Айтматов ыраазы болуп... Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев тууралуу 9 факты

© Фото / пресс-служба президента РУзПрезидент Узбекистана Шавкат Мирзиеев
Президент Узбекистана Шавкат Мирзиеев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Жазылуу
Коңшу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 24-июлда, 64 жашын белгилеп жатат. Ал Өзбекстанды беш жылдан бери башкарып келет.

Президенттин туулган күнүндө Sputnik Кыргызстан агенттиги ал тууралуу кызыктуу фактыларды топтоду.

Манас айылында төрөлгөн. Шавкат Мирзиёев 1957-жылы 24-июлда Өзбекстандын Жиззах облусунун Зааминс районундагы Манас деген айылда төрөлгөн. Айрым маалымат булактары Мирзиёевдин үй-бүлөсү Өзбекстанга 1960-жылдары барганын, ал Тажикстандын Уратюбинск облусунун Яхтан кыштагында төрөлгөнүн жазып жүрүшөт.

Энесинен эрте ажырап... Болочок ажо дарыгерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Миромон Өзбекстандын Заамин районундагы кургак учук боюнча аймактык оорукананы башкарса, апасы ошол эле ооруканада медайым болуп эмгектенген. Бирок энеси көп жашаган эмес. Кургак учук илдетине кабылып каза болуп, Мирзиёев эки карындашы менен жетим калышкан. Кийин атасы татар кызына үйлөнүп, андан эки балалуу болгон. 

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүРоссия менен Өзбекстандын премьер-министрлери Михаил Фрадков жана Шавкат Мирзиёев (солдон оңго) Ташкенттеги жолугушуу учурунда. 2007-жыл
Айтматов ыраазы болуп... Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Россия менен Өзбекстандын премьер-министрлери Михаил Фрадков жана Шавкат Мирзиёев (солдон оңго) Ташкенттеги жолугушуу учурунда. 2007-жыл

Илимий агартуучу. Мирзиёев 24 жашында Ташкентте ирригация жана мелиорация боюнча айыл чарба институтун аяктап, инженер-механик адистигине ээ болгон. Окуусун аяктаган соң ошол эле институтта кичи илимий кызматкер болуп иштеп, техника илимдеринин кандидатына чейин жеткен. 35 жашында ошол эле институттун биринчи проректору болуп дайындалган.

Өзбекстан президентинин кызы Саида Мирзиёева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Саида Мирзиёева өзгөчө образдагы сүрөттөрүн жарыялап, алкоого арзыды
Айтматовдун назары түшүп... Шавкат Мирзиёев Жизак облусун башкарып турган кезде Борбор Азия элдеринин маданияттарынын Ассамблеясынын президентинен – Брюсселде жашаган кадимки Чыңгыз Айтматовдун өзүнөн ыраазычылык кат алат. Аны алп жазуучу хокимге (акимге) жаш акындардын семинарын мыкты өткөргөндүгү үчүн жиберген. 2008-жылы 12-14-июнда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинде Айтматовдун дүйнө салгандыгына байланыштуу көңүл айтуу зыйнаты уюштурулганда, өлкөнүн премьер-министри катары барган. Мирзиёев аза китепчесине эскерүү жана көңүл айтуу жазат. "Улуу жазуучу, ойчул жана гуманист Чыңгыз Айтматовдун каза болгондугу тууралуу кабарды Өзбекстанда өтө кайгы-капа менен кабыл алдык. Мына ушундай азалуу убактарда Өзбекстан жетекчилигинин, өкмөтүнүн жана калкынын атынан маркумдун үй-бүлөсүнө, тууган-уруктарына, ошондой эле бүтүндөй кыргыз калкына чын дилден аза кайгысын билдиремин жана сабыр тилеймин", – деген ал. Ал эми 2018-жылдын 2-апрелинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев "Улуу жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын кеңири белгилөө тууралуу" жарлыкка кол койгон. 

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүү Мирзиёев 2016-жылкы президенттик шайлоодо элдин 88,61 пайыз добушун алып жеңишке жеткен. Анын Өзбекстандын башкарып келе жаткандыгына беш жыл болду.
Айтматов ыраазы болуп... Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Мирзиёев 2016-жылкы президенттик шайлоодо элдин 88,61 пайыз добушун алып жеңишке жеткен. Анын Өзбекстандын башкарып келе жаткандыгына беш жыл болду.

