Азия чемпионатында бүгүн кыргызстандык 5 балбан килемге чыгат

Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында бүгүн грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандан беш балбан килемге чыгат.
Мелдештин экинчи күнүндө улуттук курамдагы төмөнкү балбандар күч сынашат:
60 кг — Курманбек Жапаров;
67 кг — Раззак Бейшекеев;
72 кг — Амантур Исмаилов;
82 кг — Ырыскелди Максатбек уулу;
97 кг — Мелис Айтбеков.
Таймаштар саат 11:30да башталат.
Чемпионаттын биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандан үч балбан финалга чыккан. Алар жарым финалда атаандаштарын ишенимдүү жеңишкен.
Күрөштүн үч түрү (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү) боюнча Азия чемпионаты 6–12-апрель күндөрү Бишкекте өтүүдө.
Акжол Махмудов менен Сезим Жуманазарованын Ташкенттеги укмуштуудай жеңиши. Видео