Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Аскар Акаев кызы Бермет менен кыргыздарга кам көрүп

Жазылуу
Күндүн нурун көрүп, жыпар жыт менен дем алуунун өзү чоң бакыт.

Ооба, замандаш. Байлык бакыт эмес. Чың ден соолукта болуп, күндүн көзүн көрүү, чымчыктардын сайрашын угуу чыныгы бакыт эмеспи. Андыктан ушул нерсеге каниет кылуу менен өткөн күнгө саресеп салабыз.

Ден соолук демекчи, Өмүрүн медицинага байлаган Мирсаид Миррахимов тууралуу кызыктуу 7 фактыны сунуштайбыз.

© Sputnik / Фред Гринберг / Медиабанкка өтүүКыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, Социалисттик эмгектин баатыры Мирсаид Миррахимов
Врач-терапевт, директор Научно-исследовательского института кардиологии при Министерстве здравоохранения КР, член-корреспондент Академии медицинских наук СССР Мирсаид Мирхамидович Миррахимов - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, Социалисттик эмгектин баатыры Мирсаид Миррахимов

Эгер бул факытлар аздык кылат десеңиз, анда сиздер үчүн сүрөттүү ирмемдерди камдап койдук

Кырсык каш-кабактын ортосунда. Кадамжайда аскерлер бара жаткан КамАЗ үйдү сүзүп, кырсыкка кабылды

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болсо авиакырсыктан жабыркагандарга ачылган атайын эсепти кайтадан ишке киргизди. Кыска мөөнөттүн ичинде эле үч миллионго чукул акча чогулуптур. Элибизден айланса болот. 

Өлкөгө муфтий болом дегендер аныкталды. Кененирээк бул жакта.

Ал эми Twitter компаниясында иштеген Наргиза ийгилик сыры менен бөлүшсө, Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев менен кызы Бермет Акаева Кыргызстандын келечеги тууралуу китеп жазышты

Жаштардан кем калышпаган спортчу Болот атабызды 80де десең эч ким ишенбейт. Сырын бул жактан билсеңиз болот.

Өткөн аптадагы кызыктуу ирмемдерди бул жактан көрсөңүздөр болот

Бүгүн өлкөдө күн ачык болот

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.76 (сатып алуу), 69.44 (сатуу) сомду түзөт.

Мунай баасы. Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Колдогу алтындын баркын биле жүрөлү.

Амандыгыңызды тилеп Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0