Twitter компаниясында иштеген Наргиза ийгилик сыры менен бөлүштү

© Sputnik / Табылды КадырбековTwitter компаниясында иштеген Наргиза Абдубалиева маек учурунда
Twitter компаниясында иштеген Наргиза Абдубалиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекендешибиз Наргиза Абдубалиева Twitter компаниясынын Сан-Францискодогу башкы кеңсесинен стажировкадан өткөндөн кийин Кыргызстанга келип Twitter кызматчыларынын бирикмеси долбоорун (Twitter Developer Community) жетектей баштаган.

Абдубалиева журналист Гүлдана Талантбековага атактуу Twitter компаниясынын командасына кантип кошулгандыгы жана англис тилин суудай сүйлөөнүн сырын айтып берди.

— Наргиза, канчадасыз?
— Канчада деп ойлойсуз?

— 25-26дасыз го дейм…
— Оо…туура! Сиз жаш куракка абдан туура баа берет экенсиз. Мени көбү 18 же 32-33 жашта деп ойлошот. Айтор, түшүнүксүз.

© Фото / Салтанат АлиеваНаргиза Абдубалиеванын Twitter компанисындагы стажировка беш жумага созулган
Кыргызстанка, работающая в комании Twitter Наргиза Абдубалиева  - Sputnik Кыргызстан
Наргиза Абдубалиеванын Twitter компанисындагы стажировка беш жумага созулган

Ай чырайы менен акылы төп келишкен Наргиза менен болгон маек ушинтип башталды.

— Наргиза, алгач айтсаңыз, Twitter компаниясында кантип иштеп калдыңыз? Алардын өкүлү катары Кыргызстандан долбоорлорду кантип ишке ашырып жатасыз?

Аналитик компании Facebook из Кыргызстана Зарема Асанбекова - Sputnik Кыргызстан
Facebook компаниясында иштеген кыргыз кызы: билим алууга эч качан кеч эмес!
— Twitter компаниясына барып, стажировка өтөм деген ой эч качан болгон эмес. 2015-жылы айымдар үчүн TechWomen аттуу программа бар экенин билгем. Кийинки жылы мекендешибиз Тилек Мамутов дал ушул программа тууралуу жакшы ойлорун жаза баштады. Каттоонун эң акыркы күнү арызымды бердим. Өтүп кеткенден кийин чоң компанияларды кое туруп, чаканына баш багайын деп ойлогом. Ал жакта резюме ачык эле түрдө жүрө берет экен. Анан ментор деп коет, мындайча айтканда устатым Twitter компаниясынан стажировка өтпөйсүңбү деп калды. Ишенген жокмун, угуп алып абдан толкундандым. Стажировкада жүргөндө да оозумду ачып эле таң калып жүрдүм. Менторум команда менен тааныштырып, долбоорлорду көрсөтүп, кантип иштөө керектиги туурасында бардыгын үйрөттү. Стажировка беш жумага созулду. Биринчи жумада эл менен бат тил табышканым менен көп деле сүйлөгөн эмесмин. Экинчи жумада Кыргызстан жөнүндө презентация жасадым. Орус тили расмий тил десем абдан кызыгышты. Анан программа аялдарга арналгандан кийин Борбор Азияда биринчи жолу Кыргызстанда аял президент болгонун айтып бердим. Стажировка аяктаганда КМШ өлкөлөрүндө Twitter компаниясынын техникалык бөлүгүнө байланыштүү долбоорду жетектөө боюнча сунуштар түштү. Учурда Бишкекте долбоорду уюштуруп ай сайын программисттерди, студенттерди, программага кызыккандарды бири-бири менен тааныштырып, тажрыйбасын бөлүшкөнгө шарт түзүп жатабыз.

© Фото / Салтанат АлиеваНаргиза Абдубалиева Twitter компаниясында стажировкадан өтөп деп эч ойлобогонун айтат
Наргиза Абдубалиева Twitter компаниясында стажировкадан өтөп деп эч ойлобогонун айтат - Sputnik Кыргызстан
1/3
Наргиза Абдубалиева Twitter компаниясында стажировкадан өтөп деп эч ойлобогонун айтат
© Фото / Салтанат АлиеваКызыл диплом кийин жумуш ордун камсыздап бере албасын, жакшы ийгиликтерге жетүү үчүн эмгектенүү керек дейт Наргиза Абдубалиева
Кызыл диплом кийин жумуш ордун камсыздап бере албасын, жакшы ийгиликтерге жетүү үчүн эмгектенүү керек дейт Наргиза Абдубалиева - Sputnik Кыргызстан
2/3
Кызыл диплом кийин жумуш ордун камсыздап бере албасын, жакшы ийгиликтерге жетүү үчүн эмгектенүү керек дейт Наргиза Абдубалиева
© Фото / Салтанат АлиеваНаргиза Абдубалиева: англис тилинин грамматикасына көбүрөөк көңүл койсо эле сүйлөшүүгө болот
Наргиза Абдубалиева: англис тилинин грамматикасына көбүрөөк көңүл койсо эле сүйлөшүүгө болот - Sputnik Кыргызстан
3/3
Наргиза Абдубалиева: англис тилинин грамматикасына көбүрөөк көңүл койсо эле сүйлөшүүгө болот
1/3
Наргиза Абдубалиева Twitter компаниясында стажировкадан өтөп деп эч ойлобогонун айтат
2/3
Кызыл диплом кийин жумуш ордун камсыздап бере албасын, жакшы ийгиликтерге жетүү үчүн эмгектенүү керек дейт Наргиза Абдубалиева
3/3
Наргиза Абдубалиева: англис тилинин грамматикасына көбүрөөк көңүл койсо эле сүйлөшүүгө болот

— Долбоорго катышкандар эмнелерди үйрөнө алышат?

