Бишкектин жогору тарабында 16-апрелде суу болбойт

Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. 16-апрелде Бишкектин түштүк-батышындагы бир катар райондордо жана жогору тарабындагы айылдарда ичүүчү суу жок болот.
Суу өчүрүлө турган аймак
Калаа мэриясы "Баш-Кара-Суу" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери жүргүзүлөрүн маалымдады. Чектөө саат 09:00дөн 24:00гө чейин киргизилет.
Суу өчүрүлө турган аймактар:
Сарбан айылы, Жал айылы, Жогорку Орок айылы, Жогорку Орок конушу, Кашкабаш айылы, 105-контур, ЖЭБ-2 конушу, Достук айылы;
Ак-Ордо конушу (Ахунбаев көчөсүнүн түштүгү), Ак-Ордо конушу (Сокулук району, Ахунбаев көчөсүнөн жогору), Ак-Өргө конушу (Өмүр көчөсүнүн түштүгү),
Селекция айылы, Сары-Өзөн конушу, Плодовое айылы жана Калтар айылы.
Бишкекте 15-апрелден тарта эки чоң көчө жабылат