https://sputnik.kg/20170327/mirsaid-mirrahimov-tuuraluu-kyzyktuu-zheti-fakt-1032563375.html
Өмүрүн медицинага байлаган Мирсаид Миррахимов тууралуу кызыктуу 7 факты
Өмүрүн медицинага байлаган Мирсаид Миррахимов тууралуу кызыктуу 7 факты
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын гана эмес, Россиянын илимдер академиясынын академиги, Нью-Йорк академиясынын мүчөсү Мирсаид Миррахимовдун көзү тирүү болгондо бүгүн 90 жашка... 27.03.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-03-27T12:53+0600
2017-03-27T12:53+0600
2021-12-15T21:55+0600
https://sputnik.kg/img/103256/31/1032563178_409:669:3005:2129_1920x0_80_0_0_b2e40ed8c94a43d496fc1b0e4dae4e6f.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2017
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103256/31/1032563178_697:590:2769:2144_1920x0_80_0_0_beee59f8c6f01187edaea1ae760c594b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
кыргызстан, коом, жаңылыктар, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
кыргызстан, коом, жаңылыктар, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
Өмүрүн медицинага байлаган Мирсаид Миррахимов тууралуу кызыктуу 7 факты
12:53 27.03.2017 (Жаңыртылды: 21:55 15.12.2021) Кыргызстандын гана эмес, Россиянын илимдер академиясынын академиги, Нью-Йорк академиясынын мүчөсү Мирсаид Миррахимовдун көзү тирүү болгондо бүгүн 90 жашка чыкмак. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан залкар инсан тууралуу кызыктуу жети фактыны сунуштайт.
Алтымыш жылдай бейтаптарды дарылап, изилдөө иштерин байма-бай өткөргөн окумуштуунун 100дөн ашык шакирти өлкөнүн медицина тармагында иштеп келет. Андан сырткары, жазган китептери азыркыга чейин жаш окумуштуулар тарабынан колдонулууда.
1. Кардиология жана Мирахимов. Мирсаид Миррахимов 1927-жылы 27-мартта Фрунзе шаарында туулган. Атасы Мирхамид Миррахимов филармониянын алгачкы директору, музыкант болгон. Жаш улан Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун 1948-жылы артыкчылык диплому менен аяктап эмгек жолун баштаган. Өткөн кылымдын 50-60-жылдарында Кыргызстанда өлүмгө, майыптыкка алып барган илдеттердин ичинен жүрөк-кан тамыр оорулары биринчи орунда турган. Ал учурда аталган оорунун кесепетинен көз жумгандардын саны арбын болгон. Мындай көрсөткүчтөн улам совет республикаларынын ичинен Миррахимов алгачкылардан болуп коңгуроо кагып, адистештирилген кардиологиялык кызмат түзүү зарылчылыгын айтып чыккан. Натыйжада 1963-жылы 15 союздук республиканын ичинен Фрунзеде кардиология бөлүмү ачылган. Андан кийин 1977-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин токтомунун негизинде Кардиология илимий-изилдөө институту өз ишин баштаган.
2. Тоолуктардын ден соолугуна кам көргөн изилдөөчү. Дарыгердин демилгеси менен 1965-жылы СССРдин ичинен биринчи болуп Кыргызстанда бийик тоолуу аймакта бейтапкана ачылган. Өзгөчөлөнгөн оорукана деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктиктеги Төө-Ашууда жайгашып, 30 орунга ылайыкташкан. Ачылган мекеме бийик тоолуу климаттын ден соолукка тийгизген таасири боюнча изилдөө иштерин жүргүзгөн. Ал жакта аллергиялык, респиратордук, анемия илдеттери менен жабыркаган миңдеген адамдар дарыланган. Аталган оорукана азыр да өз ишмердүүлүгүн улантып келет.
3. Илимдин артынан кубалаган дарыгер кандидаттыгын 25 жашында, докторлукту 38 жашында жактап, бир жылдан кийин профессор болгон. 1970-жылдары дүйнөлүк масштабда адамды биологиялык жактан изилдөөгө багытталган программа ишке ашкан. Ага дүйнөнүн 80 өлкөсүнүн окумуштуулары катышып, СССРдин атынан адам көйгөйлөрү жана бийик тоолуу шарттарга ыңгайлашуу боюнча изилдөө тобун Мирсаид Мирахимов жетектеп барган.
4. "Миррахимовдун оорусу". Медицина илимдеринин доктору 1971-жылы бийик тоодогу өпкө гипертония оорусу жөнүндө жазып чыккан. Автор анда бул илдетке кеңири мүнөздөмө берген. Бара-бара убакыт өткөндөн кийин бул илдет эл арасында "Мирахимовдун оорусу" деп аталып калган.
5. Илимге башын байлаган инсан. Академик СССР курамындагы өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп бийик тоодо өпкө менен мээнин көөп чыккан шишик оорусу жана бул оор илдеттерди аныктоо, айыктыруу боюнча жазып чыккан. Ага чейин 1913-жылы чилилик дарыгер, 1937-жылы перулук изилдөөчү өз эмгектерин жарыялашкан. Бул багыттагы изилдөөлөрү үчүн Миррахимов Кыргыз ССРинин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгына татыган.
6. Космонавттарды даярдоого катышкан дарыгер. СССР окумуштуулары Ысык-Көлдө советтик космонавттарга изилдөө иштерин жүргүзгөн. Анда аларды ачык космоско чыгууга даярдоо, кайра учуп келгендерди реабилитациялоо иштерине Миррахимов да катышкан.
7. Жүздөн ашык окумуштуунун устаты. Медицина илимдеринин доктору өз ишмердүүлүгүн 60 жылдай улантып, 700дөй илимий эмгек, 20га жакын ойлоп табууну иштеп чыккан. Аны менен биргеликте Миррахимов 100дөн ашык илимдин докторун жана кандидаттарын тарбиялаган. Эң кызыгы, өзү докторлугун жактай электе эле илимдин алты кандидатын даярдап үлгүргөн.
Материалды даярдоодо Миррахимовдун шакирттеринин эмгектери, эскерүүлөрү колдонулду.