Турак жайы барлар да МИК кызматынан пайдалана алышат. Шарттары

Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Өзүнүн турак жайы бар жарандар да мамлекеттик ипотекалык каржылоодон пайдалана алышат. Кеп колдонуудагы үйдү капиталдык оңдоого жана кеңейтүүгө байланыштуу механизмдер тууралуу болууда.
Президент мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөрдү киргизген жарлыкка кол койду.
Башка маанилүү учурлар:
Мамлекеттик ипотекалык компанияга жеке өнөктөштөрдү сынаксыз тартууга уруксат берилет. Бул турак жай менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жардам берет
ГИКке турак жай фондун түзүүгө жардам берген мамлекеттик органдар турак жай каржылоосун алууда артыкчылыкка ээ болот. Квотаны Мамлекеттик ипотекалык компаниянын директорлор кеңеши аныктайт
“Топтомо ипотека” программасынын алкагында жаран мурда банктан баштапкы 30% сумманы топтоп, депозитти кеминде 6 ай кармоого тийиш болчу. Эми керектүү 30 пайыздык сумма даяр болсо, депозитти кеминде 3 айга ачууга болот, бирок акча дароо толук салынышы керек
Программага балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү — ата-энесинен толук ажыраган жетимдер (бойго жеткенден тарта) катыша алат
Программага балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү — ата-энесинен толук ажыраган жетимдер (бойго жеткенден тарта) катыша алышат.
МИК октябрда премиум-класстагы 6,5 миң батирди тапшырууну пландап жатат