— Программанын техникалык жагынан ар кандай мобилдик тиркемелерди, сайттарды түзүшөт. Акысыз сервистер менен иштей билүүнү үйрөтөбүз. Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүнө Твиттерди социалдык тармак катары жакшы билишкендиктен техникалык жагына көңүл бурушпайт. Коммерциялык эле эмес, социалдык долбоорлорду да иш жүзүнө ашырса болорун үйрөтөбүз. Биздеги кесипкөй адистер менен ишин жаңы баштагандарды жолуктуруп, тажрыйбабыз менен бөлүшүп, иштеп калышабы деп жатабыз.

— Twitter компаниясында беш жума жүрүптүрсүз. Ал убак кандай өттү, эмнелерди үйрөнө алдыңыз? Жеке сезимдериңиз менен бөлүшө кетсеңиз?

— Баргандан кеткенге чейин эле толкунданып жүрдүм. Командада иштегендерге сезимдерим тууралуу айтып берсем, "беш жылдан бери иштеп жүргөн биз деле күн сайын толкунданабыз, сен эми канча иштесең да ушундай сезимдер менен жүрөсүң" дешти. Twitter компаниясынын имараты абдан чоң. Акысыз спортзалы, тамак-аштын түрү бар. Эртең менен, түштө эмне жейм деп ойлонбойсуң. Сүт азыктары, жер-жемиштер толтура. Тазалык бөлмөсүнө кирсең тиш жуугучтан бери бар. Айтор, эртең менен ойгонуп алып эле келе берсең болот экен. Ичинде эмне гана жок… Жадагалса элден чарчасаң, өзүнчө бөлмөгө кирип эс алсаң болот экен. Мен жаңы келегенде "намаз окусаң, намазканабыз да бар" дешкен. Кыскасы, кызматкерлер бир гана жумуш тууралуу ойлонсун деп абдан жакшы шарттарды ойлонуштуруп чыгышкан.

© Sputnik / Табылды КадырбековАбдубалиева Кыргызстанда компаниянын долбоорлорун ишке ашырууга аракеттерди көрүп жатканын белгиледи
Кыргызстанка, работающая в комании Twitter Наргиза Абдубалиева  - Sputnik Кыргызстан
Абдубалиева Кыргызстанда компаниянын долбоорлорун ишке ашырууга аракеттерди көрүп жатканын белгиледи

— Сиз айтып жаткан TechWomen программасына кандай талаптар менен өттүңүз?

— Алгач англис тилинде эсселерди жазып жөнөткөнбүз. Акырында маектешүү болгон. Бул үчүн деле убакыт, анан каалоо керек. Англис тилин анча билбей эле өтүп кетип, Америкадан үйрөнүп келгендер бар.

— Twitter компаниясына чейин кайсы жактарда иштедиңиз эле?

— Техникалык компаниялардын программасына өткөнгө чейин эки жылдык иш тажрыйбаң болушу керек. Беш жыл мурун Борбор Азиядагы Америка университетин аяктагам. 4-курста IT компанияга практикага барып калгам. Ошондон тарта техникалык жакта иштеп жүрөм. Бирок окууну бүткүчө өзүмдү көп жерден сынап көрдүм. Бизнести башкаруу департаменти бөлүмүндө окугандыктан өзүмдү маркетинг жагынан сынадым, журналист болоюн деп да үч ай практикада жүргөм, котормочу да болуп иштеп көрдүм. 1-курста окуу акысы кымбат болгондуктан ата-энеме жардам берейин деп мейманканада иштегем. Бизде тейлөө кызматында иштегендерди башкача көз караш менен карашат. Мен мектепти алтын медаль, окуу жайды да кызыл диплом менен бүткөм. Тааныштарым көрүп калбасын деп өзүмдү ыңгайсыз сезип жүрдүм. Бирок ресепшн кызматы аркылуу эл менен сүйлөшүп, каттарды кантип жазыш керек экендигин үйрөнүп, англис тилимди ошол жактан өөрчүтүп баштадым. Чындыгында мындай кызматтар адамды чыйралтат. Керек болсо биздикилер тейлөө кызматындагылар менен учурашпайт. Ошон үчүн окуудан мурун адамгерчилик маанилүү деп ойлойм. Окууну бүткөндөн кийин каякта иштейм деп көп ойлончумун. Анткени кызыл диплом кийин толук түрдө жумуш ордун камсыздап бере албайт.

