Амансызбы, бурадар! Өлкөдө 10:15. Суйсалган Сусанна сулуу элди суусатканда

© Sputnik / Табылды КадырбековСулуулук сынагынын катышучусу. Архив
Сулуулук сынагынын катышучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакшы жатып жай турдуңуздарбы, замандаштар. Аптаптуу август айы өз күчүндө.

Анткен менен бүгүн күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда жаан жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

"Пенденин оозунда болсо периштенин кулагында" демекчи, жакшы, жылуу окуялардан кеп кылалычы.

Алай. Гүлчөлүк 26 жаштагы Камчы аттуу жигит сууга чөккөн төрт жашар наристени ажалдан аман алып калды.

Ат-Башы. Ал эми аталган райондун Талды-Суу айылындагы мектепти 10 жыл мурда бүткөн балдар маңдай тери менен тапкан акчаларын чогултуп, айылга татынакай бир аялдама куруп беришиптир. Отузга чыга эле балдар ич жылыткан иштерди жасап жатышат. Кудайдын кулагы сүйүнсүн! Аксакалдар балдарга батасын берип, алкап жаткан учуру.

И баса, батаны кандай учурда берет, ким берет билесизби? Жок деп ийин куушурардын алдында биздин Таалайгүлдүн "Бата тууралуу 6 болбойтун" окуп коюңуз. 

Асса! Секирип бийлейбиз! "Акак" комузчулар ансамблинин солисттери Чолпон Мелисбекова жана Эламан Каныбеков черткен дүйнөлүк хиттерди уккан киши тынч тура алгыдай эмес. Бир бийлеп алайын десеңиз, бул шилтемени баса салыңыз.

Ааламда да жакшы жаңылык. Бул маалыматты укканда, "уре-ее" деп жибергенимди байкабай калыптырмын. Ажырашкан Анжелина Жоли менен Брэд Питтин эки башка кеткен жолу биригип, жарашышы мүмкүн экен. Сонун жаңылык. "Тыбырчылабай ишиңди тынч эле кыла бербейсиңби, алар кайда, сен кайда" дешкендер чыгаттыр. Кимдин болсо да, сынган чөйчөгү бүтөлүп, бузулган уясы калыбына келсе дейсиң да. Негизи эле үй-бүлө бузулбасынчы..

И баса, кыргызстандыктар чындап эле тыбырчылап турган чагы. Кыязы салкын кан менен эмес, каны кайнап, эмоцияга алдыргандар көп болууда. Сулуулук сынагына Кыргызстандын атынан барган Сусанна Егорян финалда Армениянын аты жазылган лента менен чыкты. Буга суйсалган Сусанна эмне деп жооп бергенин бул жерден окуңуз. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.21 (сатып алуу) жана 69.49 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 37.70 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Жакшылык коштогон күндөр көп болсун.

Жакшы күн каалап, Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0