22:55 23 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Кытай мамлекетинин желеги. Архив

Карыз капсалаңы. Кытайдан акча алган өлкөлөрдүн тагдыры кандай болгон

© AFP 2019 / MARK RALSTON
Аналитика
Кыскача шилтеме алуу
180803

Жакында эле Кытай эл республикасынын өлкөбүздөгү элчиси Кыргызстан карызын төлөөгө тийиш деп билдирди. Кытай ушуга чейин өнөктөш өлкөлөргө ырайымдуулук кылып, аласасын кечти беле? Карызкор өлкөнү кандай талап менен эпке келтирет?

Кытай Азия, Африка жана Европанын 68 өлкөсүндө жалпы наркы 8 триллион долларды түзгөн долбоорлорду каржылайт. Center for Global Development (АКШ) аналитикалык борбору жакында эле өз өнөктөштөрүнө насыя берген Кытайдын инвестициялык саясатын изилдеп көргөн.

Кытай карызы боюнча Кыргызстандын тагдырлаштары

Бишкектин ТЭЦи. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Аталган изилдөөнүн жыйынтыктыгында аналитиктер мындай долбоорлорго катышуунун кесепетинде каржылык көз карандылыкка кабылган сегиз өлкөнү аныкташкан. Жибути, Лаос, Мальдив аралдары, Монголия, Черногория, Пакистан жана Тажикстан өңдүү бул топко кирген өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан да бар.

Ушул жылдын март айына карата Кыргызстандын Кытайга (Эксимбанк КЭР) болгон мамлекеттик тышкы карызы 1 миллиард 709 миллион долларды түзгөн. Көрсө, акыркы 10 жыл ичинде бул мамлекеттен алган карызыбыз дээрлик 200 эсеге жогорулаптыр. Анын ичинде 386 миллион доллар баш калаанын ТЭЦин жаңылоо үчүн алынган. Ошондо да бул үлкөн өлкөгө жарым миллиард доллар кайтарууга тийишпиз.

Карыздын кайтарылганы жакшы

Өткөндө эле интернетте активисттердин Кытайга болгон карызыбызды кайтаруунун ыкмасын сунуштаган тасмасы жарыяланган. Кайдыгер карабаган мекендештерибиз коңшу мамлекет карыз ордуна жерибизден кертип аларын айтып чочулап, андыктан өлкө тургундарына ортого акча чыгарып, карыздан кутулууну сунушташкант.

Мурда Кыргызстандын карыздарын Түркия, Германия жана стратегиялык өнөктөш Россия кечип койгон. Кытай да өлкөбүздүн эң башкы өнөктөштөрүбүздүн бири болуп саналат.

Март айында Кыргызстандагы Кытайдын ыйгарымдуу элчиси Сяо Цинхуа КЭРге болгон карызынан КР макулдашууларга ылайык кутулууга тийиш экендигин билдирген.

"Кытай жеңилдетилген насыя бөлгөн. Кыргызстанга андан пайда болгонун билебиз. Бул карыздар макулдашуунун негизинде гана жоюлат. Бирок Кытай тарап бул маселени карабайт (карызды кечүүнү – редакциянын тактоосу), — деген ал.

Sputnik Кыргызстан редакциясы үлкөн мамлекеттин бийлиги өнөктөш өлкөлөрдүн карызын кечкен учуру болгон-болбогонун, кутула албай калгандары кандай тагдырга кабылганын тактап көрдү. Маалыматтар ачык булактардан алынды.

Акча ордуна мааниси зор порт

Эл аралык валюта фондусунун маалыматы боюнча Шри-Ланканын тышкы карызы 2017-жылдын аягына карата 48,3 миллиард доллар, же аталган өлкөнүн ИДПсынын 80 пайызын, ал эми Кытайдын үлүшү болжол менен 8 миллиард долларды түзгөн.

Бирок New York Times гезити жазгандай, Шри-Ланканын бийлиги убактысында Кытайга карызын бере албай калган, натыйжада өлкө үчүн мааниси чоң Хамбантота портун China Merchants Port Holdings кытай мамлекеттик ишканасына өткөрүп беришкен. Мында "Хамбантота" башкаруучу компаниясынын акцияларынын көзөмөлдөөчү пакети, ал эми порттун өзү 99 жылга ижарага берилген. Бирок мындай айырбаштоодон кийин да Кытай карыздын толугун эмес, 1,1 миллиард долларын гана кечкен. Америкалык басылма бул жагдайды "карыз капканы" деп атаган.

Хамбантота Инд океаны аркылуу өткөн дүйнөлүк соода жолдорунун дал кесилиш түйүнүндө жайгашкан терең порт болуп саналат. Ал КЭРдин энергетикалык коопсуздугу үчүн алмаштырылгыс объект, себеби, сырттан алып келинген мунайдын үчтөн эки бөлүгү ушул портко жакын багыттар боюнча өтөрү белгиленет.

Аскердик аяк басуу үчүн насыялар

CNN кабарлагандай, Кытай Вануату арал мамлекетине берген насыяларынын эсебинен Түштүк-Тынч океан аймагында аскердик аяк басууну пландоодо. Аталган телеканал кытай тарап Вануатудагы Эспириту-Санто аралындагы порттун курулушуна жана башка ири долбоорлорду ишке ашырууга 270 миллион доллар көлөмүндө насыя бөлгөн. Серепчилердин маалыматына таянсак, бул зайым тынч океандык мамлекеттин тышкы карызынын жарымын, ал эми өлкөнүн ИДПсынын үчтөн бир бөлүгүнө жакынын түзөт.

