https://sputnik.kg/20260423/mamatkanov-vitse-premer-boldu-1100953531.html
Улан Маматканов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Улан Маматканов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Улан Маматканов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол... 23.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-23T15:54+0600
2026-04-23T15:54+0600
2026-04-23T17:12+0600
кыргызстан
улан маматканов
министрлер кабинети
https://sputnik.kg/img/07ea/04/17/1100955526_0:210:1174:870_1920x0_80_0_0_75834a57a95aeffee600a195f955517c.jpg
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Улан Маматканов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы билдирди. 44 жаштагы Мамытканов 15-апрелде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал буга чейин аталган кызматты аркалап келген Эдил Байсалов АКШга элчи болуп кеткенден кийин ордуна келген. Маматкановду кызматка бекитүү үчүн талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилип, депутаттар кечээги жыйында макулдук беришкен. Улан Маматканов 1982-жылы 21-июнда Оштун Кара-Суу районудагы Мады айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетин "мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" адистиги боюнча артыкчылык менен бүтүргөн. 2008-жылы КР президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын магистратурасын аяктаган.
https://sputnik.kg/20260413/isatbek-kyzy-emgek-ministrinin-orun-basary-boldu-1100758021.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/17/1100955526_0:100:1174:981_1920x0_80_0_0_6389c373fa1c63a4d7000ed89aa316d9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, улан маматканов, министрлер кабинети
кыргызстан, улан маматканов, министрлер кабинети
Улан Маматканов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды
15:54 23.04.2026 (Жаңыртылды: 17:12 23.04.2026) БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Улан Маматканов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы билдирди.
44 жаштагы Мамытканов 15-апрелде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал буга чейин аталган кызматты аркалап келген Эдил Байсалов АКШга элчи болуп кеткенден кийин
ордуна келген.
Маматкановду кызматка бекитүү үчүн талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилип, депутаттар кечээги жыйында макулдук беришкен.
Улан Маматканов 1982-жылы 21-июнда Оштун Кара-Суу районудагы Мады айылында
туулган. Жогорку билимдүү. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетин "мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" адистиги боюнча артыкчылык менен бүтүргөн. 2008-жылы КР президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын магистратурасын аяктаган.