15:26 26 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.8850
  • RUB1.0759
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
2622061

Бул ирет колумнист Шаакан Токтогул кишини бир карап тулку боюнан, турган турпатынан, сүйлөгөн сөзүнөн кандай экенин билип койгон сынчылар жана жалпы сынчылык касиет тууралуу ой бөлүштү.

Тизгин жаяр

Көрүү үчүн көздү жараткан кудай, көргөн нерсеңе назар салып, талдай бил деп баам-парасатты да берген. Көз көргөн нерсесин акыл талдап, эс баамдап, сезим-туюмубуз иликтеп-жиликтеп турат. Ошону менен буюмбу, кишиби, табияттын бир затыбы, айтор, ал тууралуу түшүнүк пайда болот. Ал эми эл арасында баам салуунун ушунчалык бийиктигине жетип, бир караганда кишинин кулк-мүнөзүн, ден соолугун, керек болсо келечек тагдырын билип койгондор болгонун билебиз. Мындайларды сынчылар деп аташканы да белгилүү.

Сындын түрү

Кыргыз элинде сынчылык касиети бар адамдар өтө ардакталып, алардын сынын угуп, келечегине жоромолун алып калууга аракет кылышкан. Сындын түрлөрүнүн ичинен уламыштардан бизге жеткени кишиге сын, элге, жерге сын жана жылкыга сын, ал эми майда-барат нерселерди баалай билүү сынчылык катары эмес баамдуулук, эстүүлүк катары гана эсептелген.

Жылкыга берилген сын дегенде эле 12-13-кылымдарда жашап өткөн Толубай сынчы эске келет. Андан кийинки Шергазы, Байгазы сындуу сынчылардын сынчылыгынан да тулпар таптаган саяпкерлиги көп айтылып калган. Бир көз караш менен жылкы баласын аңтара тиктеп, күлүк, тулпар, дулдул, жорго болорун, ичиндеги дартын, керек болор табын көрө билүү көпчүлүк кыргызга таандык сапат болсо дагы сынчылык айрымдарга гана, татыктууларга гана буюрган дөөлөт болгон.

Эл-жерге сын Санчы сынчы, Арстанбек, Мойт аке, Сарт аке, Калыгул олуялардын бир аймакка же өрөөнгө берген сындары эл арасында ооздон-оозго өтүп келет.

Санчы сынчынын "Кабак жердин баатыры аз, кыздары саз чыгат" деп айтканы, Арстанбектин Чүй өрөөнү тууралуу айткандары, Мойт аке менен Сарт акенин Каракол, Боом тууралуу айткандары басып өткөн жерине баам салып, назар салып, ошол жердин келечегин айта билген көрөгөчтүктөн, көсөмдүктөн кабар берет.

Кишиге сын

Сынчылык, жогоруда айткандай, баам-парасаттын, акыл-эстин түшүмү катары караганда ар бир кыргызга таандык сапат, ашыра билгендерге өнөр, ал эми каадасын кармангандарга касиет болгон. Баатырды баатырдай, эрди эрдей, болор баланы боло тургандай тааный билишкен. Бирок сынчы деген атка татыктуулар кишинин өткөнүн көрө билген, келечегин туя билген. Анын оозуна сала берип, айтылган кишиге отуруп, орноп калган сын менен кошо бир жакшылык, дөөлөт ээрчип келерин эл билген. Ошондуктан боло турган уулуна сын айттырып калууга далалат кылышкан.

