Пезешкиан АКШ менен кысым алдында сүйлөшпөй турганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Иран президенти Масуд Пезешкиан Тегеран тынчтык сүйлөшүүлөрүнө опуза, коркутуп-үркүтүү алдында катышпай турганын айтты. Бул тууралуу Press TV каналы кабарлады.
Өлкө башчы мындай позициясын Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф менен сүйлөшүп жатып билдирген.
"Иран жолугушууга кысым же Ормуз кысыгын бөгөттөө опузасы алдында калып катышпайт. Диалогду жандантуу үчүн АКШ азыркы тоскоолдуктардын баарын жок кылышы керек", — деген өлкө башчысы.
Белгилей кетсек, ишемби күнү Иран ТИМинин башчысы Аббас Аракчи Вашингтон менен Иранга арачы түшүп жаткан Пакистанга келди. Эртең менен АКШнын да өкүлдөрү келмек, бирок америкалык лидер Дональд Трамп андан кайра баш тарткан. Ошол эле күнү Ак үйдүн ээси Ирандан "алда канча жакшы сунуш" түшкөнүн билдирген болчу.
Бирок Иран америкалыктар менен жолугуу планы болбогонун башынан эле айтып келет.
8-апрелде тараптар эки жумага атышпай турууну макылдашышкан, бирок андан кийин уюштурулган жолугушуу эч кандай натыйжа берген эмес. Вашингтон Ирандын портторун блокадалап, макулдашуу түзүлгөндөн кийин гана ачарын билдирди. Тегеран жооп иретинде Ормуз кысыгын жаап, жаңы сүйлөшүүлөрдөн баш тарткан.
Ал арада Трамп эч ким менен кеңешпестен эле элдешүүнүн мөөнөтүн узартты. Президенттин айтымында, чечим Иран абалды жөнгө салуу боюнча сунуш даярдап, делегациялар жолукмайынча күчүндө болот.
АКШ менен Ирандын Исламабаддагы сүйлөшүүлөрү дүйшөмбүдө болот деп күтүлүүдө