Мигрант кантип тузакка түшөт. 100 млн. рублга алданган Россиядагы кыргыздар

Жазылуу
2000-жылдын 4-декабрында БУУнун башкы ассамблеясы тарабынан 18-декабрь мигранттардын эл аралык күнү деп негизделген. Бул күн Кыргызстан үчүн да чоң мааниге ээ. Анткени өлкөнүн 717 миң жараны чет жакка жумуш издеп кеткени катталган. Ал эми бейрасмий маалыматтарда мекендештердин бир миллиондон ашык экени айтылат.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Чет жактан бакыт издеп кеткен кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Россиянын аймактарын байырлашат. Алар негизинен тейлөө, курулуш кызматтары жана базарларда соода-сатык менен алектенишет. Улуттук банктын билдирүүсүнө ылайык үстүбүздөгү жылдын 10 айында мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасы эки миллиард (2, 084) доллардан ашты. Бул каражаттын дээрлик 90 пайызы Россиядан жиберилген.

Анткен менен бөтөн жерде иштеп жүрүп шылуундардын тузагына илинген мекендештердин да саны арбын. Sputnik Кыргызстан агенттигине Миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Доорбек Абдразаков Россияда иштеген кыргыздар кандай учурларда алдамчылыкка дуушар болорун айтып берди.

© Фото / Жумалиев НургазыМиграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Доорбек Абдразаков
Ведущий специалист представительства Государственной службы миграции при Правительстве КР в РФ Доорбек Абдразаков  - Sputnik Кыргызстан
Миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Доорбек Абдразаков

Кыргыз мигранттары бир жылда 97 миллион рублга алданды

Биздин өкүлчүлүккө бир жылдын ичинде жардам сурап 7000дей кыргызстандык кайрылды. Ал эми арыз жазгандардын саны 600гө жетет. Эң эле өкүнүчтүүсү — алардын 95 пайызы эмгек келишими жок иштеп жүргөн. Каржылык жактан алганда 97 миллион рубль акчаны өндүрүп берүүгө арыз түшүп, анын 37 миллионун алып бердик. Калганын да тактоо иштери жүрүп жатат. Белгилей кетсек, миграция кызматынын өкүлчүлүгүндө учурда кыргыз жарандары үчүн 2400 вакансия бар. Өкүлчүлүк аркылуу да жумушка орношууга болот. Мекендештерибиз жаңы келгенде ар кандай шылуундарга алданып калышы мүмкүн. Кыргыздарды кыргыздар эле алдап кетиши мүмкүн. Кыргызстандан келип алдамчылыкты негизги жумушуна айландыргандар дагы бар.

Куураган курулушчу

Завод кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москва: станокко чайналып көз жумган КР жаранына ишкана кенемте төлөөдөн баш тартууда
Россияга биринчи баргандардын көбү туруктуу жумуш тапканга чейин курулуш иштеринде убактылуу иштеп келишет. Анткени ал жакта көбүнчө документ талап кылына бербейт. Бирок башында көп сумма сунушталганы менен иш бүткөндө анын жарымын эле алып калышат. Бул жакта бирөөнү эле эмес, 30-40 адамды тобу менен иштетип маянасын бербей койгон учурлар кездешет. Кечээ эле барып келдим, Кыргызстандын 24 жараны турак жайдын курулушун 1,7 миллион рублга макулдашып, бүткөндөн кийин 900 миң гана алып калышкан. Ишкана ээлери жасалган ишинен кемчиликтерди таап, аны түзөтүп бересиңер деп калган акчасын бербей жатыптыр. Биз барып сүйлөшкөндөн кийин курулушчулар үч күндүн ичинде оңдоп, компания акчасын толук төлөп бермей болду. Мындан сырткары, кыргыз эле балдар бригадир болуп 20-30 жигитти иштетет да аягында аларга төлөнгөн акчаны алып качып кеткен учурлар көп кездешет.

Акча жеген ортомчу

Аутсорсинг жана клинингдик компанияларга "жем" болгон мигранттар четтен чыгат. Андай компаниялар мамлекеттик ишканалар менен келишим түзүп жумушчуларды таап беришет. Мындай жол менен жумушка орношкондор маянасын ошол ортомчу компаниялардан алышат. Мындан улам жумушчулардын маянасына берилген каражаттын 40-50 пайызын ал компания кымырып алат. Ушундай ортомчулардын айынан айлык акысын айлап ала албай зарыгып жүргөндөр толтура.

Документ жасамыш эткен шылуундар

Кыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигрант элек, чемпион болдук! Чет жакта топ жарып чыккан кыргыз спортчулары
Мигранттардын арасында жашап жаткан үйүнө каттоого туруп, өзү иштеген ишкана менен эмгек келишимин түзгөндөр өтө эле аз. Алар ортомчулар аркылуу башка бир жакка каттоого туруп, дагы башка ишкана менен эмгек келишимин түзүшөт дагы ортомчуга 5000 сомдон төлөшөт. Бул жерде батир ээлери менен жумуш берүүчүлөрдүн да кызыкчылыгы бар. Анткени мындай нерсе мамлекетке салык төлөөдөн куткарат. Бирок мигранттын жумушунан маселе жаралса анын укугун коргоо кыйынга туруп калат. Байыл жайында эле 500 кыргыз бир мекендешине алданып калыптыр. Алардын паспортун каттоого коюп берем деп макулдашып, акчасын алгандан кийин качып кеткен. Ар биринен 3000 рублдан алганда дагы 1,5 миллион болуп жатпайбы?! Жабыркагандар ИИМдин өкүлчүлүгөнө кайрылышкан.

Россиянын жарандарын сызга отургузуп качкандар

Эгер туугандары же тааныштарынын россиялык паспорту болсо аны көп жерден пайдаланышат. "Ай сайын өзүм төлөп турам" деп ал кишинин атынан насыяга турмуш-тиричилик техникаларын жана автоунаа алышат. Ушундан пайдаланып анын башына балээ үйүп кеткендер да бар. Машина алдыргандан кийин Кыргызстанга айдап барып сатып жиберген учурлар кездешет.

Жарнамада айтылган жыргал жашоого ишенүү — жаңылыштык

Россиянын желегин көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияга кайсы өлкөлөрдүн жарандары көп барары аныкталды. КР 15-орунда
Базардагы радио түйүн, жарнамалар аркылуу тамак-ашы, жатаканасы бекер, маянасы жогору деп чет өлкөгө чакыргандарга толук ишене бербеш керек. Анда айтылган ар бир сөзгө ишенип сапарга чыгуу — чоң жаңылыштык. Мындай иштер менен алектенгендерди укук коргоо органдары тыкыр көзөмөлгө алса болмок. Алардын ким экенин, лицензиясы бар-жогун карап каттоого алыш керек. Ушундай жол менен келип укуктары тебеленген фактылар катталууда. Былтыр "LG заводуна 40тай адамды алып келип паспортторун бербей иштетип жатат" деп кайрылышкан. Биздин өкүлчүлүк аркылуу эмгек акыларын алып башка жумуштарга орношушкан. Быйыл дагы Ош базарындагы жарнама аркылуу 11 кыз-келин Москва облусунун Можайский районунда пальто тиккен цехке иштегени келген экен. Үч кабаттуу үйдөн чыкпай жашап иштеп жүрүшүптүр. Кийинчерээк иш оор болгондуктан кетебиз десе айлыгын бербей койгон. Баарынын акчасы 500 миң рубль болот экен, барып алып бергенбиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0