"Чычкан" капчыгайында 13-мартта түнкү саат 22.40дар чамасында 2,5 миллион куб кар көчкү түшүп, Бишкек — Ош жолу толугу менен жабылган. ӨКМдин билдиргени боюнча түшкөн көчкүнүн узундугу 250 метр, туурасы 200 метр, бийиктиги 50 метрге жетет. Адамдарды басып калган факты жок.