Сын берүү

Сырткы көрүнүшүнө карай сын берүү көрөгөч сынчыларда гана болуп, кишини, баланы же кызды караганда эле дээринде, тегинде бар экенин, келечеги кандай болорун туя билип, жараткандын буйругун алдын ала сезип айта билүү;

Дене түзүлүшүнө карай сын берүү — боюнун узун-кыскалыгына, эңчегер же шыңгалыгына, ийининин кең-кууштугуна, мүчөсүнүн түздүгүнө, ичке же жоондугуна карап баа берүү менен бирге анын кишилик сапаттарын, тагдырдагы энчисин айта билүү;

Жүз түзүлүшүнө карай кишинин мээрим-каарын, адилет-кара мүртөздүгүн, март-сараңдыгын, акыл дараметинин, күч дараметинин канчалык экендигин, эрктүү же алсыз экендигин баалай билүү;

Кийимине карай кандай жашарын, эгер кийимдери кымбат, бирок ыксыз болсо өзүн барк албаган, жарашыксыз болсо өзүнө баам салбаган деп этек-жеңинен тыкандыгын баалашкан;

Басканына карай ак сөөктүгү же тексиздиги билинет дешкен. Ак сөөк, мырза тукумдан чыккандар буттун учун биринчи таштап, ыкчам, шайдоот адымдап, басканы жеңил болот экен дагы, таманын тегиз таштап оор кыймылдагандарды орто жашагандардан, ал эми башын ылдый салып ийинин куушуруп баскандарды кулдун тукуму катары санашкан;

Жоокерлик заманда жигиттин жоо-жарагына, уздун жип-шуу, ийне, кайчысына, сарамжалдын үй оокатына, устанын устаканасына карай баа берилгени маалым;

Сүйлөгөнүнө карай "көпкөн жигит көп сүйлөйт, чечен жигит эп сүйлөйт" деп маани беришкен. Кооз сүйлөгөн эмес, орундуу сүйлөгөндөр бааланган;

Күлкүсүнө карай баа берүү негизинен кыз-келиндерге карата колдонулуп, күлкүнүн угумдуулугунан улам жылаажын, шыңгыр, күмүш күлкү деп бөлүшкөн. Ал эми күлкүсү катуу чыккандарды бетинде уяты азыраак дешкен. Шаңкылдап ачык күлгөндөрдү тайманбаган келин деп баа беришкен;

Манжалары узун, ичке аялдар уз катары, эркектер мүнөзү жумшак, боорукер катары бааланган. Быртыйган манжалуу аялдар дүнүйөгө өч болот дешсе, эркектерди байлыктын кулу дешкен. Шадылуу болсо ак сөөктүктүн белгиси, алаканы да чоң, манжалары да узун болсо дөөлөттүүлүктөн кабар берген;

Көзүнө карай кыз-келиндин сулуулугу, жароокерлиги аныкталса, жигиттин жүрөгүндөгү дем-дымагы аныкталган. Көзгө тик багып сүйлөгөн жигиттен көптү үмүттөнүп, жер тиктеген жигитти жактыра берген эмес.

Көкүрөк-көөдөнүнө, ичи-башына, бутуна, чачынын учунан тырмагынын учуна чейин үңүлүп баа бере билүү ар бир кыргызга мүнөздүү элдик билим болгон жана анын көпчүлүгү чындыкка дал келген десек жаңылышпайбыз.

Тизгин жыяр

Байкап, баам сала жүрүү, баалай билүү жакшы. Бирок сындоо менен каралоонун, баалоо менен ушактоонун айырмасы болот. "Сынчынын сыңар өтүгү майрык" дегендей, өзгөлөргө сын берүүдөн мурун өзүбүздү да баалап койсок ашык болбойт. Кастарлап күткөн касиет болбогон соң сын айтат элем деп азапка кабылгандар да жок эмес. Анткен менен элдик билимди унут калтырбай, сын бербесек да баа берип талдай билсек, жок дегенде жар тандаганда кереги тийип калар...

Тема боюнча

Бетинин отун азайтпай... Кыргыз аялдары колдонуп келген сулуулук каражаттары
Оозуңа карап сүйлөп, ооз басырык бер... Ооз тууралуу эки ооз сөз
Белгилер:
каада-салт, тагдыр, эркек, кыз, Шаакан Токтогул, сын

ЭҢ МААНИЛҮҮ