхындагы корифейлердин бири Калый Молдобасановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Калый Молдобасанов тууралуу 5 факты. Манасчынын композитор тукуму
Тарых аралашкан издер. Талас өрөөнүндө эпоско башкы каарман болуп катышкан Солтоной, Шабек деген баатырларды XVIII кылымда жашап өткөн тарыхый адамдар деп көрсөтүшөт. Бирок эл эпосто аларды адабияттагы көркөм образга көтөргөн, ошондуктан биз ага көркөм, типтештирилген образ катары баа беребиз. Дастанга "Эр Солтоной" деп аталганы менен окуя Темиркан менен Болоткандын тегерегинде өтөт. Негизи эле ар кыл элдин эпостук чыгармаларында эпоско тема болгон каармандын ата-энеси жөнүндө толук кабар берилип, негизги окуя да баатырдын төрөлүшүнө, өсүшүнө, аракетине карата өнүгүп отурат. Мындай көрүнүш Темиркан менен Болоткандын образдарында толук сакталган.

Эпос жалпы алганда эки бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүм элдик баатырлар: Темиркан, Болоткандын төрөлүшү жана алардын баскынчыларды кыргыз жеринен кууп чыгышы. Буга өчүккөн калмак каны Уюлдун киши жиберип, алдап эки баатырды колго түшүрүшү жана алардын бошоп элине келиши. Экинчи бөлүм — туткундан бошогон баатырлар кол жыйнап Уюлканды барып чабышы.

"Эр Солтоной" эпосунда Болоткан менен Темиркан калмактарды кыргыз жеринен бүтүндөй айдап чыкканы айтылат. Дал ушунун өзү эле "Эр Солтоной" эпосунун пайда болушу XVIII кылымдын акырына туура келет деген ойду пайда кылат. Анткени тарыхый эмгектерге таянсак, калмак мамлекетинин эң акыркы хандыгы кара кыргыздар тарабынан Балкаш көлүнүн жээгинде 1771-жылы талкалангандыгы айтылат.

Кыштын узун түндөрүндөгү баян. Бул эпосту толук айтуучулардын бири Сүйөркул Абдрахманов аттуу адам болгон. Жергиликтүү элдин жана өзүнүн эскергенине караганда "Эр Солтоной" эпосун кыштын узун түндөрүндө от жээгинде отуруп бир нече түнгө созуп айткан. Бул жомокко кумарлангандар атайы алыстан ат арытып келип коно жатып угушкан. Жомоктун алгачкы нускасы тарыхый окуя катары баяндалган. Ал түгүл эпоско башкы каарман болуп катышкан Солтоной жомокчунун чоң аталарынын атасы болгонун уламачы санжыра аркылуу далилдөөгө аракет кылган.

Жалпы идеологияга жакпай кыскарган чыгарма. "Чатбазарлык Бает уулу Шүкүр аттуу адам "Эр Солтоной" дастанын мыкты айтчу экен. Абдрыxмандын уулу Сүйөркул жазып, аны үч жолу оңдоп көчүргөн. Ал көлөмдүү эпос болсо да эмнегедир Сүйөркул аксакал кол баштаган баатыр Эр Солтонойду чоронун деңгээлине түшүрүп салган. Кандай себептен мындай өзгөртүү болгону белгисиз. Бирок "Бүргө баатыр" деген китепте Мамадалы санжырачы теңтушу Сүйөркулдун "Эр Солтонойду" китеп кылып чыгара турган болдум, көбүн өзгөртүп салды партия уруксат кылбай" дегенин, автор айласыз аны жомокко айландырганын эскерет", — деп жазган өзүнүн макаласында Эл мугалими Бектур Исаков.

Эр Төштүк чыгармасынан иллюстрация. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Эр Төштүк" чыгармасы жөнүндө жети факты. Уяттуу деп кыскартууга учураган саптары
Барымтага калган уулунун башын элдин кызыкчылыгынан жогору койгон эмес. Маалыматтарда ал уулу ак үйлүү болуп калып калган Итаяк деген баласынан элин жогору көргөндүгү айтылат. Белек Солтоноевдин "Кызыл кыргыз тарыxы" деген китебинде баатырдын уулу Итаяк ак үйлүүгө берилет. Изилдөөчү Кенжегараевдин тарыxый очеркинде да Итаяктын барымтага берилгендиги жазылат. Бирок Эр Солтоной баласынын амандыгына карап, солто уулу Момоконго жардамга барбай коё алган эмес. Калмактардан "Балаң Итаяктын жанынан үмүттөнсөң, Момоконго жардамга келбе" деген эскертүү алганы айтылат. Бирок баатыр барымтадагы баласына да, душмандын эскерүүсүнө да карабаган. Анткени өзү үйрөтүп, машыктырган Итаяктын бир башын кыргыз элинин кызыкчылыгынан артык көрүүгө дити барган эмес деген маалыматтар айтылып келет.

Каза болгондугу тууралуу эки ача маалымат калган. Эр Солтоной таржымалында анын туулган жылы курман болгон күнүнө жана жашына карата эсептелип жүрөт. Демек, ал 1640-жылы туулуп, 1733-жылы 93 жашында курман болгон. Экинчи маалымат боюнча баатыр 1663-жылы туулуп, 1723-жылы 60 жашында кайтыш болот.

Дастанда жана тарыхый багыттагы макалаларда Эр Солтоной кыргыз элинин согуш өнөрүн мыкты өздөштүргөн, өзүнөн кийинкилерге үйрөткөн, кыргызды сактап, жоого кол баштап, өзү кошо кирген баатыр болгон деп айтылат.

Азыркы мезгил жана баатыр. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата Талас шаарынын борборуна Эр Солтонойдун айкели орнотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0