Медиктердин ишине тоскоол болуп, кол көтөргөндөргө жазаны күчөтүү сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Депутат Жылдыз Эгенбердиева дарыгерлердин ишине тоскоолдук жаратып, кол көтөргөндөргө жазаны күчөтүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты.
Негиздемеде шыпаагерлерге кол салуу тенденцияга айланып бара жатканы белгиленип, бул медиктердин ишин солгундатып, бейтаптардын сакайышына терс таасирин тийгизери айтылган.
Мындан улам өз ишин кылып жаткан медиктерге кол салгандарга келтирген чыгымына жараша эки айдан өйдө түзөтүү иштерине тартуу же 20 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып салуу сунушталды. Ал эми кол салуудан медиктин ден соолугуна залал келсе үч жылдан сегиз жылга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралган.
Ошондой эле бейтаптар жана алардын жакындары тарабынан дарыгердин ден соолугу жабыркаса камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга укуктуу болору айтылган.
Радио
Сарыбаев: медик менен мугалимдерге кол көтөргөндөр жазасыз калбашы керек