Керемет! Чебер колдуу Чолпон менен Эламан дүйнөлүк хиттерди комузга салды

Жазылуу
Чолпон Мелисбекова менен Эламан Каныбеков — Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти жана Улуттук консерваторияны аяктаган профессионал музыканттар.

Известная комузистка Чолпон Мелисбекова - Sputnik Кыргызстан
Президенттерди суктанткан комузчу Чолпон: бир видео менен "жылдыз" болгон жокмун
"Акак" комузчулар ансамблинин солисттери Чолпон Мелисбекова жана Эламан Каныбеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин студиясында комуздун коштоосунда попурри аткарып беришти.

Алар америкалык белгилүү Linkin Park рок-тобунун Numb чыгармасын, бразилиялык Африк Симондун Hafanana, Анжиян полькасын жана "Операция Ы" тасмасынан алынган музыканы комузга салып, Атай Огомбаевдин "Маш ботой" күүсүн келтире чертип беришти.

Чолпон менен Эламан — Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти жана Улуттук консерваторияны аяктаган профессионал музыканттар.

Жаңылыктар түрмөгү
0