Кытайда бир суткада үч кишиден гана коронавирус чыкты

© AFP / NICOLAS ASFOURIПекиндеги темир жол вокзалда эки киши коштошуп жатышат. Архив
Пекиндеги темир жол вокзалда эки киши коштошуп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайда вирус жуктурган үч кишинин экөө сырттан келген, бирөө өлкөдөгү Хэйлунцзян провинциясынан кабылган. Ал эми эпидемиянын очогу болгон Хубэйде кечээ бир да адам вируска кабылган эмес.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кытайда бир сутка ичинде коронавирус үч гана кишиден табылып, 80 бейтап айыгып чыкты. Ал эми каза болгондор жок экендигин өлкөнүн саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети билдирди деп РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, үч кишинин экөө сырттан келген, бирөө өлкөдөгү Хэйлунцзян провинциясынан кабылган. Учурда жалпысынан чет мамлекеттен келгендердин арасынан 1636 кишиден коронавирус аныкталып, 1009у айыгып чыккан. Азыр 627 киши илдет менен күрөшүп, 22синин абалы оор деп бааланууда. Бирок өлгөндөр жок.

"Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитет 31 облустан (райондордон, борборго баш ийген шаарлар) 82 830 киши коронавирус жуктургандыгы тууралуу маалымат алган. Анын ичинде 723 адам ооруп жатат (52 адам оор абалда), 77 474 адам айыгып чыгып, 4633 адам көз жумду", — деп айтылат билдирүүдө.

Медициналык маска кийген дарыгердин сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун экинчи толкуну башталары болжонууда. Кантип сактануу керек
1-апрелден бери өлкө бийлиги оору симптому жок өтүп жаткандыгын айтып баштады. Акыркы убакта 25 кишиден коронавирус чыгып, дагы 51 адам карантиндик жайдан чыккан. Вирустун белгилери жок деген 974 адам медициналык көзөмөлдө.

Эпидемиянын очогу болгон Хубэй провинциясында бир да адам коронавируска кабылган эмес. Ал жактагы 12 адам ооруканалардан чыгарылган. Аталган провинциянын өзүндө вирусту 68 128 адам жуктуруп, анын 63 616сы айыгып, 4512 адам көз жумган. Учурда провинциянын ооруканаларында COVID-19 менен жаткан бейтап жок калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0