Грантка курулат деген мектеп эмнеге бюджеттин 109 млн. сомун сорду? Кайра эле ТВЕА

© Sputnik / Жоомарт УраимовОбращение сома в Кыргызстане
Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайдын ТВЕА компаниясы Кыргызстанга мектеп курууга 2 миллион доллар грант бөлгөн. Бирок анын 1 миллиондон ашык каражатына мектептин фундаменти менен каркасы гана бүткөндүктөн, мамлекеттин бюджетинен дагы 100 миллион сомдон ашык каражат бөлүүгө туура келген.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Бишкек ТЭЦин 386 миллион долларга модернизациялоо милдетин алган кытайлык ТВЕА компаниясы ошол келишимдин алкагында Кыргызстанга 2 миллион доллар грант бөлүп, ага мектеп куруп берүүнү убадалаган.

Жаңы мектеп Бишкектеги "Калыс-Ордо" конушунан орун алмай болгон. Ал эми өкмөт бериле турган грантка эл аралык стандартка төп келген мектепти куруу боюнча №502 буйругун 2014-жылдын 13-ноябрында чыгарып, ага ошол мезгилдеги премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгон.

Мындай буйрук чыккандан кийин Бишкек мэриясы менен ТВЕА меморандум түзгөн. Ага ылайык, мектепти кура турган подрядчыны ТВЕА өзү тандап, чыгымдарды да өзү эсептемей болот. Ошентип 2015-жылы кытайлык компаниянын тандоосу менен курулуш иштерин "Альто Групп" ишканасы жүргүзүп, төрт айда курулушту бүтүрүүгө сөз берет.

Бишкек ТЭЦинин кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек ТЭЦи кымбатка турдубу? КМШ өлкөлөрүндөгү башка ТЭЦтерге канча акча кеткен
Бирок төрт ай эки жылга созулган. Тагыраагы, "Альто Групп" ишти акырына чыгара албай койгондо ТВЕА аны менен келишимди үзүп "Главстрой" ишканасын жалдаган. Тилекке каршы, бул компания дагы курулуш ишин акырына чыгарбастан кетип калган. Акыры 2016-жылы "Айкөл Строй" аттуу дагы бир компания ТВЕА тарабынан тандалып, мектептин курулушун бүтүрөт.

"Айкөл Строй" ишканасынын директору Сейиткан Алиев мектепти куруп бүтүрүү боюнча сунуш түшкөндө, баягы 2 миллион доллардан 759 миң доллар гана калганы белгилүү болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып берди.

"Биз барганда мектептин каркасы эле турган. Буга байланыштуу 759 миң долларга калган ишти бүтүрүү мүмкүн эмес болчу. Ошондуктан кошумча каражат берсеңер ишти колго алайын, болбосо мынча акчага бүтүрө албайм деген жообумду бердим. Ошондо жетпеген акчаны, тагыраагы 104 миллион сомду мэрия шаардык бюджеттен бөлүп берүүнү убадалаган. Кийин иш башталаар алдында 91 миллион сом шаардык бюджеттен биздин эсепке которулган. Ошондо УКМК текшерүүгө алып, анын негизинде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп койду", — деди Алиев.

Бишкек ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нурлан Өмүркул уулу ТЭЦтеги коррупция тууралуу билген үч кишинин атын атады
Чынында эле Башкы прокуратура "Айкөл Строй" ишканасы курулуш ишин кытай компаниясы бөлгөн 700 миңдей долларга бүтүрбөстөн, мэриянын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы жана Финансы башкармалыгынын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, бюджеттен дагы кошумча 91 миллион 500 миң сом бөлдүрүп алган деген жүйө менен кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Башкы прокуратура тараткан маалыматта белгиленгендей, мектептин курулуш иши кытай компаниясы бөлгөн каражатка гана бүткөрүлүшү керек болчу.

2 миллион доллардын сарпталышы

Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүркановдун Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдиргендей, мектепти куруу милдетин алган биринчи "Альто Групп" компаниясы келишимге ылайык 1 миллион долларды алдын ала котортуп алган.

