Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Бала үчүн бирөө өлсө, бирөө тепкилеп... Кем дүйнө

Жазылуу
Түндөн түгөл чыктыңызбы, мекендеш? Бүгүн күнгө бейшемби. Эшикте суулуу кар жаап, күн кабагын ачпай түнөрөт... Аны көрүп "настроениени түшүрүп, не деген аба ырайы" деп наалыгандар арбын. А дейбиз, бу дейбиз, баары бир тирүүлүктүн өзү бакыт...

Кечээ Өзгөндүн Куршабында Подмосковьеде киши колдуу болгон эки кишини жайына беришти. Алардын бирөө бир ай мурда эле оорукчан уулуна операция жасатууга акча табам деп Москвага барганы айтылды. Кантип, кандай жагдайда кара ниеттердин колунан ажал тапты экен… Оорукчан уулу, онтогон жары, боздогон ата-энеси… Шум дүйнө… 

Баласы үчүн бөтөн жерге барып сөөгү келген атанын жанында эки жашка жетип, жетпеген баласын тургузуудан эринип, ичке тепкилеп өйдө кылган кишини ким деп атоого болот? Ошол мекендешибизге козголгон кылмыш ишин кечээ сот кыскартты.

Балаңызды "эшек" деп тилдеген адатыңыз жокпу?

Айтмакчы, окуу жылын 10-сентябрда баштоо туурасында кеп болуп жатат. Эгер январь ичинде сизден сурап калса, пикириңизди билдирсеңиз болот.

Акыркы мезгилдери Бишкек шаарынын үстүндө чөгүп турган коюу, кара түтүн шаардыктарды түйшөлтүп, ар кыл пикирлер жаралды. Айрымдары бул ТЭЦтин чыпкасынын начардыгынан улам болууда деген пикирин билдирген. ТЭЦтен чыккан түтүн кантип чыпкалана турганын башкы инженер Нургазы Курманбеков түшүндүрүп берди.… Асмандан тартылган ТЭЦтин аймагы, миңдеген тонна көмүрлөр, асман тиреген түркүктөр.

Эми жай турмушка келсек, Бишкектин таксисттери кардардын чөнтөгүн кантип кагаарын билчү белеңиз?

Ал эми бул маекте намыс отун жандырган кытайлык кыргыз Мамбеттокто Керимаалы уулу ийгилик сырларын айтып берди.

Бүгүн Бишкек шаарында кар жаап, 2 градус суук болсо, Ошто күн 3 градуска чейин жылыйт

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.16 (сатып алуу) жана 69.41 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.80 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.90 сом, ал эми дизель майы 40.40 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Тирүүлүктүн өзү бакыт.

Иш күнүңүздөр ийгиликтүү болушун каалап, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0