09:28 20 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.3208
  • EUR78.9344
  • RUB1.0664
Вокзалдагы мигранттар. Архив

Чет жактагы эмгек мигранттары кийин пенсия ала алабы? Жол-жобосу

© Sputnik / Илья Питалев
Аналитика
Кыскача шилтеме алуу
Бегимай Бакашева
70110

Ушу тапта чет өлкөгө иштегени кеткен кыргызстандык мигранттардын пенсия алуу маселеси курч турат. Редакция аталган көйгөйдүн күңгөй-тескейине баам салып көрдү.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары биримдиктин кайсы мамлекетинде иштесе, пенсияны ошол жактан алышы мүмкүн. Бул боюнча документке акыркы оңдоп-түзөөлөрдү адистер февраль айынын аягында киргизишти.

Келишимге кол коюлуп калса, жаран кайсы өлкөдө (ЕАЭБ курамына кирген — ред.) канча жыл иштесе да, ошол аралыкка чегерилчү пенсияны иштеген мамлекеттен алат. Мисалы 10 жыл Кыргызстанда, 10 жыл Казакстанда эмгектенген кишиге пенсиясынын тең жарымын коңшу өлкө төлөп берет. Демек, мигранттар пенсиясыз калбайт.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги соода-сатык, жеке ишкерлик менен алектенип, же такыр эле иштебеген кыргызстандыктар кийин кандай жол менен пенсия аларына кызыгып көрдү.

Мигранттардын пенсиясы боюнча азыркы абал кандай?

Социалдык фонддон билдиришкендей, эмгек мигранттары мекенине пенсиялык куракка жеткенде кайтып келишет. Ошол эле учурда алардын пенсиялык фондго төлөгөн төгүмдөрү иштеген мамлекеттерде калып, эмгектенген жылдары Кыргызстанда эсепке алынбайт.

"Бирок Россияда 2012-жылдын 1-январынан баштап камсыздандыруу боюнча мыйзамдарга түзөтүүлөр киргизилген. Анда Кыргызстандан барган мигранттар үчүн иш берүүчүлөр милдеттүү түрдө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөсү каралган", — деп жазылат Соцфонддун сайтында.

Ал эми ушул жылдын февраль айынын аягында ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү мигранттардын пенсиясы боюнча жаңы келишимге акыркы түзөтүүлөр киргизилди. Эки жылдан бери талкууланып жаткан документке кол коюлбай келгенине ар кайсы өлкөнүн пенсия системасы боюнча мыйзамдарындагы айырмачылыктар себеп экени айтылды.

Дал ушундай эле келишимди келечекте кыргызстандыктар көп барган Түштүк Корея жана Түркия мамлекети менен түзүү пландалып жатат.

ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү пенсия өлчөмү боюнча айтсак, эң көбүн Россиянын жарандары алат. Ал жакта 43 миллионго чукул пенсионерге орто эсеп менен 253 доллардан төлөнөт. Эң төмөнкү көрсөткүч Кыргызстан менен Арменияда. Бул эки өлкөдө орточо пенсиянын көлөмү — 80-85 доллар.

Пенсия кантип куралат?

Кыргызстанда пенсия үч бөлүктөн турат:

1. Базалык бөлүгү — 1500 сом, мамлекеттик бюджеттен алынат. Муну 25 жылдык эмгек стажы бар эркектер, 20 жылдык эмгек стажы бар аялдар алат. Иштеген мөөнөтү андан азыраак болсо, бул сумма дагы кыскарат. Ушул жылдын октябрь айында пенсиянын бул бөлүгүнө 280 сомдон кошулары күтүлүүдө. Ошондо ал 1 780 сомду түзүп калат.

2. Камсыздандыруу бөлүгү — жумуш берүүчү Социалдык фондго төлөгөн акчадан (10 пайыздык төлөм) турат. Азыркы пенсионерлер сиз төлөп жаткан төлөмдүн эсебинен пенсия алууда. Сиз өз кезегинде ошол маалдагы жаштардын эсебинен пенсиялуу болосуз.

3. Топтоо бөлүгү — 2010-жылдан бери милдеттүү түрдө киргизилген. Буга жумуш берүүчү Социалдык фондго төлөп жаткан төлөмдүн 2 пайызы алынат.

Топтоо бөлүгү тууралуу эмнени билиш керек?