"2015-жылдын 13-апрелинде "Дом мечты" деген бренди менен таанымал "Альто Групп" компаниясы менен келишим түзүлгөн. Алар мектепти төрт айда бүтүрөбүз дешкен болчу. Документте каражаттын 50 пайызы алдын ала компанияга которулушу керектиги көрсөтүлгөндүктөн, ТВЕА 1 миллион долларды өзү түз которгон. Бирок бир жылдын ичинде иш жылбай койду. Анан соттошуп отуруп "Альто Группту" кетирдик", — деди Өмүрканов.

Анын айтымында, кийин ТВЕА "Главстрой" деген дагы бир компанияны алып келген.

"Бул компания дагы материал алганга акча керек дегенде ТВЕА 288 миң 600 доллар которду. Алар ишти 2016-жылдын 1-сентябрында бүтүрөбүз дешти. Бирок иш кайрадан эле жүрбөй калды. Бирок каркас пайда болуп калган эле", — деди курулуш башкармалыгынын жетекчиси.

Ал ошондой эле ТВЕА консультанттарга жана техникалык көзөмөлгө деп 2 миллиондун ичинен 12 миң долларды кармап калганын кошумчалады.

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек ТЭЦин 386 миллион долларга модернизациялоо милдетин алган кытайлык ТВЕА компаниясы ошол келишимдин алкагында Кыргызстанга 2 миллион доллар грант бөлүп, ага мектеп куруп берүүнү убадалаган
Бишкек ТЭЦин 386 миллион долларга модернизациялоо милдетин алган кытайлык ТВЕА компаниясы ошол келишимдин алкагында Кыргызстанга 2 миллион доллар грант бөлүп, ага мектеп куруп берүүнү убадалаган - Sputnik Кыргызстан
1/7
Бишкек ТЭЦин 386 миллион долларга модернизациялоо милдетин алган кытайлык ТВЕА компаниясы ошол келишимдин алкагында Кыргызстанга 2 миллион доллар грант бөлүп, ага мектеп куруп берүүнү убадалаган
© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы мектеп Бишкектеги "Калыс-Ордо" конушунан орун алмай болгон.
Жаңы мектеп Бишкектеги Калыс-Ордо конушунан орун алмай болгон. - Sputnik Кыргызстан
2/7
Жаңы мектеп Бишкектеги "Калыс-Ордо" конушунан орун алмай болгон.
© Sputnik / Табылды КадырбековАл эми өкмөт бериле турган грантка эл аралык стандартка төп келген мектепти куруу боюнча №502 буйругун 2014-жылдын 13-ноябрында чыгарып, ага ошол мезгилдеги премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгон.
Ал эми өкмөт бериле турган грантка эл аралык стандартка төп келген мектепти куруу боюнча №502 буйругун 2014-жылдын 13-ноябрында чыгарып, ага ошол мезгилдеги премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгон. - Sputnik Кыргызстан
3/7
Ал эми өкмөт бериле турган грантка эл аралык стандартка төп келген мектепти куруу боюнча №502 буйругун 2014-жылдын 13-ноябрында чыгарып, ага ошол мезгилдеги премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгон.
© Sputnik / Табылды КадырбековМындай буйрук чыккандан кийин Бишкек мэриясы менен ТВЕА меморандум түзгөн.
Мындай буйрук чыккандан кийин Бишкек мэриясы менен ТВЕА меморандум түзгөн. - Sputnik Кыргызстан
4/7
Мындай буйрук чыккандан кийин Бишкек мэриясы менен ТВЕА меморандум түзгөн.
© Sputnik / Табылды КадырбековАга ылайык, мектепти кура турган подрядчыны ТВЕА өзү тандап, чыгымдарды да өзү эсептемей болот.
