БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Ирандын өзөктүк программасын эске албаган күндө да, Тегерандын Жакынкы Чыгышта үстөмдүк кылууга умтулуусунан улам Вашингтон үчүн көйгөй бойдон кала берерин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Өзөктүк маселе — биздин бул жаңжалга аралашуубуздун негизги себеби. Иран жөн гана радикалдар тарабынан башкарылган өлкө болгон күндө дагы көйгөй бойдон кала берет. Алар Ирандын өзүндө эле эмес, бүтүндөй аймакка үстөмдүк кылууга умтулушат", — деди Рубио.
Ал ошондой эле Иран оңой эмес кырдаалдан чыгуунун жолун издеп жатканын белгиледи.
АКШ менен Израиль 28-февралда Ирандын аймагындагы, анын ичинде Тегерандагы объектилерге кол салган. Иран жооп иретинде Израилдин аймагына, ошондой эле АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик объектилерине сокку урду. Региондогу мамлекеттер ракета жана учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулунан кооптонуп аба мейкиндигин толугу менен же жарым-жартылай жабышты.
8-апрелде Вашингтон менен Тегеран эки жумага ок атышпоону макулдашкан. Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп 21-апрелде Тегеран жаңжалды жөнгө салуу боюнча сунуштарын берип, сүйлөшүүлөр аяктаганга чейин тынчтыкты узарта турганын билдирди.