Кыргызстанда окуу жылы 10-сентябрда башталышы мүмкүн. Себептери

Жазылуу
Мындай өзгөртүүлөр мугалимдердин маянасына таасир этпейт

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылын 10-сентябрга жылдыруу боюнча ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар арасында социалдык сурамжылоо жүргүзгөнү жатат. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.

Датаны жылдыруу маселеси бүтүндөй элдин кызыкчылыгына тийиштүү болгондуктан министрлик "Эл-Пикир" коомдук пикирди аныктоо жана божомолдоо борборунун жардамы менен социалдык изилдөө жүргүзүүнү пландоодо.

Ага ылайык, уюмдун өкүлдөрү 2018-жылдын январь айы ичинде өлкө мектептериндеги мугалимдер менен администрация өкүлдөрүнөн интервью алып, ата-энелер арасында сурамжылоо жүргүзүшөт. Ошондой эле билим берүү тармагындагы адистердин пикирлерин угушат.

Ал эми Билим берүү министрлиги түзгөн жумушчу топ бир нече айдан бери бул маселени терең иликтөөгө алып, натыйжада мындай демилге туризм жаатынан алып караганда "пайдалуу" деген бүтүм чыгарган. Себеби Кыргызстандын климаттык өзгөчөлүгү сентябрдын башында ата-энелер менен балдардын эс алуусуна жол берет.

"Окуу жылы 10-сентябрда башталса, 31-майда аяктайт. Ошондой эле балдардын окуусуна кошумча жүк жүктөлбөстөн, мурдагыдай эле окуу планы улана берет. Мугалимдердин маянасы дагы азайып кетпейт", — деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча акыркы чечим коомчулуктун талкуусу менен социалдык изилдөөнүн жыйынтыгына жараша кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0