Пенсиянын топтоо бөлүгү менен камсыздандыруу бөлүгүнүн айырмасын Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармачылыгынын башчысы Жеңишбек Муканбетов түшүндүрүп берди.

"Камсыздандыруу бөлүгүнүн төлөмдөрү учурдагы пенсияларды төлөөгө кетет. Ал эми топтоо бөлүгүндөгү каражатты келечекте ээсине көбөйтүп берүү үчүн мамлекеттик баалуу кагаздарга, банктардын депозиттик эсептерине салынат. Ошентип ал сакталып гана тура бербей, көбөйөт", — деди Муканбетов.

Анын айтымында, пенсиянын топтоо бөлүгүн адам башка өлкөгө көчүп кетип жатса, алып кете алат. Ошондой эле ээси каза болгон учурда мураскорунун алууга акысы бар.

Пенсия алууга кимдин укугу жок?

Жаран өмүр бою иштебесе же камсыздандыруу төлөмдөрүн бир да жолу төкпөсө пенсия алуу укугунан ажырайт. Бирок мындай учурда мамлекет ал адамга айына 1 миң сомдон жөлөк пул төлөп турат.

Иштебегендер Соцфондго акча төгүп турса болобу?

Туруктуу жумуш орду жок жарандар келечектеги пенсиясын топтоо үчүн Социалдык фондго белгиленген өлчөмдө акча төлөп турууга укуктуу.

"Өзү иштебей, бирок үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешеси мүмкүнчүлүк берген жарандар өлкөдөгү орточо айлык акынын сегиз пайыздан кем эмес суммасын пенсия фондусуна төлөп турса болот. Ошондой эле ал жарандын атынан чет өлкөлүк жарандар, юридикалык тараптар дагы төлөй алат", — деп түшүндүрүштү Социалдык фонддон.

Жумуш берүүчү сиз үчүн соцфондго төлөп жатканын кантип билсе болот?

Учурда айрым жеке ишканалар салыктан качып, кызматкерлердин санын жана алардын айлыгын азайтып көрсөткөн учурлар жок эмес. Кийин пенсиясыз калбаш үчүн жумуш берүүчү төлөмдөрдү төлөп жатканын текшерип көрсөңүз болот.

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаеванын айтымында, ал үчүн жаран өзү жашаган аймактагы Социалдык фондго арыз менен кайрылып, өзүнүн электрондук дарегин калтырышы керек.

Член правления Социального фонда КР, заместитель председателя Социального фонда КР Гульнура Джуматаева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева

"Ошондон кийин биздин сайт аркылуу эсебиңизде канча сом бар экенин каалаган учурда сурасаңыз, маалымат сиздин электрондук почтаңызга түшөт. Бул акысыз кызмат. Мындай жол менен жаран жумуш берүүчүсүн көзөмөлдөп турса болот", — деди Жуматаева.

Маалыматка караганда, эгер эсепте каражат жок болуп чыкса, жаран жумуш берүүчүдөн камсыздандыруу төгүмдөрүн төгүүнү талап кыла алат. Жумуш берүүчү кайсы бир маалыматты жашырып жүргөнү билинсе, мыйзам чегинде жооп берүүгө тийиш.

Адистер пенсия системасынан кандай кемчиликтерди көрөт?

Финансист Искендер Шаршеевдин пикиринде Кыргызстанда пенсияга ишеним өтө төмөн. Бул жаат шериктештик система менен иштегендиктен, келечектеги пенсиянын өлчөмү азыркы төлөмдөрдөн эмес, ошол учурда иштеген жаштардын акчасынан көз каранды болот.

Исполнительный директор Ассоциации иностранных инвесторов Искендер Шаршеев
© Фото / Айжамал Кондучалова
Финансист Искендер Шаршеев

"Азыр миң доллар алып соцфондго 100 доллар,10 миң сом алып миң сом төлөгөндөр деле кийин бирдей 4000 сом пенсия алышы мүмкүн. Анткени бизде пенсиянын өлчөмү ошол кезде түшкөн акчага жараша өкмөттүн токтому менен бекийт", — деп түшүндүрдү Шаршеев.

Анын айтымында, абалды жакшыртуу үчүн кескин реформалар керек.

