Бишкек — Ош унаа жолу толугу менен качан ачылары айтылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРСход лавины в ущелье "Чычкан" на автодороге Бишкек — Ош
Сход лавины в ущелье Чычкан на автодороге Бишкек — Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда "Чычкан" капчыгайына түшкөн кар көчкүнүн тазалоо иштери 70 пайызга аткарылган

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолу бүгүн саат 14.00дө толугу менен ачыла турганын Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, учурда "Чычкан" капчыгайына түшкөн кар көчкүнүн тазалоо иштери 70 пайызга аткарылган. Калган 30 пайызы бүгүн тазаланып бүтөт.

"Жолду тазалоо иштерин жетектеп жүргөн Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Бишкек — Ош дирекциясынын директору Тыныбек Кадырбековдун айтымында, жол бүгүн болжол менен саат 14.00дө ачылып, унаа каттамдары эки тараптуу коё берилет", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырктары, кечээ саат 16.40да Ала-Бел ашуусунда дагы көлөмү 10 миң метр куб кар көчкү түшүп төрт техника тартылганы айтылат.

Бишкек — Ош жолун тосуп калган тоодой кар көчкүнүн видеосу чыкты - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Ош жолун тосуп калган тоодой кар көчкүнүн видеосу чыкты
Белгилей кетсек, 13-мартта түнкү саат 22.40дар чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун "Чычкан" капчыгайына (246-чакырымы) жалпы көлөмү болжол менен 2,5 миллион метр куб, анын ичинен унаа жолго 144 миң метр куб кар көчкү түшүп, жол толугу менен жабылган. ӨКМдин билдиргени боюнча түшкөн көчкүнүн узундугу 250 метр, туурасы 200 метр, бийиктиги 50 метрге жетет. Адамдарды басып калган факты жок. Түндүк менен түштүктү бириктирген жолдун бөгөлүп калганына бүгүн кечинде үч сутка болот. Бул аралыкта Бишкек — Ош каттамына авиабилет алууга жеңилдиктер каралып, баасы 3000 сомдон ашпай турган болду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кырдаалдын жүрүшүнө байкоо салып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0