БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. 2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстандагы орточо айлык акы 45,7 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, жыл ичинде айлык акы 16 пайызга көбөйгөн. Эң жогорку өсүш айыл чарба, токой чарбасы жана балык уулоо тармагында болуп, 28,8 пайызга жогорулаганы байкалган.
Ошондой эле кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк тармагында 26,2 пайызга, ал эми кыймылсыз мүлк иштери жаатында 24,5 пайызга олуттуу өсүш катталган.