БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Татарстан энергетика жаатында кызматташуу боюнча келишим түзүштү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.
Документтерге Казанда өткөн "Энергопром" форумунда эки өлкөнүн министрлери Таалайбек Ибраев менен Сергей Цивилев кол койгон.
РФ министринин айтымында, макулдашуу россиялык электр жабдууларын Кыргызстанга узак убакытка чейин жеткирүүгө негиз болуп берет. Мындан тышкары, документ жаңы технологияларды колдонуп, тажрыйба алмашып, биргелешкен өндүрүш түптөөгө жол ачары айтылды.
Ибраев өз кезегинде келишим өлкөнүн энегретикалык системасын жаңылоо үчүн маанилүү кадам болорун белгилеген.