46 жашында өкмөт башчы болгон. Шавкат Мирзиёевдин саясий ишмердүүлүгү акимдик кызматтан башталып, мажилистин депутаты, губернатор да болуп иштеген. Кызматтан кызматка көтөрүлүп отуруп 46 жашында Өзбекстандын мурдагы ажосу Ислам Каримовдун сунушу менен өкмөт башчы болуп дайындалган.

Жубайы. Шавкат Мирзиёев менен Зироатхон Хошимова Ташкенттеги Айыл чарба институтунан табышкан. Институтта Мирзиёев комсомолдор комитетинин катчысы, ал эми Хошимова жакшы окуган студенттердин бири экен. Окуу жайдагылар аларга суктанып, жарашыктуу жана интеллигенттүү түгөйлөр деп атап коюшчу дешет. Бирок экөөнүн баш кошуусуна кыз тарап каршы болгон. Айрыкча Зироатхондын чоң атасы менен чоң апасы макул болбой, жаштар Мирзиёевдин өжөрлүгүнүн аркасы менен сүйүүсүнө жеткен. Мирзиёевдин кайнатасы Махмуджон Хошимов шаардын кадыр-барктуу адамдарынын бири болгон. Убагында ал Орто Азиянын Кокондогу темир жол камсыздоо бөлүмүн жана "Дорресторан" вагон ресторандарын башкарган. Айрым маалыматтар боюнча, атасы Фергана өрөөнүндөгү эң бай кишилердин бири болчу. 

© AFPШавкат Мирзиёев жубайы Зироатхон Хошимова менен Ташкенттеги Айыл чарба институтунан табышкан. Азыр алардын эки кыз, бир уулу бар.
Айтматов ыраазы болуп... Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Шавкат Мирзиёев жубайы Зироатхон Хошимова менен Ташкенттеги Айыл чарба институтунан табышкан. Азыр алардын эки кыз, бир уулу бар.

Балдары. Өзбекстан президентинин Шахноза жана Саида аттуу эки кызы жана Даврон аттуу уулу бар. Эки кызы тең турмушка чыккан. Кичүүсү Шахноза Өзбекстандын Мектепке чейинки билим берүү министрлигиндеги бөлүмдөрдүн биринин жетекчисинин орун басары экени айтылган. Ал эми улуу кызы Саида 2019-жылдын апрель айында республикадагы Маалымат жана массалык коммуникация боюнча агенттиктин директорунун орун басарлыгына дайындалган. Ажонун уулу сүрөттөрдө мектеп курагында экени көрүнүп турат. Баса, Шавкат Мирзиёевдин кенже күйөө баласы Отабек Умаров өткөн жылдары автоунаасынын ылдамдыгын жогорулатып айдаганы үчүн миллиондук айыпка жыгылган. Отабек 2017-жылы кайнатасынын — президенттин күзөт башкармалыгынын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалган. Баса, Мирзиёевдин жээндеринин бири да таятасынын ысымын алып жүрөт, тагыраагы, анын аты да Шавкат. Улуу кызы Саида уулуна атасынын атын бергенин жазган. 

© AP Photo / Anvar Ilyasov / PoolШавкат Мирзиёев үй-бүлөсү - жубайы, уулу, кыздары, күйөө балдары жана неберелери менен.
Айтматов ыраазы болуп... Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү - жубайы, уулу, кыздары, күйөө балдары жана неберелери менен.

Камкор ата. Мындан эки жыл мурда орозо аяктар алдында Шавкат Мирзиёевдин аш басып жаткан сүрөтү интернет айдыңына чыккан. Аны кызы Саида Мирзиёева өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына жайгаштырып, "кээде атам биздин үй-бүлөлүк майрамдагы дасторконго ашты өзү басат, биз жардам беребиз" деп жазып койгон. Өзбек ажосу буга чейин "дем алыш күндөр үй-бүлө, бала-чакага арналуусу зарыл" деген максатта мамлекеттик кызматкерлер ишембиде саат 17.00гө чейин иштеп, жекшемби күнү таптакыр ишке келбеши керек деген талап койгон. Ошондой эле кыздардын эрте турмушка чыгуусуна да тыюу салган.

Президенттиги тууралуу. Мирзиёев 2016-жылкы президенттик шайлоодо элдин 88,61 пайыз добушун алып жеңишке жеткен. Ошол жылдын 13-декабрында парламенттин токтому менен Өзбекстандын премьер-министрлик кызматынан бошотулган. Ал эми 14-декабрда салтанаттуу түрдө ант берип, президенттик кызматына киришкен. Анын Өзбекстандын башкарып келе жаткандыгына беш жыл болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0