"Акыркы жылдары эң жакшы пенсиялык реформа Чили мамлекетинде жүргүзүлдү. Анда жарандар бир гана мамлекеттик мекемени карап отурбай, келечектеги пенсиясын ар кайсы банктарга, инвестициялык фонддордо чогулта алат. Мында жарандар ай сайын кадимкидей айлыгынын бир бөлүгүн төлөп турушат. Ал эми кардарды өзүнө тартып, көбүрөөк акча чогулткусу келген компаниялар атаандашып, бири-биринен өткөн жакшы шарттарды сунушташат", — деди Шаршеев.

Социалдык фонддон тышкары жеке компанияларга пенсия топтоо ыкмалары Казакстанда да колдонула баштаганын коңшу өлкөдөгү "Пенсия чогултуу боюнча бирдиктүү информатор" платформасынын негиздөөсүчү Ботагоз Жуманова билдирди.

Основатель платформы Единый накопительный пенсионный информатор
© Фото / предоставлено Ботагоз Жумановой
"Пенсия чогултуу боюнча бирдиктүү информатор" платформасынын негиздөөсүчү Ботагоз Жуманова

"Быйылтан тарта камсыздандыруу боюнча компанияларга жарандар ай сайын акча салып турса болот. Кардардын каалоосу болсо, компания анын каражатына чет өлкөлөрдөн баалуу кагаздарды алып коет. Мындай ыкма батыш өлкөлөрүндө кеңири колдонулат", — деди Жуманова.

Анын айтымында, Казакстанда дагы пенсиянын тагдырын чечүү маселесине катыша албаган жарандар 10 пайыздык төлөмдү катардагы салык катары кабыл алып, пенсияга ишеним арта беришпейт.

Кыргызстанда пенсияны дагы кайсыл жакта топтосо болот?

Өлкө боюнча пенсия топтоочу мамлекеттик эмес бир гана "Кыргызстан" фондусу бар. Ал 1994-жылдан бери иштеп келип, буга чейин 2,5 миңдей адамга пенсия төлөгөнүн мекеменин башкы директору Кадырбек Нурманбетов айтат.

Генеральный директор пенсионного фонда Кыргызстан Кадырбек Нурманбетов
© Фото / Марат Асанов
"Кыргызстан" фондусунун башкы директору Кадырбек Нурманбетов

"Биздин фондго жарандар ыктыярдуу түрдө каалаган убакыттын ичинде пенсия топтой алат. Акчаны канча жыл чогултса, пенсиясы дал ошончо жыл төлөнөт. Ушул тапта бизден 2 миңге жакын адам пенсия алып жатат", — деди Нурманбетов.

Бул жакка соцфондго төлөм жүргүзгөн адамдар дагы кайрыла алат. Ай сайын берилчү төлөм эң аз дегенде 500 сомдон башталышы керек.

Фонд кардардын акчасын Кыргызстандын ичиндеги бантардын депозиттерине жана баалуу кагаздарга салып, пенсионерге 14-15 пайыздык төлөм менен кайтарып берерин билдирет. Мекемеден кошумчалашкандай, пенсионер көз жумса, каражат анын мураскоруна төлөнүп берилет.

Пенсия системасында кандай өзгөрүүлөр болуп жатат?

Мындан ары пенсия өкмөттүн токтомун күтүп отурбай эле айлык акынын өсүшүнө жана инфляциянын деңгээлине карап жыл сайын өсүп турарын Социалдык коргоо фондусунун адиси Жеңишбек Муканбетов белгиледи.

Мындан тышкары, пенсиянын базалык бөлүгүнө дагы өзгөртүүлөр киригизилип жатат.

"Базалык бөлүк бюджеттен алынып, социалдык камсыздандыруу предмети болгондуктан, аны пенсиясы жашоо минимумунан 3 эсе жогору болгондордун пенсиясынан алып салуу каралып жатат. Мунун негизги максаты — үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен калктын аялуу катмарына кирген пенсионерлердин акчасын көбөйтүү", — деди Муканбетов.

Эске салсак, Кыргызстанда пенсияны көбөйтүү ушул жылдын октябрь айына белгиленген.

Тема боюнча

Социалдык фонд: жумушсуздар дагы өзүнө пенсия чогулта алат
Былтыр Санкт-Петербургга мигранттардын көбү Кыргызстандан барган
Белгилер:
пенсия, мигранттар, Социалдык фонд, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