БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Ичан шаарынын Хэнань кыштагындагы Саламаттык сактоо жана баланы пландоо боюнча комитет жергиликтүү аткаминерлерди элге үлгү көрсөтүп, экинчи балалуу болууга үндөгөн ачык кат жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости People"s Daily гезитине таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, бийлик "бир гана балалуу болуу" саясатын жоюп, эки балалуу болууга уруксат берилгенине карабай, өлкөдө төрөттүн саны өскөн эмес.
Ошондон улам бул комитет жергиликтүү чоңдорго жана Кытайдын Жаш коммунисттик лигасынын мүчөлөрүн дагы "өз салымын" кошуп, үй-бүлөдө экинчи балалуу болууга чакырды.
Төрөлүү деңгээлинин төмөндөшү элдин картаюусуна алып барат. Мунун кесепетинен шаарларда жумуш мигранттары дагы эч каттабай, экономикалык өсүш төмөндөйт, мындан улам жалпысынан өлкө артка кетери белгилүү.
1970-жылдын аягында Кытай "Бир үй-бүлө — бир бала" саясатын киргизген болчу. Бирок кийинчерээк бул чектөө гендердик теңсиздик жана элдин картаюусу сыяктуу демографиялык көйгөйлөргө алып келген. Ошондуктан элге экинчи бала күтүүгө уруксат берилген. Экинчи балалуу болууга жуптардын жок дегенде бирөөсү үй-бүлөдө жалгыз болсо гана уруксат берилет.
2014-жылдагы алынган маалыматка таянсак, Кытайдын элинин саны 1,37 миллиард адамды түзгөн. Алардын 51,2 пайызы эркек болсо, 48,8 пайызы — аялдар.
Кытай бийлигинин алдын ала изилдөөлөрү боюнча,эки балалуу болуу саясаты ишке ашса, 2030-жылы элдин саны 1,45 миллиарад адамга жетмекчи.