Өзбекстанда дронду мыйзамсыз сатып алган киши кесилет. Жаңы мыйзам

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДрон. Архив
Дрон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин дрондорду мыйзамсыз сатып алгандарга 90 долларлык айып пул салынчу.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Өзбекстанда учкучу жок учуучу аппараттарды мыйзамсыз сатып алгандар үч жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул тууралуу өлкөнүн Кылмыш жана жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдө көрсөтүлгөнүн Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

"Эми учкучу жок учуучу аппараттарды атайын уруксатсыз сатып алгандар үч жылга, эгер аппараттын шектүү жагдайда иштетилгени билинсе, ээси сегиз жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат", — деп айтылат макалада.

Аталган мыйзам күчүнө алты айдан кийин кирет.

Буга чейин дрондорду мыйзамсыз сатып алгандарга 90 долларлык айып пул салынчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0