Ага ылайык, мектепти кура турган подрядчыны ТВЕА өзү тандап, чыгымдарды да өзү эсептемей болот. - Sputnik Кыргызстан
5/7
Ага ылайык, мектепти кура турган подрядчыны ТВЕА өзү тандап, чыгымдарды да өзү эсептемей болот.
© Sputnik / Табылды КадырбековОшентип 2015-жылы кытайлык компаниянын тандоосу менен курулуш иштерин "Альто Групп" ишканасы жүргүзүп, төрт айда курулушту бүтүрүүгө сөз берет.
Ошентип 2015-жылы кытайлык компаниянын тандоосу менен курулуш иштерин Альто Групп ишканасы жүргүзүп, төрт айда курулушту бүтүрүүгө сөз берет. - Sputnik Кыргызстан
6/7
Ошентип 2015-жылы кытайлык компаниянын тандоосу менен курулуш иштерин "Альто Групп" ишканасы жүргүзүп, төрт айда курулушту бүтүрүүгө сөз берет.
© Sputnik / Табылды КадырбековБирок төрт ай эки жылга созулган. Тагыраагы, "Альто Групп" ишти акырына чыгара албай койгондо ТВЕА аны менен келишимди үзүп "Главстрой" ишканасын жалдаган. Тилекке каршы, бул компания дагы курулуш ишин акырына чыгарбастан кетип калган. Акыры 2016-жылы "Айкөл Строй" аттуу дагы бир компания ТВЕА тарабынан тандалып, мектептин курулушун бүтүрөт.
Бирок төрт ай эки жылга созулган. Тагыраагы, Альто Групп ишти акырына чыгара албай койгондо ТВЕА аны менен келишимди үзүп Главстрой ишканасын жалдаган. Тилекке каршы, бул компания дагы курулуш ишин акырына чыгарбастан кетип калган. Акыры 2016-жылы Айкөл Строй аттуу дагы бир компания ТВЕА тарабынан тандалып, мектептин курулушун бүтүрөт. - Sputnik Кыргызстан
7/7
Бирок төрт ай эки жылга созулган. Тагыраагы, "Альто Групп" ишти акырына чыгара албай койгондо ТВЕА аны менен келишимди үзүп "Главстрой" ишканасын жалдаган. Тилекке каршы, бул компания дагы курулуш ишин акырына чыгарбастан кетип калган. Акыры 2016-жылы "Айкөл Строй" аттуу дагы бир компания ТВЕА тарабынан тандалып, мектептин курулушун бүтүрөт.
1/7
Бишкек ТЭЦин 386 миллион долларга модернизациялоо милдетин алган кытайлык ТВЕА компаниясы ошол келишимдин алкагында Кыргызстанга 2 миллион доллар грант бөлүп, ага мектеп куруп берүүнү убадалаган
2/7
Жаңы мектеп Бишкектеги "Калыс-Ордо" конушунан орун алмай болгон.
3/7
Ал эми өкмөт бериле турган грантка эл аралык стандартка төп келген мектепти куруу боюнча №502 буйругун 2014-жылдын 13-ноябрында чыгарып, ага ошол мезгилдеги премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгон.
4/7
Мындай буйрук чыккандан кийин Бишкек мэриясы менен ТВЕА меморандум түзгөн.
5/7
Ага ылайык, мектепти кура турган подрядчыны ТВЕА өзү тандап, чыгымдарды да өзү эсептемей болот.
6/7
Ошентип 2015-жылы кытайлык компаниянын тандоосу менен курулуш иштерин "Альто Групп" ишканасы жүргүзүп, төрт айда курулушту бүтүрүүгө сөз берет.
7/7
Бирок төрт ай эки жылга созулган. Тагыраагы, "Альто Групп" ишти акырына чыгара албай койгондо ТВЕА аны менен келишимди үзүп "Главстрой" ишканасын жалдаган. Тилекке каршы, бул компания дагы курулуш ишин акырына чыгарбастан кетип калган. Акыры 2016-жылы "Айкөл Строй" аттуу дагы бир компания ТВЕА тарабынан тандалып, мектептин курулушун бүтүрөт.

