Койдун майын сүйкөп кой! Чоң апамдан дартка даба болчу 6 лайфхак

© Sputnik / Михаил РогожинКойдун майы. Архив
Койдун майы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суук тийгенде чоң энелер даярдаган дармектер жардам береби? Медициналык колумнист Улугбек Жоомартов бул суроонун жообун так билет.

Айылдын катаал шартында чоңойгондуктан, сасык тумоонун дабасы жөнөкөй эле болчу: арча, ысык сорпо, койдун майы… Сакайып кетсең — азаматсың. Көбүбүз айыгып кетчүбүз!

Ооруканадагы ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көз көрбөй, кулак укпай, акылдан тайып каласың... Дарыгер менингит тууралуу
Азыркы заманда негедир ата-энелер жашоодогу бар тоскоолдуктардан коргой берип балдарынын ден соолугун таптакыр бузат. Оюн аянтчалары энелери болор-болбос желаргыдан да сактап ороп-чулгаган балдарга толо.

Антпеш керек! Баланын организми инфекцияларга туруштук берүүгө көнүшү зарыл. Ошондуктан чүрпөңүз арыкчырай, кийингени жеңил жана эмделген болууга тийиш.

Апалардын суук тийгенде бутка тургузчу алты кеңешин талдап көрөлү. Чындап эле алардын дабасы күчпү?

№1 лайфхак: бөлмөнү арчалоо

Пайдасы: далилденген

Чындап эле арча түтөткөндө чыккан түтүн жана эфирдик майлар микроорганизмдерди жок кылат. Абаны тазалайт, вирустун таркашына бөгөт болот.

№2 лайфхак: сарымсак мончок

Пайдасы: тастыкталган

Хирург операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ашказан рагын айыктырса болобу? Онкохирург оорунун себеби, алдын алуу тууралуу
Пияз да, сарымсак да боло берет. Алар фитонциддерди бөлүп чыгарат, булар — вирус жана бактерияларды өлтүрө турган табигый заттар. Сарымсакты жипке тизүүнүн деле зарылчылыгы жок. Бейтаптын жанына табакка пияз же сарымсак салып койгонуңуз жетиштүү, ал 30-50 сантиметр радиуста абаны тазалайт.

Бул айланадагыларды сасык тумоону жугузуп алуудан гана сактабастан, бейтаптын абалын да жеңилдетет. Себеби фитонциддер анын мурдундагы жана ооз көңдөйүндөгү вирус жана бактериялар менен күрөшүүгө жөндөмдүү.

№3 лайфхак: желдетүү

Пайдасы: далилденген, бирок эскертүүлөргө да көңүл буруу кажет

Вирус жана бактериялардын көпчүлүгүн 24-28 градус жылуулук жаратат. Сырттан кирген муздак аба микроорганизмдерди жалпылай жайлап кетет. Бирок бир миллиметрден кичине болгондорунун баарын жок кылуу үчүн бөлмөнү эки саат желдетүүгө туура келет.

Эшик-терезенин баарын ачып, өтмө жел менен алдаканча тездетүүгө болору да ырас. Мындайда 10-15 мүнөт деле жетиштүү.

№4 лайфхак: сары май, койдун, кашкулактын, иттин майы жана башка майлар

Пайдасы: шектүү

Жалгыз оң таасири майдын өзүндө эмес, аны шыбап жаткандагы денени укаланышында. Анан да майдын жука каты да адамдын денесине чел жаратат да, ал табигый жылуулук чыгарышына жолтоо болот. Ага караганда жылуу суу менен сүртүү артык.

№5 лайфхак: бал же малина кыямы кошулган чай

Пайдасы: далилденген.

Дрейфующий ледовый лагерь Барнео в Арктике - Sputnik Кыргызстан
Ары турчу!.. Маани бербеген, бирок жүрөк айланткан 5 оору
Ооруп жатканда адамдын каны катып, алы кетет. Мындай таттуу суусундуктар дароо үч ишти бир бүтүрөт: биринчиден, С витамининен улам иммунитет күчтөнөт. Экинчиден, суюктук жана кубат запасы калыбына келет. Үчүнчүдөн, суюктук көп ичүү организмден уулуу заттарды айдап чыгарат.

Ошентсе да витаминдер, анын ичинде даңазаланган С витаминин да ашыкча ичүүгө болбойт! Кайсы бир убактарда С витаминин касиети ашкере баалагандар да болгон. Себеби, ал радикалдарды чыгарып, иммунитетти күчтөндүрүп, карылыкты кечеңдетет. Ошентсе да гипервитаминоз өтө кооптуу экенин эстен чыгарбоо керек.

№6 лайфхак: кайнатылган картошка буусу менен дем алуу

Пайдасы: эскертүүлөр менен далилденген

Эгер бейтап кургак жөтөлүп жатса, ингаляциянын бул түрүн жасоо натыйжа берет. Буунун мындай учурда жардамы дурус. Эгер картошкага куурулган пияз менен сарымсакты аралаштырып койсоңуз (фитонциддер туурасында унуткара элексиз да, чынбы?), андан бетер жакшы.

Мурдуңуздан суу куюлуп жаткан болсо, буулоодон кийин баарын эч жийиркенбестен жеп алганыңыз да оң: ысык картошкада бактериялар баары бир жашап кете албайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0