Салык кызматы шылуунчулуктун дагы бир түрүн ачыктап коңгуроо какты

Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы шылуунчулуктун жайылып жаткан түрү тууралуу айтып, коңгуроо кагууда.
"Акыркы убакта белгисиз адамдар салык төлөө боюнча жасалма билдирүүлөрдү таратып, аларды расмий маалымдама катары көрсөтүүдө. Сак болууга чакырабыз", — деп айтылат эскертүүдө.
Салык кызматы төмөнкүлөрдү эске салды:
расмий билдирүүлөр почта аркылуу же "Салык төлөөчүнүн кабинети" аркылуу гана жөнөтүлөт;
МСК WhatsApp, Telegram сыяктуу мессенджерлер аркылуу билдирүүлөрдү жибербейт;
салык органдарынын кызматкерлери жеке эсептерге же белгисиз реквизиттерге акча которууну талап кылбайт.
Эгер шектүү билдирүү келсе:
кооптуулук жараткан шилтемелерди ачпаңыз;
жеке маалыматтарыңызды, сыр сөзүңүздү, SMS-кодуңузду жана банк карталарыңыздын реквизиттерин бербеңиз;
белгисиз же тастыкталбаган реквизиттер боюнча төлөм жүргүзбөңүз;
маалыматты катталган жериңиз боюнча аймактык салык органына кайрылып, тактаңыз;
маалымат алуу үчүн 116 номерине чалыңыз.
Салык боюнча карыздардын бар-жогун "Салык төлөөчүнүн кабинети", ошондой эле банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу ыкчам текшерүүгө жана төлөм жүргүзүүгө болору айтылды.
Бишкектик тургун алдамчыларга 9 млн. сомун которуп берген