БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкекте келин эки баласы менен 6-кабаттан кулап, эне менен бир жаштагы чүрпөсү каза болду. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн саат 17:10 чамасында Жал кичи районунда болгон.
“27 жаштагы келин ошол жерден эле мүрт кеткен. 1 жаштагы кызы ооруканада чарчап калган. Ал эми 4 жаштагы кызы учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат”, — деп айтылат кабарда.
Шаардык милиция каза болгон келиндин 34 жаштагы күйөөсү суицидге жеткирүүгө шектелип кармалганын билдирди. Тергөө уланууда.