ЖМК: талибдер Афганистанды кимдер башкарарын аныктады

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРасширенное заседание по вопросу мирного урегулирования в Афганистане
Расширенное заседание по вопросу мирного урегулирования в Афганистане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Жазылуу
Маалымат булагы кеңешке Афганистандын мурдагы өкмөтүнүн мүчөлөрү кире турганын билдирген. Жалпы жонунан кеңештин курамында 12 адам болот.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы Афганистандын башкаруу формасын аныктады. Бул тууралуу америкалык Foreigh Policy басылмасы ишенимдүү маалымат булагына таянып жазды. 

Ага ылайык, талибдер 12 адамдан турган кеңеш түзүүгө белсенип жатат. Анын курамына талибдердин саясий кеңсесинин жетекчиси молдо Абдул Гани Барадар, молдо Мухаммед Якуб, "Талибан" кыймылынын негиздөөчүсүнүн уулу Мухаммед Омар, "Хаккани тармагы" аттуу террордук топтун жогорку кызматтагы мүчөсү Халиль аль-Рахман Хаккани кирет.

Маалымат булагы басылмага Барадар менен Якуб кеңешке 20 жыл мурда террорчулардын колунан өлгөн "Түндүк Альянстын" лидери Ахмад Шах Масуддун уулу Ахмад Масудду кошуп алууну каалап жатканын билдирген. Бирок ЖМК мындай союздун болушу мүмкүн эмес экенин жазууда.

 Булардан сырткары төмөнкүлөрдүн ысымын аташты:

  • экс-президент Хамид Карзай;
  • ТИМ жетекчиси Ханиф Атмар;
  • Улуттук макулдашуу кеңешинин жетекчиси Абдулла Абдулла;
  • "Афганистандын ислам партиясынын" лидери Гүлбеддин Хекматияр.

Мындан тышкары, мурдагы президенттин администрациясынын айрым мүчөлөрүнө алар каалаган министрликтерди башкарууга сунуш берилери кабарланган.

Афганистандагы кырдаал

Пицца ташуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Афганистандын экс-министри Германияда пицца ташып иштеп жатат. Сүрөт
Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. 15-августта согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

16-августка караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.

Ал арада Панджшер аймагы талибдерге каршылык көрсөткөнү айтылып, вице-президент Амрулла Салех өлкөнүн убактылуу президенти экенин билдиргени маалым болду.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0