© Фото / Салтанат АлиеваTwitter компаниясы кызматкерлерине бардык шартты түзүп берген. Керек болсо тиш жууган щёткага чейин дайындашканын Абдубалиева кошумчалады
Кыргызстанка, работающая в комании Twitter Наргиза Абдубалиева  - Sputnik Кыргызстан
Twitter компаниясы кызматкерлерине бардык шартты түзүп берген. Керек болсо тиш жууган щёткага чейин дайындашканын Абдубалиева кошумчалады

— Чоң компаниянын босогосун аттаардан мурун тил маселесин да жөнгө салсаңыз керек?

— Апам келечегиң үчүн англис тилин үйрөн деген кеңешин көп берчү. Мектепти аяктап жатканда Борбор Азия университетине өткөнгө аракет кылып, кошумча курстарга барып үч ай окудум. Башында сабактарды түшүнбөй, ыйлап жүргөн учурларым болгон. Анан БААУга биринчи агым менен эле өтүп кеттим. Көбү чет тилдерди үйрөнүп жатам, бирок жыйынтык болбой жатат деп айтышат. Мен деле кошумча курс окуп койсо баары сонун болуп кетет деп айтпайм. Бардыгы жеке аракетиңен жана каалооңдон көз каранды. Мектеп, мугалим, курстар булар — багыт берүүчүлөр. Англис тилинин грамматикасына көбүрөөк көңүл койсо эле сүйлөшүп каласың. Азыр мен деле практиканын аздыгынан англис тилин унутуп калбаш үчүн тасмаларды көрүп, китептерди окуп турам.

— Twitter компаниясына барганда каражат жагы кандай болду?

Польшанын Варшава шаарындагы эл аралык CBRE компаниясында финансы боюнча аналитик болуп эмгектенген, кыргызстандык Чолпон Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Польшада иштеген Чолпон: Европада кыргыздыкындай үй-бүлөнү ыйык тутуу сезими жок
— Бардыгын өздөрү төлөп беришти. Компаниядан акысыз тамактангандыктан бир топ эле үнөмдүү болду. Башында тартынып эч нерсе жебей жаткам. Анан өздөрү "же, үйүңө да салып кет" деп жатышты. Жолубузду камсыздап, телефонго бекер сим-карттарды беришкен. Программа бүткөндөн кийин бир аз убакыт калып калдым. Баягы тамак-аштан арттырып алган акчага Американын штаттарын кыдырдым. Барганда эле мени менен барган кыздар өздөрүнө кийим, телефон алып тыйындарын жок кылып коюшкан. Үйгө келсем да акчам артып калган экен. Ошого бул жактан эле кийинип алдым (күлүп).

— Бул жактан долбоорлорду ишке ашырганыңыз үчүн сизге компания каражат бөлүп береби?

— Ооба, төлөнөт. Бирок башкалар ойлогондой өтө көп эмес. Акчасын чыгымдарга карап беришет. Айрым учурда долбоорлорго өзүмдүн деле каражатымды жумшап коем. Анткени алганды эмес, бергенди да үйрөнүш керек. Аларга жакшылык кылсаң, сага эки эселеп кайтарып беришет. Кесиптеш эмес, мыкты достордон болууга да жетиштик. Былтыр Twitter компаниясынын вице-президенти баш болгон топ Кыргызстанга келип кетишкен. Быйыл өзүмдүн тоюма да чакырсамбы деп турам. Өткөндө эле "сөзсүз айт, кайра келебиз, сен дагы келип-кетип тур" деп кетишкен.

© Фото / Салтанат АлиеваНаргиза анын тааныштары АКШда эле кал деп кеңеш беришкен, бирок ал Кыргызстанды тандаган
Кыргызстанка, работающая в комании Twitter Наргиза Абдубалиева  - Sputnik Кыргызстан
Наргиза анын тааныштары АКШда эле кал деп кеңеш беришкен, бирок ал Кыргызстанды тандаган

— Чет мамлекетте калып, иштейин деген ойлоруңуз болгон жокпу?

— Стажировкадан өтүп жатып Лос-Анжелестеги досума барсам, ал ошол жактагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу айта баштады. Нью-Йорктогу досума барсам дагы "калсаң жакшы болот" деген сунушун киргизди. Кечке ойлонуп отуруп апама чалсам, маанайы түшүп "мейли, өзүңө кара" деп калды. Ата-энем 70 жаштын кырында, мен үйдүн эң улуусумун. Алар кырк жашка чукулдап калганда баш кошкон. Анан жеке кыялдарым үчүн өзүмчүл болбоюн деп чечтим. Өз өлкөбүздө деле жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Чет мамлекетке кетишим мүмкүн, бирок азыр эмес.

— Жыйынтык сөз катары окурмандарга эмне деп айткыңыз келет?

— Канча тил билсең, ошончо адамсың. Чет тилдерин көбүрөөк үйрөнсөк. Билим алуу ата-эне, мугалим, мектептин деңгээлинен көз каранды эмес. Көп адамдар менен пикир алышып, жумушуңуздарды ашыгы менен аткарыңыздар. Баса, дайыма эле окуп жүрө бербей, иштегенге дагы аракет кылыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0