Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековДарактагы тыйын чычкан. Архив
Дарактагы тыйын чычкан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бейшемби күнү эртең менен жана күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бишкектеги ТЭЦтен чыккан түтүн кантип чыпкаланат? Башкы инженердин жообу - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги ТЭЦтен чыккан түтүн кантип чыпкаланат? Башкы инженердин жообу
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй менен Таласта күн 4 градус сууктан 1 градуска чейин жылыйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 1…6 градус жылыса, Ысык-Көл облусунда 2 градус сууктан 3 градуска чейин жылыйт. А эми Нарында —5…-10 градус суук болот.

Бишкек шаарында кар жаап, 2 градус суук болсо, Ошто күн 3 градуска чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0