https://sputnik.kg/20260331/1100539240.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 10 өлкө катышкан MedExpo Kyrgyzstan көргөзмөсү өтүүдөЛавров Россиянын Жакынкы Чыгышта ортомчулук кылууга даярдыгын айттыНоокенде бала бакчадагы бойлер... 31.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-31T19:00+0600
2026-03-31T19:00+0600
2026-03-31T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/03/1f/1100539074_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1f8e99002f3a0f4d55ba123005884890.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 10 өлкө катышкан MedExpo Kyrgyzstan көргөзмөсү өтүүдөЛавров Россиянын Жакынкы Чыгышта ортомчулук кылууга даярдыгын айттыНоокенде бала бакчадагы бойлер жарылып, дубалдар урап түшкөнНоокендеги бала бакчада бойлер жарылып, дубалдар урап түштү.Окуянын видеосу соцтармакка тарады. Кырсык бүгүн эртең менен Кызыл-Туу айылындагы №25 бала бакчада болгон. Маалыматты ӨКМ тастыктап, жабыркагандар жок экенин кабарлады.Видеонун авторунун айтымында, бойлер 7 жылдан бери иштеп, бир эле жолу оңдолгон. Техника эмне себептен жарылганы тактала элек. Видеосун биздин сайттан көрсөңүздөр болот.
Бишкекте саламаттык сактоо тармагына арналган ХХ эл аралык адистештирилген MedExpo Kyrgyzstan — 2026 көргөзмөсүнүн ачылышы өттү. Ага саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов катышты. Көргөзмө 31-марттан 2-апрелге чейин Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында болот. Ага 10 өлкө: Беларусь, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Латвия, Пакистан, Польша, Россия, Өзбекстан жана Түштүк Кореядан келген 90дон ашуун компания катышууда. MedExpo Kyrgyzstan саламаттык сактоо тармагындагы негизги кесиптик аянтчалардын бири болуп саналат. Ал мамлекеттик органдардын, медициналык коомчулуктун жана бизнестин ортосундагы кызматташтыкты жеңилдетип, заманбап технологиялар менен чечимдерди медициналык практикага киргизүүгө өбөлгө түзөт.
Бүгүн, 31-мартта Бишкекте “Динамикалык пирамида” боюнча чоңдор жана өспүрүмдөр арасында чемпионат башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу ачылыш аземге Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Каныбек Думанаев, бильярд спорту федерациянын өкүлдөрү, спорт чеберлери жана оюнчулар катышты. Жалпы мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген 104 спортчу катышууда. Жеңүүчүлөр дүйнөлүк чемпионаттарда өлкө намысын коргоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мелдештер 2-апрелге чейин уланат.
Россия Перс булуңундагы кризисти дипломатиялык каражаттар менен жөнгө салуу үчүн ортомчулук жана башка жардамдарды көрсөтүүгө даяр. Бул туурасында РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров айтканын РИА Новости жазды. "Аскердик күчтү Иранда болобу же бул кырдаалдан олуттуу зыян тартып жаткан араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешине кирген өлкөлөрдө болобу, жай тургундарга жана жарандык инфратүзүмгө каршы колдонуу туура эмес деп эсептейбиз. Кырдаалды саясий-дипломатиялык нукка кайтаруу жолдорун издөө аракеттеринде жаңжалдашып жаткандарга ортомчулук жана башка жардамдарды көрсөтүүгө даярбыз", — деген Лавров Эл аралык иштер боюнча кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып. Министр Иран жаңжалынын жалпы масштабга тарап кетүү кооптуулугу бар экенин белгилеген.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР:Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 53 тыйынга юань 12 сом 65 тыйынга рубль 1 сом 7 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 73 сом 40 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 79 сом 50 тыйындан жогору, дизель майы литрине 78 сом 80 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 39 сом 40 тыйындан сатылууда.
АБА ЫРАЙЫ1-апрелге караган түнү жана эртең менен айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. 1-апрель, шаршембиде күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +23...+28, Баткенде +22...+27, Талас аймагында +21...+26, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +15...+20 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкекте 10 өлкө катышкан MedExpo Kyrgyzstan көргөзмөсү өтүүдөЛавров Россиянын Жакынкы Чыгышта ортомчулук кылууга даярдыгын айттыНоокенде бала бакчадагы бойлер жарылып, дубалдар урап түшкөнНоокендеги бала бакчада бойлер жарылып, дубалдар урап түштү.Окуянын видеосу соцтармакка тарады. Кырсык бүгүн эртең менен Кызыл-Туу айылындагы №25 бала бакчада болгон. Маалыматты ӨКМ тастыктап, жабыркагандар жок экенин кабарлады.Видеонун авторунун айтымында, бойлер 7 жылдан бери иштеп, бир эле жолу оңдолгон. Техника эмне себептен жарылганы тактала элек. Видеосун биздин сайттан көрсөңүздөр болот. Бишкекте саламаттык сактоо тармагына арналган ХХ эл аралык адистештирилген MedExpo Kyrgyzstan — 2026 көргөзмөсүнүн ачылышы өттү. Ага саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов катышты. Көргөзмө 31-марттан 2-апрелге чейин Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында болот. Ага 10 өлкө: Беларусь, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Латвия, Пакистан, Польша, Россия, Өзбекстан жана Түштүк Кореядан келген 90дон ашуун компания катышууда. MedExpo Kyrgyzstan саламаттык сактоо тармагындагы негизги кесиптик аянтчалардын бири болуп саналат. Ал мамлекеттик органдардын, медициналык коомчулуктун жана бизнестин ортосундагы кызматташтыкты жеңилдетип, заманбап технологиялар менен чечимдерди медициналык практикага киргизүүгө өбөлгө түзөт.Бүгүн, 31-мартта Бишкекте “Динамикалык пирамида” боюнча чоңдор жана өспүрүмдөр арасында чемпионат башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу ачылыш аземге Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Каныбек Думанаев, бильярд спорту федерациянын өкүлдөрү, спорт чеберлери жана оюнчулар катышты. Жалпы мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген 104 спортчу катышууда. Жеңүүчүлөр дүйнөлүк чемпионаттарда өлкө намысын коргоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мелдештер 2-апрелге чейин уланат.Россия Перс булуңундагы кризисти дипломатиялык каражаттар менен жөнгө салуу үчүн ортомчулук жана башка жардамдарды көрсөтүүгө даяр. Бул туурасында РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров айтканын РИА Новости жазды. "Аскердик күчтү Иранда болобу же бул кырдаалдан олуттуу зыян тартып жаткан араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешине кирген өлкөлөрдө болобу, жай тургундарга жана жарандык инфратүзүмгө каршы колдонуу туура эмес деп эсептейбиз. Кырдаалды саясий-дипломатиялык нукка кайтаруу жолдорун издөө аракеттеринде жаңжалдашып жаткандарга ортомчулук жана башка жардамдарды көрсөтүүгө даярбыз", — деген Лавров Эл аралык иштер боюнча кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып. Министр Иран жаңжалынын жалпы масштабга тарап кетүү кооптуулугу бар экенин белгилеген.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР:Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 53 тыйынга юань 12 сом 65 тыйынга рубль 1 сом 7 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 73 сом 40 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 79 сом 50 тыйындан жогору, дизель майы литрине 78 сом 80 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 39 сом 40 тыйындан сатылууда.АБА ЫРАЙЫ1-апрелге караган түнү жана эртең менен айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. 1-апрель, шаршембиде күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +23...+28, Баткенде +22...+27, Талас аймагында +21...+26, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +15...+20 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/1f/1100539074_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_70c88866569e087bd9b9906c5ae6e3e7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио