Мамлекеттик ипотека: жашың өтүп баратса, үйдөн үмүт кылба...

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүКурулуп жаткан үйлөр. Архив
Курулуп жаткан үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн аптада Жогорку Кеңеш "Мамлекеттик ипотекалык насыя боюнча" мыйзам долбоорун кабыл алды. Эми бюджеттик кызматкерлер беш жылдан кем эмес мөөнөткө баштапкы төлөм катары турак жайдын жалпы баасынын 10 пайыздан жогору төлөп, насыя алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине жеңилдетилген ипотека берүү үчүн эки жыл мурда "Жеткиликтүү турак жай — 2015-2020" программасы ишке кирип, Мамлекеттик ипотека компаниясы (МИК) түзүлгөн. Бирок ал буга чейин өкмөттүн токтомунун негизинде гана иштеп жаткан.

© Фото / Атабек ЖамангуловЖК депутаты Акылбек Жамангулов: турмуш көрсөткөндөй токтом убактылуу гана нерсе. Ошондуктан, эми МИК аталган мыйзамдын чегинде иштейт. Мындай мыйзам долбоорун чыгаруу 1999-жылдан бери көтөрүлүп, ишке ашпай келген. Эми ага президент кол койгондон кийин МИКтин мыйзамдык базасы болот
Депутат Жогорку Кенеша Акылбек Жамангулов - Sputnik Кыргызстан
ЖК депутаты Акылбек Жамангулов: турмуш көрсөткөндөй токтом убактылуу гана нерсе. Ошондуктан, эми МИК аталган мыйзамдын чегинде иштейт. Мындай мыйзам долбоорун чыгаруу 1999-жылдан бери көтөрүлүп, ишке ашпай келген. Эми ага президент кол койгондон кийин МИКтин мыйзамдык базасы болот

Мыйзамдын демилгечилеринин бири Акылбек Жамангуловдун айтымында, эми МИК аталган мыйзамдын чегинде иш алып барат.

"Турмуш көрсөткөндөй токтом убактылуу гана нерсе. Ошондуктан, эми МИК аталган мыйзамдын чегинде иштейт. Мындай мыйзам долбоорун чыгаруу 1999-жылдан бери көтөрүлүп, ишке ашпай келген. Эми ага президент кол койгондон кийин МИКтин мыйзамдык базасы болот", — деди депутат.

Бул мыйзамга ылайык, бюджеттик кызматкерлер беш жылдан кем эмес мөөнөткө баштапкы төлөм катары турак жайдын жалпы баасынын 10-30 пайызын төлөп, насыя алууга укуктуу.

Бирок мындай чечим жалпы эл үчүн жеңилдик боло албагандай. Мамлекеттик программа менен үй алууга көпчүлүктүн чама-чаркы жетпей жатканын аталган тармакта иштегендер өздөрү айтууда. Аларды бири, 30 жылдан бери жолдошу экөө тең мамлекеттик кызматта иштеген Бишкек тургуну Роза Мырзакожоева.

"Көзүбүз өтүп кетсе, ипотеканы балдарыбыз төлөмөк"

Каарманыбыз кесиби боюнча медайым, Бишкектин ар кайсы ооруканаларында эмгектенип келет. Жолдошу айдоочу, учурда Ак үйдүн унаа жайында иштейт. Мырзакожоеванын айтымында, үй-бүлөнүн өздөрүнүн үйү эч качан болгон эмес. Чоң ата, чоң эне болсо дагы өмүр бою батирде жашап келе жатышат.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ооруканада жашаган жаш дарыгер: ишиңди сүйсөң, реанимацияда деле жашайт экенсиң
"Көп жылдан бери ипотекага үй алууга аракет кылып келебиз. Бирок насыянын баштапкы төлөмү боло турган 30-40 пайыздык акча биздин түшүбүзгө да кире элек. Бир жыл мурда мамлекеттик программаны укканда абдан кубангам. Баштапкы төлөмү, кредиттин он пайызын түзөт деген категориясына илинип калайын деген ниетте документтерди топтоп, эсептетип көрөйүн деп барсам, дагы бир көйгөй чыкты. Шарт боюнча насыянын акыркы суммасын төлөп жатканда жаш курак 65тен ашык болбошу керек экен. Мен 57демин. Ошондо мен насыяны сегиз жылда төлөп бүтүшүм керек экен. Ал үчүн айына 30 миң сомдон төлөөгө туура келерин айтышты. Менин айлыгым болгону алты миң сом", — деди Мырзакожоева.

Ал эми быйыл 61ге чыккан жолдошуна жаш курагынан улам шарт боюнча насыя берилбей турганы аныкталган.

"Биздей болуп балдары чоңоюп, неберелүү болсо дагы үйгө жетпей жүргөн адамдар көп. Буларды жашың өтүп баратат дебей, пенсияга чыгып же көзү өтүп кете турган болсо балдары улантып төлөй бере турган шарттарды түзүп берсе болмок", — деди медайым.

Бюджеттик кызматкерлердин мамлекеттик программа аркылуу үй алууга мүмкүнчүлүгү анча жетпей жатканын Саламаттык сактоо министрлигинин Кадрлар башкармалыгынын жетекчиси Гүлмира Ибраева дагы жашырбайт. Анын айтымында, медиктер мамлекеттик ипотека тууралуу алгач укканда кубануу менен кабыл алып, шарттары тууралуу билгенден кийин көбү насыя алуудан баш тартууга аргасыз болгон.

Ич сыйрылткан ипотека: жашың өтүп баратса, үйдөн үмүт кылба…

Ал эми "Жеткиликтүү турак жай — 2015-2020" программасын ишке ашыруу үчүн түзүлгөн МИКтин маалымат кызматынын жетекчиси Зирек Асанованын пикиринде КМШ өлкөлөрүнүн арасынан Кыргызстанда гана мамлекеттик ипотеканын шарттары абдан жеңилдетилген.

"КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бизде белгиленген пайыздык төлөм абдан төмөн. Мисалы, баштапкы төлөм коммерциялык банктарда 30-40 пайыз чейин болсо, бизде 10 пайыздан башталат. Эгер аны да төлөй албаса, жаран күрөө кое алат. Дагы бир жеңилдетүү катары насыя алуучунун гана эмес, үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелери эсептелерин айтсак болот. Мисалы, өзүнүн айлыгы жетпесе, кардар уул-кыздарынын же ата-энесинин кирешесин кагаз түрүндө тастыктап бере алса, ал дагы эсепке алынат", — деди Асанова.

Электр эсептегичин орнотуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ашынган "акылдуу" эсептегичтер — эмне үчүн светке көп акча чыгып жатат
Мамлекеттик ипотека программасынын шарттары боюнча жаран насыянын акыркы суммасын төлөп жаткан учурда жашы 65тен жогору болбошу керек. Асанованын айтымында, жашы 60тын тегерегиндеги жаранга насыя берүүдөн түздөн-түз эч ким баш тартпайт. Болгону кардар 10-15 жылдын ичинде төлөнө турган карызды 65ке чыккыча, демек беш-алты жылдын ичинде кутулушу керек болот.

Насыянын берилер-берилбеси тууралуу акыркы чечимди банк кабыл алат. Учурда "Мамлекеттик ипотека компаниясы" 12 коммерциялык банк менен кызматташат. "Жеткиликтүү турак-жай — 2015-2020" программасынын алкагында кайсыл жарандарга насыя берүүдөн банк баш тартаарын билүү үчүн МИКтин өнөктөшү "Кыргызстан" коммерциялык банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Жаркынбек Сагындыковго кайрылдык.

Анын айтымында, программа башталгандан тарта аталган банкка 300 жаран кайрылып, 180дей адамга насыя берилди.

"Бизден насыя сурагандардын 60-63 пайызынын талабын канааттандырдык. Калгандарына бере албаганыбыздын негизги себептери — мурда алынган "насыя таржымалынын" таза эместиги же өзүнүн финансылык мүмкүнчүлүгүнөн ашыкча талабы. Биз кардардын насыя алып, карызга батып калышына жол бере албайбыз", — деди Сагындыков.

Ал эми насыя ала албай калгандар боюнча жалпы айта турган болсок, МИКке бир жыл ичинде жети миң адам кыйрылган. Алардын ичинен 2,5 миңден ашык жаран төлөө жөндөмдүгү жоктугуна байланыштуу арыздары кайра каралуу алдында турат. Бүгүнкү күндө бир миң адам үйлүү болду. Ал эми 103 адамдын документтери каралып жатса, 32си сатып алууга турак жай издеп жүрөт. Үч миң адам МИКке кайрылганы менен, документтерин банкка тапшырган жок.

