БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Улан Маматканов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы билдирди.
44 жаштагы Мамытканов 15-апрелде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал буга чейин аталган кызматты аркалап келген Эдил Байсалов АКШга элчи болуп кеткенден кийин ордуна келген.
Маматкановду кызматка бекитүү үчүн талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилип, депутаттар кечээги жыйында макулдук беришкен.
Улан Маматканов 1982-жылы 21-июнда Оштун Кара-Суу районудагы Мады айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетин "мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" адистиги боюнча артыкчылык менен бүтүргөн. 2008-жылы КР президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын магистратурасын аяктаган.