Фундамент менен каркас 1 миллион доллардан ашканда

Аянты 7589 чарчы метрди түзүп, 1020 окуучуга ылайыкталган мектепти куруп бүткөн "Айкөл Строй" ишканасынын директору Сейиткан Алиевдин айтымында, алар мектепти алганда фундаменти менен каркасы эле турган болчу. Калган бир дагы иш кыймылдаган эмес.

Жалпак тил менен айтканда "Альто Групп" менен "Главстрой" фундамент менен каркаска 1 миллион 288 миң 600 доллар сарптаган.

"Биз ишти алганда мектептин фундаменти менен эле каркасы турган. Кирпич, электр монтаж, жабдыктар, айтор, калган иштин бардыгын өзүбүз жасадык. Өтө көп жумуш аткарылгандыктан 759 миң доллардан тышкары бюджеттен 109 миллион сом сарпталды. Эми мамлекет мага дагы жети миллиондон ашыгыраак акча карыз болуп калды", — деди Алиев.

Ал ошондой эле жердин өзгөчөлүгүнөн улам мектепти куруу оңойго турбаганын белгилеп өттү.

"Футболдук талаа турган жер көл болчу да. Ал соолубай көлкүлдөп эле туруп алды. Анан июль-август айларында жердин асты менен 1,5 чакырымдык дренаж салып, сууну айылдын этегиндеги каналга агызганда гана жер кургады", — деди ишкананын башчысы.

Алиев аткарылган иштердин актысы боюнча каржылык чарба документтери бар экенин айтып, иштин баары мыйзамдын чегинде бүтүрүлгөнүн кошумчалады.

Эки компанияга кеткен 1 миллион 288 миң 600 доллардын эсебин ким алат?

"Альто Групп" сарптаган 1 миллион доллар, "Главстрой" алган 288 миң 600 доллардын максаттуу же максатсыз сарпталганын ким эсептейт деген суроо менен түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү Аида Касымалиевага кайрылдык.

Эл өкүлүнүн айтымында, тилекке каршы, кыргыз тарап чыгымдын эсебин ала албайт. Себеби келишимде шарт ошондой болуп көрсөтүлүп калган.

"ТВЕА менен түзүлгөн келишимде кытай тарап куруучу компанияны өзү тандап, жабдыкка кеткен чыгымды өзүнүн көзөмөлдөөсүнө уруксат берилген. Ошондой эле биз тарап кийин анын чыгымдарын текшере албайт экенбиз. Бирок "Калыс-Ордодогу" мектеп мыкты курулуптур. Кеткен акчасын актады деп ойлойм", — деди Касымалиева.

Депутаттык комиссиянын дагы бир мүчөсү Улан Примов дагы ТВЕАнын жетекчилигине ыраазычылык билдирерин айтып өттү.

"Мектепти барып көрүп келдик. Эң муктаж жерге түшүрүлүптүр. Жеке мен абдан ыраазы болдум. Себеби билим мекемеси азыркы заманга ылайыкташтырылып курулган", — деди Примов.

Ал эми бюджеттен кошумча каражаттын алынышы боюнча тийиштүү органдар иш алып барып жатканын кошумчалады.

Продажа MegaСom в КР - Sputnik Кыргызстан
Кен казуудан IT тармагына "секирген" инвестор. MegaCom операторун ким сатып алмакчы?
Эскерте кетсек, ТЭЦти модернизациялоо иштери 2013-жылдын жай айларында башталып, төрт жылдан кийин соңуна чыккан. Кыргыз өкмөтү Кытайдын ТВЕА компаниясы менен 386 миллион долларлык макулдашууга кол койгон. Кийин интернет айдыңында ТЭЦтин жаңы блоктору үчүн аттиш менен видеокамералар базар баасынан кыйла кымбат сатып алынганы тууралуу маалымат жарыяланган. Ал эми шаарды жылуулук менен камсыздоочу борбордун мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу аттиштен башка нерселер да кымбат алынганын кечээ жакында айтып чыкты. Ал ошондой эле ТЭЦтеги коррупция тууралуу билген үч кишинин атын дагы атады.

Жаңылыктар түрмөгү
0