"Эр Эшим" дастаны жөнүндө жети факты. Баатырды коштогон Сталин менен Гитлер

Жазылуу
Бул дастан башка кенже эпостордон айырмаланып турат. Анын тарыхый түбү XVII кылымдын биринчи чейрегине барып такалат. Анткен менен бул образды эл эпикалык деңгээлге көтөрүп алган.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан "Эр Эшим" дастаны туурасында жети фактыны сунуштайт.

"Эр Эшим" — элдин үмүт-тилеги. Эпикалык чыгармаларда күчтүү душмандардын мизин кайтаруу үчүн образдарды реалдуулуктун чегинен өткөрө, таасирдүү кылып кабыл алып, ооздон-оозго өткөрүп айтып келишкен. Алардын бири биз бүгүн сөз кыла турган "Эр Эшим" чыгармасы. Бирде биригип, бирде чачылып турган элдин биримдиги бузулган учурларда узак мезгилдер бою башка душмандардын агрессивдүү чабуулдарына каршы жүргүзүлгөн күрөш тынымсыз жүрүп турган. Калк арасынан баш көтөргөн бирөөнүн чыгышын абал шарттаган. Эр Эшимде терс каармандар, душмандар жеңилип, оң каармандар элге бейкутчулук, орнотуп жакшы заманда жашай баштайт.

Празднование Дня независимости на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Жоодарбешим" эпосу туурасында беш факты. Эл коштошкусу келбеген образдар
Тарыхый тагдырларды чагылдырган. "Эр Эшим" поэмасы эл башынан кечирген тарыхый тагдырды көркөм чагылдырган баалуу мурас. Достуктун ыйык антын бузган адамдардын кейиштүү тагдыры ашкереленген, эр жүрөктүүлүк даңазаланган тарбиясы бар чыгарма. Реалдуу жашап өткөн адамдар, географиялык жер-суу аттары, каршылашкан элдер туурасындагы маалыматтар поэманын тарыхый маанисин арттырып, аны "тарыхый поэма" деп атоого мүмкүндүк берет.

Тукумун сүрүштүрө келгенде. Эшим Конок уулу, Энчегер бойлуу Эр Эшим XVII кылымдын биринчи чейрегиндеги кыргыз-казактын ханы болгон дешет. Кыргыздын саруу уруусунан чыккан деп айтылат. Энеси казактын Шыгай деген ханынын кызы болгон, ал кыргыз менен казак элинин биримдиги, ынтымагы үчүн күрөшкөн, эки элдин башында туруп Чыгыш Түркстан менен Илидеги калмактардын баскынчы саясатына каршы күрөштү жетектеген делет. Эшим хан өлгөн соң, хандык бийлик анын уулу Жангирге өтүп, ал калмактарга каршы күрөштү уланткан.

Казак окумуштуусу Чокан Валиханов эскерген. Эр Эшим калмак доору аталган мезгилде XIV-XVII кылымдын аралыгында жашаган реалдуу адам деп айтылып келет. Поэма жана кыргыздын айрым санжырачыларынын берген маалыматтарына караганда анын тегин кыргыз-кыпчактан да чыгарышат. Бул баатыр тууралуу аңыздар казактарга караганда кыргыздарда көбүрөөк сакталган. Эр Эшимдин тушунда кыргыз, казактар ынтымакта болуп, калмактарга каршы бирдиктүү согуш аракеттерин жүргүзүшкөн. Бул туурасында атактуу окумуштуу Чокан Валиханов XIX кылымдын ортосунда Эшим кан кыргыз-казактын биримдигинин эстелиги катарында Көкүмгө арнап Ташкентке күмбөз тургузгандыгы, ал азыр да "Көкүмдүн көк күмбөзү" деп аталарын эскерген жайы бар.

Манастан кем калбаган сүрөттөөлөр. Мындай баатырлар элдин үмүтү, тилеги, ал тургай келечекке төлгөсү болгон. Аларды дөөгө-шерге теңешкен, кийинкиге укмуштуудай сүрөттөп айтышкан.

Карагай найза өңөрүп,
Кара сур өңү көгөрүп,
Ызырынып тиштенип,
Кызарып көзү тиктейип.
Кармаса колу темирдей,
Баса минген Кулага
Балтыры өгүз белиндей…
деп айтылган.

Шарпкула. Бул сапар да башка чыгармаларда токтолгондой эле баатырдын канаты болгон тулпары тууралуу сөз кыла кетебиз. Эпосто Эр Эшимдин оң колу, таянычы жана жан жолдошу, анын бууданы – Шарпкула. Чыгармада бул образ кичинедей чоңго өсүп отуруп, акыры баатырды толуктаган объектиге айланат.

… Аны сан жылкылардын арасынан Эр Эшимдин сынчысы даакысы чыгып, жүдөп турган бышты учурунда тандап алган. Эпосто ал туулганда кулагы шала тилик экендиги айтылат. Ошентип, ал сынчынын колуна тийип табы жарашып, акырындап отуруп жоого минчү тулпар болуп чыга келет.

Шарпкулага эр Эшим
Баса минип отурду.
Жаныбарым Шарпкула,
Такымга тери чачылып,
Шайбыр жүрүш салганда,
Жердин бети казылып…
деп сүрөттөлөт.

Сталин менен Гитлер аралашып кеткенде… Дастандын бир катар жерлериндеги сюжеттерде Иосиф Сталин менен Гитлердин кошо аралашып кеткенин байкоого болот. Мындай көрүнүштү адабиятчылар "Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы "элдик баатырларды даңазалап жоокерлердин патриоттук сезимин ойготкула", — деген өкмөттүк ураандын таасиринде элдик сюжет кайрадан иштелип чыккан" деп түшүндүрүшкөн.

Ушу быйыл душманды,
Ута турган чагыңар
Уяларын талкалап,
Буза турган чагыңар,
Улам бизди курчутуп
Улуу Сталин шаңы бар,
— деген саптар бар.

Андан сырткары Гитлердин аты кездешкен учурлар бар. Ал төмөнкү саптарда айтылат:

Элди коргоп душмандан,
Эр атакка конолу.
Эмки Гитлер-Ажаанды
Кармап алып соёлу.
Канын суудай агызып,
Кара көзүн оёлу..

Залкар дирижер, улуу композитор, кыргыз классикалык музыкасынын тарыхындагы корифейлердин бири Калый Молдобасановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Калый Молдобасанов тууралуу 5 факты. Манасчынын композитор тукуму
Анткени менен чыгарма бүгүнкүн күнгө чейин өзүнүн көркөмдүгү, сөз каражаттарынын байлыгы жана чыгарманы окуп жаткан ирмемдерде өзүнө кошо алып кирип кеткен элестүүлүгү менен барк-баасын улам арттырып келет. Маалыматтарда, "Эр Эшимдин" тексти жазгыч акын Толголок Молдо менен Абдыкалык Чоробаевге таандык деп айтылып келет. Адабиятчылардын айтымында, бул келечектин тактала турган маселеси.

Фактыларды жыйноодо маалыматтар интернеттеги ачык булактардан жана филология илимдеринин кандидаты Мураталы Мукасовдун эмгегинен пайдаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0