БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бишкектин мэриясы "Өчпөс полк" акциясын өткөрүүгө уруксат бербей жатканын депутат Гуля Кожокулова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, муниципалитет иш-чаранын уюштуруучуларын көз жаздымда калтырууда.
"9-май — эң маанилүү майрамдардын бири. Бул — Жеңиш күнү, эскерүү күнү. Эмне үчүн уюштуруучулар ЖМК аркылуу уруксат сурап жатышат, ал эми мэрия унчукпай отурат? Патриоттук, идеология деген түшүнүк кайда? Бул майрам Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ. Маселе эмнеде? Биз бул датаны унутууга акыбыз жок!" — деп нааразы болду депутат.
Ал белгилегендей, 9-май — Жеңиш күнү Кыргызстанда өзгөчө мааниге ээ болгон күндөрдүн бири болуп саналат.