00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
ЕАЭС 2026: 5 главных итогов встречи глав правительств в Шымкенте, которые коснутся каждого
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Туяк
СССРдин Жогорку сотундагы жалгыз кыргыз юрист — Абдыкасым Супатаев
19:08
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
«Рога и копыта»: зачем Кыргызстану первая за 22 года перепись в сельском хозяйстве
20:06
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Ракка чалдыккан балдарды дарылоодо ата-эне медиктер менен чогуу иштешиши өтө маанилүү. Дарыгер менен маек
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
"Түндүк" президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берилдиБекешев Кыргызстанда төрөттү көбөйтүүнүн жолун сунуштадыТүндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун ачылышы дагы жылдыАлдыда кененирээкТүндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу 2028-жылы аяктайт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Ал көпчүлүк тилкелерде таш кулап, кар көчкү түшүп, күрткүлөр басып калган кооптуу аймактар бар экенин, жолду коопсуз кылуу үчүн кошумча курулмалардын курулушу жүрүп жатканын белгиледи. "Элдин талабы — жолду тезирээк бүткөрүп, ишке киргизүү. Бирок толук бүтпөгөн тилкелер жүргүнчүлөр үчүн опурталдуу, кооптуу бойдон калууда. Ага карабай айдоочулар посттордо турган күзөтчүлөргө сүйлөшүп, пара берип өтүп кетип жаткан фактылар бар. Элдин талабын жана суранычын эске алуу менен ушул жылдын июнь айынан ноябрь айына чейин жолду убактылуу ачуу чечими кабыл алынды. Кеч күздө ноябрь айынан баштап 2027-жылдын май айына чейин жол кайра жабылат", — деди Орунбеков. Эске салсак, узундугу 453 чакырымды түзгөн Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Жолду эксплуатацияга берүүнүн мөөнөтү бир нече жолу жылдырылды.
Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү эл аралык деңгээлде таанылат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар" агенттигинде өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк 34 коргоо элементтеринен жана 7 катмардан турат. "Эски айдоочулук күбөлүктө мындай коргоо элементтери болгон эмес. Бул документти жасалмалоого жол бербейт. Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү жасоодо эл аралык стандарттар сакталды", - деди ал.
Улуттук банк жыл башынан бери 5 жолу интервенция жасап, жалпы 725,45 млн доллар сатты Соңкусунда, кечээ рынокко 178,9 млн доллар чыгарылды. Салыштыруу үчүн былтыр каржы мекемеси сегиз жолу валюта рыногуна чыгып, жалпы 853 млн долларды жүгүртүүгө чыгарган.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев “балага сүйүнчү” жөлөк пулунун өлчөмүн 4 миң сомдон 10 миң сомго чейин көбөйтүүнү сунуштады. Анын пикиринде, бул Кыргызстанда төрөттүн көбөйүшүнө түрткү болот жана жаңы төрөлгөн ымыркай үчүн керектүү нерселерди сатып алууга жардам берет. Каржы министринин орун басары Жибек Дуйшеева 1-июлдан тартып үч жашка чейинки балдар үчүн ай сайын 1 200 сом өлчөмүндө жөлөк пул киргизилерин эске салды. Бул максатка бюджеттен 10 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнөт. “Эгер биз төрөттү көбөйтүүнү кааласак, анда дал төрөт маалында берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмүн жогорулатуу керек”, — деди депутат. Дуйшеева бул маселе акыркы эсептөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин 2027-жылга бюджет түзүү учурунда караларын айтты.
"Түндүк" ААКсы Санариптик өнүктүрүү министрлигинен президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берилди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Документ компаниянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Түндүк" мамлекеттик кызматтар үчүн мобилдик тиркеменин иштешин камсыздайт жана санариптик билим берүү, социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо жана сот, технология системаларын бириктирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0