БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Ормузду "Трамп кысыгы" деп өзгөртүп атап алды. Бул туурасында ал Truth Social тармагына сүрөт коюп, маалымдады.
Мындан сырткары, The Wall Street Journal басылмасы Ак үйдүн администрациясы аталган кысыктан кемелердин каттамын жандандыруу үчүн жаңы альянс түзүүнү сунуш кылганын жазды. Ал Maritime Freedom Construct ("Кемелердин эркин каттамын камсыздоо демилгеси") деп аталат.
WSJ басылмасынын жазганына караганда, бул демилге шейшемби күнү АКШнын элчиликтерине жөнөтүлгөн Мамлекеттик департаменттин ички документтеринде кеңири айтылган. Анда америкалык дипломаттарга башка өлкөлөрдүн өкмөттөрүн бул альянска кошулууга көндүрүү тапшырмасы тагылган.
Планга ылайык, Америка баштаган коалиция чалгындоо маалыматтарын алмашуу, дипломатиялык аракеттерди айкалыштыруу жана санкциялардын аткарылышын көзөмөлдөө менен алектенмекчи.
Бул долбоор АКШ Мамдепартаменти менен Куралдуу күчтөрүнүн борбордук башчылыгынын биргелешкен демилгеси экени айтылууда. Тынчтык максатын көздөйт дегени менен өнөктөштөргө ага дипломатиялык гана эмес, аскердик форматта да катышуу мүмкүнчүлүгү сунушталууда.
АКШнын аскердик күчтөрү 13-апрелден тарта Иран портуна Ормуз кысыгы аркылуу кирип-чыккан кемелерди чектеп баштаган. Бул жерден дүйнөгө жалпы мунай жана мунай продукцияларынын 20 пайызы ташылып турат.
Вашингтон Иранга тиешеси жок, ага акча төлөбөгөн кемелер кысыктан ээн-эркин өтө берет деп айткан. Ал эми Тегерандан учурда акы алуу карала электигин, бирок ошондой пландары экенин билдирген.