Ит энеси таштап кеткен ымыркайды сактап калды. Өзбекстандагы окуянын видеосу

© AP Photo / Teresa CrawfordЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖМКлардын жазганына караганда, ымыркайды энеси таштап кеткен, учурда ал ооруканада. Дарыгерлер бөбөктүн абалын орточо оор деп баалап жатышат.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Самаркандда бактын түбүнө ташталган жаңы туулган ымыркайды ит таап алып, кожоюнуна алып барып берди. Бул тууралуу Zamon телеканалына шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, окуя 6-февраль күнү болгон, 21 жаштагы кыз жаңы төрөгөн баласын дарактын түбүнө таштап кеткен.

"Ит баатырлыгын көрсөтүп, көргөн элди таң калтырды. Жаныбар ымыркайды тиштеп алып кожоюнуна алып барган. Ал таштанды баланы дароо медиктерге өткөрүп берди”, — деп айтылат макалада.

Ооруканага алып келгенде баланын ар кайсы жери тытылып, үстү булганып калган болчу. Азыр дарыгерлер бөбөктүн абалын орточо оор деп баалап жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0