Наристе ыйлаак, эрке же өтө эле маңыроо болуп калбашы үчүн ата-эне эмнелерди эске алуусу керек? Өспүрүм куракка чейинки балага туура тарбиянын үлгүлөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигине балдар психологу Айгүл Кызалакова айтып берди.
Көңүлкош мамиле жасабайт. Ата-эне баласы менен көбүрөөк убакыт өткөргөнгө аракет кылышы керек. Ооба, жумуш, кызмат деген бар, бирок балага кичине кезинде ата-энеси көп көңүл бурбаса наристе өзү менен өзү чоңоюп, ата-энеден алыстап калышы ыктымал. Чүрпөңүз 2-3 жашта болсо да андан бакчадан же үйдө эмне кылганын сурап, кызыктуу оюндар менен ойнотуп, көп көңүл бурганды унутпаңыз.
Телефон карматпайт. Айрымдар баласы ыйласа телефонун берип атып, кийин андан ажырата албай калышууда. Балага башында эле телефон зыян экенин айтып, түшүндүрсө болот. Пайдалуу, өнүктүргөн, ден-соолугу үчүн зыян келтирбеген оюнчуктарды алып берүүдө акчаңызды аябаңыз.
Баланын көзүнчө ата-эне урушпайт, сөгүнбөйт. "Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат" дегендей, чүрпөгө алгач ата-эне өзү үлгү болуш керек. Балага тарбия эч качан кан менен берилбейт. Алар чоңдорду көрүп өсүп, ошого жараша калыптанышат. Эгер сиз жаман жорук жасап койсоңуз эртең эле аны бала туурап чыгат. Балаңыз тартиптүү, маданияттуу болсун десеңиз алгач өзүңүз үлгү болуңуз.
Жалгызсыратпайт. Колдон келсе коомчулукка көбүрөөк аралаштырыңыз. Чүрпөңүз бир жашка чыга элек болсо да аны менен паркта сейилдеп, театр, маданий жайларга көп алып барыңыз. Үйдөн чыкпаган бала өтө эле тартынчаак болуп өсүп, кийин коомго аралаша албай кыйналат.