Абдрахматов: Ысык-Көлдүн суусу дагы тартылса, түндүк жээк сазга айланат

Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдүн деңгээли дагы 2-3 метрге төмөндөсө түндүк жээк саздак жерге айланарын айтып, Илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов коңгуроо кагууда.
Ысык-Көлдүн түбүнүн схемасы
Илимпоз көлдүн түбүнүн схемасын тартып, түндүк тарапта (сол жакта) Чолпон-Ата шаары, ал эми түштүк тарапта (оң жакта) Кажы-Сай жайгашканын белгилеген. Төмөнкү ийри сызык Көлдүн түбүн көрсөтүп, анын борбордук бөлүгүнүн тереңдиги болжол менен 689 метр экени айтылат.
"Жакынкы жылдары Көлдүн деңгээли дагы 2-3 метр төмөндөсө (схемада үзүк сызык менен белгиленген), түндүк жагында суу бир топ тартылат. Келечекте ал жер көлдүн бөлүгү болбой, саздак жерге айланат", — деди профессор.
Буга чейин XIX кылымдын ортосунан бери Ысык-Көлдөгү суунун көлөмү 85 миллиард куб метрге азайганы айтылган.
Илимдер академиясынын жетекчиси Ботаникалык бак боюнча сындарга жооп берди