Мечеть в Индонезии - Sputnik Кыргызстан
Шарият жарандык кодекске кире баштады. Жөнү барбы?
Бул үч миң адамдын ичинде өзүн Анаркүл деп тааныштырган бишкектик мугалим бар. Өзүнүн айтымында, бир нече ай мурда МИКке тиешелүү документтерди тапшырган. Бирок кезек банкка жеткенде анын 12 миң сом айлыгына 500-600 миң сомдук гана насыя берилерин уккан. Албетте, Бишкекте бул суммага турак жай алуу дээрлик мүмкүн эмес. Ал эми мугалим өзү көздөгөн 16-17 миң долларга бааланган үйгө ээ болуу үчүн бир айлык кирешеси 40 миң сомдон кем болбошу керек экенин билген. Анткени, банктар насыяны төлөөдөн тышкары, кардардын өзүндө күнүмдүк жашоосуна каражат калуусун талап кылат.

Бишкектик мугалимдин сөзүнө МИКтин маалымат катчысы Зирек Асанованын айтканы дагы далил. Анын айтымында, Бишкек шаарында жашаган тургун мамлекеттик ипотека алуу үчүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешеси 30-35 миң сомдон кем болбошу керек.

Экономист: мамипотека карапайым калк үчүн эмес

Экономист Кубан Чороевдин пикиринде мамлекеттик ипотеканын шарттары жана чектөөлөрү карапайым элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, акча берип жаткан банктардын пайдасы жана алардын тобокелчиликтерин жабууга багытталган.

© Фото / Жаныл Раева Экономист Кубан Чороев: мамлекеттик ипотеканын азыркы шарттарына ылайык, жаран беш жылдан кийин жумушсуз калып, насыяны төлөй албаса, банк сот аркылуу үйдү алат. Аны арзан баада сатканы аз келгенсип, кардардын буга чейин төлөп келген проценттери күйүп кетет
Экономист Кубан Чороев - Sputnik Кыргызстан
Экономист Кубан Чороев: мамлекеттик ипотеканын азыркы шарттарына ылайык, жаран беш жылдан кийин жумушсуз калып, насыяны төлөй албаса, банк сот аркылуу үйдү алат. Аны арзан баада сатканы аз келгенсип, кардардын буга чейин төлөп келген проценттери күйүп кетет

Анын айтымында, бул программаны ислам принцибиндеги банкингде кеӊири колдонулган ыкмалар менен майнаптуураак кылса болот.

Деньги и ключи на столе - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ипотека: насыяны жалпыга жеткиликтүү кылуунун жолдору айтылды
"Көпчүлүк жаш үй-бүлөлөр батирлерди ижарага алып, кыйналып жашап жүрүшпөйбү. Мына ошол жарандарга мамлекет күрөөсүз эле ижарага жашаган батирин кийин сатып алуу принциби менен берсе "Жеткиликтүү турак жай" программасы чынында эле жеткиликтүү болмок. Мисалы, жаран алам деген батирди банк сатып алат дагы үстүнө өзүнүн пайдасын кошуп, кардар менен 10-15 жылга кийин сатып алуу боюнча ижара келишимин түзөт. Ай сайын төлөгөн ижара акы менен карыздан кутула берет. Качан толук төлөп бүткөндө батир кардардын менчигине өтөт", — деди экономист.

Ошондой эле бул келишимди башка бирөөнүн наамына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү зарыл экенин кошумчалады. Мында жаран ошол мөөнөткө чейин төлөгөн ижара акысын толугу менен кайтарып алат.

"Мамлекеттик ипотеканын азыркы шарттарына ылайык, жаран беш жылдан кийин жумушсуз калып, насыяны төлөй албаса, банк сот аркылуу үйдү алат. Аны арзан баада сатканы аз келгенсип, кардардын буга чейин төлөп келген проценттери күйүп кетет. Менин оюмча бул — адилетсиздик. Мындай жол аркылуу элди турак жай менен камсыз кылууга мүмкүн эмес", — деп кошумчалады Чороев.

Анткен менен МИК жарандарга жеңилдик берүү максатында даяр үйдү сатып алуудан тышкары, менчик жер үлүшүнө үй курууга насыя берүү механизми дагы иштеп жатканын айтат. Экинчи механизм боюнча 2017-жылдын 1-февралынан тарта баштапкы жана жылдык төлөмдөргө биртоп жеңилдетүүлөр киргизилгени кошумчаланды.

Белгилей кетсек, "Жеткиликтүү турак-жай — 2015-2020" программасын негизинде бүгүнкү күндө 1 миңден ашык жаран үйлүү болду. Алардын 434сы билим берүү, 205и саламаттыкты сактоо, 30у социалдык, 31и маданият тармактарында иштегендер. Калган 300 адам бюджеттик ар кайсы ишканаларда эмгектен жарандар.

Жаңылыктар түрмөгү
0