Эгер жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалымат тастыкталса, анда Австралиядан эки миң чакырым аралыкта Кытайдын аскердик-деңиздик базасы пайда болот деп белгилейт аталган телеканал. Белгилүү болгондой, Австралия Кытайдын аскердик пландарына каршы чыгууда.

Карыз ордуна база

Кытай тарап Вануату менен болгон кырдаалда "карыз капканын" пайдалануудагы өз тажрыйбасына таянат. Ушул тапта Кытайдын чет элдик базасы Африкалык Рогадагы Жибутиде жайгашкан. Ал Азия менен Европанын чектешкен жериндеги маанилүү транспорттук "тамырына" жакын.

Asia Times түштүк африкалык мамлекетке аскердик аяк басууну Кытай бийлиги Жибутинин ИДПсынын жарымына жеткен ири өлчөмдөгү зайымдардын эсебинен ишке ашырды деп билдирет.

Center for Global Development аналитикалык борбору болжолдогондой, Жибутинин мамлекеттик карызындагы Кытайдын үлүшү жакынкы жылдары 82ден 91 пайызга чейин өсөт.

Пакистандык коридор

Asia Times басылмасы 2015-жылы Пакистан өкмөтү China Overseas Port Holding кытай мамлекеттик ишканасына Гвадар портун "өзгөчө" экономикалык аймак жаратуу үчүн 43 жылга ижарага бергенин жазат. Анда белгиленгендей, Исламабад Пекинге 16 миллиард доллар карыз. Узак мөөнөттүү келишим алкагында КЭР аталган порттун кирешесинин 91 пайызын, андан тышкары, аны курчаган "эркин аймагынан" да 85 пайызын алат.

Гвадар КЭРдин Синьцзян-Уйгур автономиялык районунан башат алган кытай-пакистандык экономикалык коридорунун түштүк чеги болуп саналат.

Жалпы наркы 46 миллиард долларга бааланган бул масштабдуу долбоор Кытай менен энергетикалык ресурстарга бай Жакынкы Чыгыш менен байланышууга мүмкүндүк берет.

Бул коридор азыркы чакта КЭРдин сырттан алган мунайынын 80 пайыздан ашыгы өтүп жаткан Малак булуңуна альтернатива катары кызмат өтөп бериши мүмкүн.

Алтын кенине — ТЭЦ

Географиялык да, каржылык жагынан да бизге жакын мисал Тажикстанда бар. Ушул жылдын апрелинде аталган өлкөнүн бийлиги Кытайга Жогорку Кумарг алтын кенин "Душанбе-2" ТЭЦинин курулушу үчүн өткөрүп берди. Борборлоштурулган жылуулук түйүнүнүн чыгымы 350 миллион долларды чапчып, анын басымдуу бөлүгүн, тагыраак, 330 миллион долларын дал ушул Кытай бөлүп берген. Муну кошкондо КЭРге болгон Тажикстандын карызы 1,2 миллиард доллардан көбүрөөк.

Тажик өкмөтүнүн Геология боюнча башкы башкармалыгынын маалыматына караганда Согду облусундагы кенди ТЭЦти курган ТВЕА компаниясы иштетмекчи. Ишкана курулушка салынган бардык каражаттарды жапканча аталган кенден алтын өндүрөт, карыздан кутулганда жаңы шарттарда жаңы келишим түзүлмөкчү.

Ири келишимдер ордуна карыздан кечүү

Кытай 2016-жылдын октябрында Камбоджанын 90 миллион доллар карызын 31 келишим түзүү менен жойгон. Бул кытай компаниялары ишке ашырып жаткан бир катар долбоорлор үчүн жаңы насыяларды алууга шарт түзгөн. МВФдин маалыматына таянсак, Камбоджанын жалпы карызынын 43 пайызы — Кытайдын үлүшү.

Кечирилген миллиарддаган тугриктер

Ошол эле 2016-жылы Кытай Монголиянын 18,8 миллион доллар (38 миллиард тугрик) көлөмүндөгү карызын жойгон деп билдирет ARD басылмасы. Бул насыялар 1958-1960-жылдары, ошондой эле 1991, 1992 жана 1994-жылдары алынган. Карызды кечүүнүн себептери айтылган эмес.

2002-жылы КЭР Хамид Карзайдын өкмөтүнө көмөктөшүүнү чечип, карыздарынан кечкен. Муну менен Афганистанга "Талибан" режиминин башкаруусунун, америкалык антитеррордук кампаниянын кесепеттеринен улам кептелген туңгуюктан чыгып, ирденип алуусу үчүн колдоо көрсөткөн. Кечирилген карыздардын суммасы ачык айтылган эмес, бирок 1960-жылдан 2002-жылга чейин бөлүнүп келген зайымдарга тиешелүү экендиги анык.

Кытай 2000-жылдан 2009-жылга чейин 35 африкалык өлкөнүн жалпы 2,85 миллиард доллар өлчөмүндөгү карызын кечкен. 

2007-жылы Азия, Кариб бассейниндеги жана Тынч океандагы 49 өнүкпөй калган жана жакыр мамлекеттин карызын жойгон. Алардын арасында африкалык мамлекеттер да бар. Алар 1950-жылдан бери Кытай өкмөтү берип келген каржылык жана материалдык каражаттарга тиешелүү болчу.

Тема боюнча

Кыргызстандын Кытайга болгон карызы 10 жыл ичинде 200 эсе өскөн. График
Белгилер:
насыя, карыз, Кытай, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