БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Москванын чет жакасында өрт кырсыгынан үч кыргызстандык жаран каза болду деген маалыматты КРдин Тышкы иштер министрлиги тастыктады.
Россиянын Тергөө комитетине караштуу Тергөө башкы башкармалыгы көз жумгандар 20 жаштагы Ж.У.М., 30 жаштагы З.У.А жана 48 жаштагы Ж.С.С. экенин билдирген.
“Алар эмгек мигранттары болгон. Башкы тергөө башкармалыгынын жооптуу кызматкери бул окуяда кылмыш курамы жок экенин билдирип, жарандардын өлүмү көмүр кычкыл газына уулануунун кесепетинен болгонун тастыктады. Кырсык боюнча кылмыш иши козголду”, – деди ТИМ.
Министрликтин көзөмөлү алдында элчилик каза болгондордун сөөгүн мекенине жөнөтүүгө көмөк көрсөтүү маселесин карап жатат.